Догдуркүл Кендирбаева: «Альтернативдүү бала бакчаларды ачуу зарыл»

May 30, 2016, 06:00

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева билдирди.


“Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө бала бакчалардын саны жетишсиз деп айтып келебиз. Билим берүү министрлигинин берген статистикасына таяна турган болсок, учурда 1500гө чукул балдар бакчасы бар. Бирок, бул көрсөткүч өтө эле аз. Анткени, болжолдуу түрдө алып карай турган болсок бир бала бакчага 1500дин тегерегинде бала барат. Мындан улам өлкөбүздөгү балдардын 6 же 8 пайызы гана мектепке чейинки билим алып жатат дегенден кабар берет. Демек, калган 3-4 пайызы билимге муктаж”,-деди Д.Кендирбаева.


“Азыркы тапта болжол менен 7 жашка чейинки 850 миң бала бар. Бул балдардын мектепке чейинки билим алуусу үчүн альтернативдүү көп түрдүү бала бакчаларды уюштурууну демилгелөө керек. Жамааттык бала бакчалар болобу, эки үч сааттык бала бакчалар же энелер мектеби болобу дегеле кандай гана формасы болбосун бардык түрүн карап чыгуу зарыл. Анткени балдарды өнүгүүдөн жашы өтүп кете электе кармап калуу керек”,-деп кошумчалады ал.


Эскерте кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында өлкөбүздө бала бакчалардын саны жетишсиз экендиги тууралуу маалыматтар көп айтылып келет.

“Кабар-Пресс” Мамлекеттик маалымат кызматы