Журналист, диктор Кыял Шаршеева балдарга китеп окуп берет

May 7, 2024, 14:55

«Жылдыздар китеп окуйт» акциясынын кезектеги коногу - журналист, теле алып баруучу, Филология илимдеринин кандидаты Кыял Шаршеева №79 орто мектебинин окуучулары үчүн китеп окуп бермекчи.


"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду негизделгенден бери бул акциянын алкагында жүздөгөн белгилүү инсандар менен биргеликте китеп окуу маданиятын кийинки муунга жана ата-энелерге жайылтуу аракеттерин көрүп келди.


Акциянын максаты: Балада китеп окуу адатын жана аны сүйүүнү калыптандыруунун алмаштырылгыс элементи катары балдарга китеп окуп берүү зарылчылыгына коомдун көңүлүн буруу.