«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Балдарды коргоонун эл аралык Күнүн өткөрүү жөнүндө фотоотчет

June 3, 2015, 06:00

2015-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоо күнүнө карата «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында акцияларды өткөрдү.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – бул үй-бүлөлүк китеп окуунун мыкты салттарын кубаттаган жана өнүктүргөн долбоор. Үй-бүлөлүк китеп окуу аркылуу чоң эне менен неберелер, балдар менен ата-энелер жакындайт. Китеп окуу аркылуу биз мыкты адабият менен таанышабыз.