«Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015» тегерек столу

June 21, 2015, 06:00

2015-жылдын 19-июнунда «Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015» жаңы сезонунун ачылышына арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева саламдашып сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал балдарды маданиятка аралаштыруунун зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн, ата-энелердин балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө билишин белгиледи.


Тегерек столдун катышуучулары «Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015 – өнүктүрүү борборлору» презентациясы менен таанышты. Быйылкы жылы жайлоодогу балдар бакчаларында моториканы өнүктүрүү, эстетикалык тарбиялоо боюнча мастер класстар, китеп окуу, сүрөт тартуу, оригами, шахмат, көз үчүн гимнастика боюнча мастер класстар, гигиена боюнча санитардык-агартуу иштери уюштурулат.


Улуу кинорежиссер, Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгынын урматына жайлоолордогу бардык балдар бакчаларында ачык асман астында анын «Бакайдын Жайыты» фильмин көрсөтүү уюштурула тургандыгын өзгөчө белгилеп кеткибиз келет. Бардык иш-чаралар КР Жазуучулар союзунун, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ЖОЖдордун, Көркөм сүрөт Академиясынын, балдар чыгармачылыгынын шаардык жана региондук борборлорунун, спорт уюмдарынын, агенттиктердин, чет өлкөлүк уюмдардын жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.


Ошондой эле бардык балдар бакчалары көркөм адабият, дидактикалык өнүктүрүүчү материалдар жана канцеляриялык товарлар менен жабдылат. Биринчи жолу И.Арабаев атындагы КМУ менен бирдикте жайлоодогу балдар бакчаларынын паспорту жана жайлоодогу балдар бакчаларында балдарды окутуунун эксперименттик программасы иштелип чыкты. Жайлоодогу балдар бакчаларында иштөө үчүн бардык тарбиячылар жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү окутуучу тренингден өттү.


Жайлоодогу балдар бакчалары чабандардын, малчылардын балдарын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатат жана бул демилге жыл өткөн сайын жергиликтүү калк арасында колдоого ээ болууда. Бул долбоорду турмушка ашырууда Кыргызстандын жайыт комитеттери жигердүү өнөктөр болуп саналат.


Маалымат иретинде: Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын саны 800 миң адамды түзөт. Алардын ичинен 18%ынын гана мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү бар, ал эми айыл жеринде бул көрсөткүч болгону 7-10%ды түзөт. Натыйжада, балдар мектепке даяр эмес болуп барат жана аларга окуу татаал болот.


Эгерде 2014-жылы бүткүл өлкө боюнча жайлоодогу балдар бакчаларынын саны 35 болсо, 2015-жылы бул сан 85 балдар бакчасына чейин өстү. Алардын ичинен Нарын облусунда – 23 балдар бакчасы, Ысык-Көл облусунда – 16, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 11, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустарында 8ден балдар бакчалары ачылып жатат.


Тегерек столго КР Президентинин Аппаратынын, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыт департаментинин, Төлөмүш Океев атындагы фонддун, Ага-Хандын жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышты.