«Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015»

June 20, 2015, 06:00

2015-жылдын 19-июнунда «Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015» жаңы сезонунун ачылышына арналган тегерек стол болуп өттү. КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева тегерек столду ачты. Өз сөзүндө балдарды маданиятка аралаштыруунун зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн, ата-энелердин балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө билишин белгиледи.

 

Тегерек столдун катышуучулары «Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015» презентациясы менен таанышты. Быйылкы жылы жайлоодогу балдар бакчаларында моториканы өнүктүрүү, эстетикалык тарбиялоо боюнча мастер класстар, китеп окуу, сүрөт тартуу, оригами, шахмат, көз үчүн гимнастика боюнча мастер класстар, гигиена боюнча санитардык-агартуу иштери уюштурулат.

 

Улуу кинорежиссер, Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгынын урматына жайлоолордогу бардык балдар бакчаларында ачык асман астында «Бакайдын жайыты» фильмин көрсөтүү күтүлүүдө. Жайлоо бала бакчаларындагы иш-чараларды өткөрүүгө КР Жазуучулар союзу, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ЖОЖ дор, Көркөм сүрөт академиясы, шаардык жана региондук балдар чыгармачылык борборлору, «Сейтек» Республикалык балдар жана өспүрүмдөр борбору, “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү борбору, Конфуций институттары катышат.

 

Бардык жайлоо бала бакчалары көркөм адабияттар, дидактикалык өнүктүрүүчү материалдар жана канцеляриялык товарлар менен жабдылат. И.Арабаев атындагы КМУнин адистери менен бирдикте бала бакчалардын паспорту жана балдарды окутуунун эксперименталдык программасы иштелип чыкты. Бул борборлордо иштей турган тарбиячылар жана жайыт комитеттери тренингден өттү.

 

Жайлоо бала бакчалары тоо шартында жашаган балдарды өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатат жана бул демилге жыл өткөн сайын жергиликтүү калк арасында колдоого ээ болууда. Бул долбоорду турмушка ашырууда Кыргызстандын жайыт комитеттери жигердүү өнөктөштөр болуп саналат.

 

Маалымат иретинде: Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын саны 800 миңге жакын. Алардын ичинен 18%ынын гана мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү бар, ал эми айыл жеринде бул көрсөткүч болгону 7-10%ды түзөт. Натыйжада, балдар мектепке даяр эмес болуп барат жана аларга окуу татаал болот.

 

Эгерде 2014-жылы бүткүл өлкө боюнча жайлоодогу балдар бакчаларынын саны 35 болсо, 2015-жылы бул сан 85 балдар бакчасына чейин өстү. Алардын ичинен Нарын облусунда – 23 балдар бакчасы, Ысык-Көл облусунда – 16, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 11, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустарында 8ден балдар бакчалары ачылып жатат.

 

Тегерек столго КР Президентинин Аппаратынын, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыт департаментинин, Төлөмүш Океев атындагы фонддун, Ага-Хандын жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышты.