«Музыка – элдин жан дүйносү» концерти боюнча

June 22, 2015, 06:00

Уюштуруучу – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду


24-июнь 16.30 Ош шаары, Ош мамлекеттик университети


25-июнь 16.00 Өзгөн, Маданият үйү




Эл аралык коомдук фонд үстүбүздөгү жылдын 24-25-июнунда «Музыка – элдин жан дүйнөсү» музыкалык-билим берүүпрограммасынын алкагында Ош жана Өзгөн шаарларында концерт-презентацияны өткөрөт.


Соңку бир жарым жылдын ичинде Бишкек шаарында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын залында Түндүк Кавказдын элдеринин музыкасынын, корей, украин, казак, дунган, өзбек, уйгур, азербайжан, түрк, орус музыкалык маданиятынын концерт-презентациялары өттү. Музыка башкалардан башкача жүрөк эргитет, элдин жан дүйнөсүн көрүүгө мүмкүндүк берет, ар башка улуттагы адамдарды түшүнүшүүгө жана жакындаштырууга көмөктөшөт. Бул концерттер жаштардын, мектеп окуучуларынын, коомчулуктун бири-бири жөнүндө билүүсүн тереңдетти.


Биз бардыгыбыз катарлаш, бир көчөдө, бир үйдө жашайбыз, биргелешкен жамааттарда эмгектенебиз, бири-бирибизден үйрөнөбүз, бири-бирибиздин үрп-адаттарыбыздыжана каада-салттарыбызды урматтайбыз, өз коңшуларыбыздын, бирге иштешкендердин, мекендештердинмаданиятын жакшы түшүнүүгө аракет кылабыз. Биз – Кыргызстандын бирдиктүү элибиз, өлкө гүлдөп-өнүгүшү үчүн биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоого,бири-бирибизди өз ара урматтоого тийишпиз. Билүү, урматтоо, түшүнүү – ушуга карай ачкыч!


Биздин программа Оштун жана Өзгөндүн тургундарына Бишкек жана Ошшаарларынын мыкты музыкалык жамааттарынын, ырчыларынын, бийчилеринин, этнографиялык ансамблдерининаткаруусундаКыргызстандын этносторунун бийлерин, ырларын, музыкалык композицияларын сунуш кылат.


Келгиле, Кыргызстанкалкынын маданий байлыгына аралашкыла!


Кең-кесири маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg 0772 800 376, 0312 66 03 82