«Жайлоо бала бакчасы-2015» Кара-Шоро жайлоо бакчаларынын расмий ачылышы

June 24, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2014-жылы аймактардагы жайыт комитеттеринин, билим берүү мекемелеринин, демөөрчүлөрдүн жана башка активдүү катышуучулардын колдоосу менен жалпысынан өлкөнүн жайлоолорунда 35 бала бакча ачкандыгын билдирет. Бул долбоордун натыйжасында 800 дөн ашык балдар үчүн мектепке чейинки билим алууга, жашоо көндүмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.


2015-жылы биздин Фонд жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өлкө аймактарында жайлоолордо 100 жайлоо бала бакча ачууну пландап жатат. Республикада 454 айыл округдарына караштуу жайлоолорго чыгышкан миңдеген балдар билимге, өнүгүүгө муктаж.


«Жайлоо бала бакчасы – 2015» долбоорунун алкагында балдарды ар тараптуу өнүктүрүү максатында педагогдор, окумуштуулар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, балдар чыгармачыл борборлору, театрлар жана башка чыгармачыл мекемелер менен иштөө жана Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» жана башка көркөм фильмдерди жайлоолордо көрсөтүү пландалууда.


25-июнда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Кара Шоро жайлоосунда Саламалик жана Акжар айыл округдарына караштуу жайлоо бала бакчаларынын расмий ачылылышы болот. Бул саамалыкка Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, КР экс-Президенти Роза Отунбаева, өкмөттүн Ош областындагы атайын ыйгарымдуу өкүлүнүн орунбасары Юсупов Байыш, Өзгөн райондук админстрациясы жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелери жана ата-энелер катышат.


24-июнда Кара-Шоро жайлоо бала бакчасында Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата «Бакайдын жайыты» көркөм фильми көрсөтүлөт. Ош шаардык «Келечек» балдар чыгармачыл борбору, ОШ МУ нун доценти Ажымамат Боромбаев балдар үчүн мастер класстарды өтөт.


КР Жазуучулар союзунун Ош областык филиалынын төрагасы Турабай Жороев, балдар жазуучусу Амангелди Мисиров балдарга жомок окуп беришет, ата-энелер менен жолугушат.


Кошумча маалымат үчүн төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыздар болот - Мамаева Б.М., тел. 0312 66 03 82; 0558 67 88 99