Роза Отунбаева: Коомдук кеңештер ийине жеткире иштебей жатат

December 4, 2015, 06:00

Коомдук кеңештер мамлекеттик кызматтардын ишине тоскоолдук кылбастан, кесипкөйлүгүн көрсөтүүгө тийиш. Бул жөнүндө бүгүн, 4-декабрда, коомдук кеңештердин ар жылдагы конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди.

 

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө коомдук кеңештер ийине жеткире иштебей жатат.

 

«Биздин жолугушуубуз өтө маанилүү. Биз революциядан кийин коомдук кеңешти түзүп жатканда, мамлекеттик кызматтардын ишине катышууну каалагандардын агымы зор болгон, зор энтузиазм болгон, бирок азыр коомдук кеңештер ийине жеткире иштебей жатат. Мен өкмөткө кайрылам: кеңештер теңдеш иштеши, алар силерге кеңеш берип турушу, ал эми силер өсө беришиңер керек. Министрликтер кеңештерге кесиптештер катары мамиле кылууга тийиш», – деп айтты Отунбаева.