23-сентябрь Мамлекеттик тил майрамы

September 23, 2022, 09:28

Жыл сайын 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү майрамдалып келет.


Кыргыз тили маданиятыбыздын улуу баалуулугу, бизди түпкү тегибиз менен, тарыхыбыз менен байланыштырган көпүрө. Эчендеген кылымдар бою Кыргызстандын маданиятын, кайталангыс жана бай өзгөчөлүктөрү болгон улуу мурасты муундан муунга эне тилибиз жеткирип келди.


«Эне тилди унутуу – мекенди унутуу дегендик. Аны билип эле тим болбостон, коргоп, өнүктүрүш керек”, - деген Чыңгыз Айтматов.


Бардык кыргызстандыктар өз өлкөсүн ар дайым жан-дили менен сүйүп, тили менен сыймыктанып, маданиятын даңазалап жүрүшүн каалайбыз. Кыргыз тили ар дайым баарлашуунун гана эмес, өнүгүүнүн да күчтүү жана кубаттуу куралы бойдон кала берсин.