«Жайлоодогу балдар бакчалары – өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында Кызыл-Белес жайлоосунда балдар бакчасы ачылды

June 24, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Жайлоодогу балдар бакчалары – өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында 2015-жылдын 22-июнунда Аламүдүн районунун эң кооз Кызыл-Белес жайлоосунда балдар бакчасы ачылды, анда 20дан ашык бала окумакчы.

 

Жайлоодогу балдар бакчасынын ачылыш аземине КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева, КР Вице-премьер-министри Д.А.Ниязалиева, Аламүдүн районунун акими С.С.Жумашев, Мамлекеттик кинофильм фондунун директору У.М. Айталиев, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Чүй облустук бөлүмүнүн начальниги Ч.Жамалбеков, КР Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыт департаментинин директору А.А.Эгембердиев, Т.Океев атындагы Фонддун директору А.Т. Океева, "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун директору С.М.Челпакова, БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Рам Сараванамутту, Кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, Конфуций Институтунун (Х.Карасаев атындагы БМУ) директору Ляо Дунмэй, ата-энелер жана балдар катышты.

 

Балдарды өнүктүрүү үчүн аларга Конфуций Институтунун мастерлери менен каллиграфия жана кагаздан фигураларды кесүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Тажрыйбалуу инструктор-авиамоделист, «Сейтек» борборунун башталгыч техникалык моделдөө жетекчиси Николай Колесниковдун жардамы менен балдарда самолетторду өз колу менен конструкциялоо жана учуруу мүмкүнчүлүгү болду. Белгилүү балдар жазуучусу Жылдыз Акаева балдарга китеп окуп берди жана чий куурчактарды жасоо боюнча мастер-класс өткөрдү. Аламүдүн районунун маданият бөлүмүнүн өкүлдөрү хореография жана комузда кол ойнотуп чертүү боюнча мастер-класстарды көрсөттү.

 

Бул күнү бардык меймандарга «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун «Танцы и песни» ансамблинен «Азия-Нур» жамаатынын бий номерлери жана «Байчечекей» элдик-үлгүлүү ансамблинин комузда кол ойнотуп чертүүсү көрсөтүлдү.

 

Бул жылдагы жайлоодогу балдар бакчаларын ачуунун өзгөчөлүгү – бийик тоолуу жайыттардагы бардык жайлоо балдар бакчаларында түнкү ачык асман астында Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильмин көрсөтүү. Бул акция улуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин унутулгус элесине арналат, быйыл 11-сентябрда ал 80 жашка толмок.

 

Ошондой эле жайлоодогу балдар бакчаларынын ачылышына чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин катышуусу жагымдуу жаңылык болуп калды. Алар болгону төртөө – Москвадан жана Шри Ланкадан келди, бирок бул алар үчүн тил жана маданият чөйрөсүнө аралашуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар пайдалуу тажрыйба алат – чоң кишилер жайлоодогу балдар бакчаларынын волонтерлору болуп калат, мигранттардын балдары жайлоодо дос күтүшөт, малчылардын балдары жөнөкөй баарлашуу аркылуу башка тилдерди үйрөнөт, өз тарабынан алыстан келген теңтуштарына чүкө ойногонду, жайлоодо малды кароону үйрөтө алат. Жайлоодогу балдар бакчалары – булар чыныгы өнүктүрүү борборлору, аларда балдар көптөгөн жаңы жана пайдалуу нерселерди үйрөнөт.

 

Балдар бакчасы ачылышынын урматына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Аламүдүн районунун администрациясы балдар бакчасына оюнчуктарды, канцеляриялык товарларды, өнүктүрүүчү, көркөм жана дидактикалык адабиятты берди.