Фонддун 10 жылдыгына арналат: 2016-жыл

September 11, 2022, 22:45

Сабаттуулук темасы анын ар түрдүү аспекттеринде Фонддун көптөгөн долбоорлорунун максаты болуп калууда. Кыз-келиндердин компьютердик сабаттуулугу, алардын илимге жана техникага катышуусу, экологиялык тарбиялоо жана агартуу, ар кандай коммуникациялык аянтчаларды түзүү, билимдерди жана тажрыйбаны алмашуу, бүткүл өлкө боюнча маалымат алмашуу – 2016-жылы Фонддун алдында турган артыкчылыктар ушулар болду.

 

Фонд балдар үчүн, ошондой эле кеңири коомчулук үчүн көркөм өнөрдүн, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн деңгээлин колдоого көп көңүл бурат.

 

Кыргызстанда 2016-жылы жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагында «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда борбор шаардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Кыргыз элдик оюндарынын фестивалы» конкурсу өттү. Конкурс төмөнкүдөй номинициялар боюнча өткөрүлдү: кыймылдуу оюндар; интеллектуалдык оюндар; манжаларды ойнотуу (моториканы өнүктүрүүгө).


Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кыргыз элдик оюндарынын фестивалын уюштуруучулар болуп калды.


Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо, элдик оюндарды жандандыруу аркылуу балдарды кыргыз элинин маданиятына аралаштыруу болду.


Бул жылы «Гений» радиоберүүсүн – Фонддун жана Коомдук телерадиокорпорациянын биргелешкен долбоорун эфирге чыгаруу улантылды. Радиоберүү «Ар бир бала гений боло алат» деген девиз астында жума сайын эфирге чыгып турду

 

2016-жылдын январында бардык жаш шаардыктар жана алардын ата-энелери үчүн кытай колдонмо көркөм өнөрү боюнча «Кытай жөнүндө көбүрөөк бил!» деген кызыктуу мастер-класстар өттү. Бул күндөрү балдар өтө жука кагаздан кооз оюуну кесүүгө үйрөндү, кытай каллиграфиясынын өнөрү, кытай живописинин негиздери менен таанышты, кытай опералык маскаларынын тарыхын жана алардын маанисин билди, өзү үчүн маска тарта алды, байыркы Тайцзицюань күрөш өнөрүнүн жана У-шу гимнастикасынын айрым кыймылдарын өздөштүрдү, ошондой эле көз үчүн кытай массажынын жана гимнастикасынын сабагы өттү.

 

Декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, ал эми апрелде Жалал-Абад, Кара-Суу, Ош жана Баткен шаарларында «Тунгуч» театрынын кытай жомокторунун мотивдери боюнча «Лотос кыз» жаңы музыкалык спектаклинин бет ачары болду. Бул – кытай жомокторунун мотивдери боюнча кыргыз сахнасындагы биринчи спектакль. «Лотос кыз» спектаклин Бишкек шаарында жана түштүк региондордун шаарларында көрсөтүү Кытай Эл Республикасынын КРдагы Элчилигинин жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен уюштурулду.