Билим ярмаркасы

April 21, 2016, 06:00

Билим берүү фестивалынын күндөрүндө «Билим ярмаркасы» иштейт, ал билим берүүчү уюмдарды издөөдө жардам берет. Быйылкы жылы ага 30дан ашык мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы жана жогорку билим берүүчү мекемелер катышат. Силерде өзүңөрдү кызыктырган билим берүү уюмунун өкүлү менен тикелей сүйлөшүү, ага суроолорду берүү жана жоопторду алуу, байланышуу маалыматтарын алмашуу жагынан мыкты мүмкүнчүлүк болот. Бардыгы оңой жана жөнөкөй!


Билим ярмаркасы силердин көңүлүңөргө төмөнкүдөй УНИВЕРСИТЕТТЕРДИ сунуш кылат:


• И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

• «Манас» Кыргыз-Түрк университети

• Бишкек Финансы-экономикалык академиясы

• Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институту

• Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту

• Борбордук Азия Университети

• Борбордук Азиядагы Эл аралык университет

• Академик Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы

• Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети

• Кыргыз-Россиялык Славян университети. Эл аралык мамилелер факультети, «Дүйнөлүк Экономика» кафедрасы