«Жаштык» СМДЧРБ- IV Билим берүү фестивалынын катышуучусу

April 21, 2016, 06:00

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Жаштык” спорттук-массалык жана ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбор Өкмөттүн 1993-жылдын 10-мартындагы №100 чечими менен түзүлгөн.

«Жаштык» спорт комплекси республикада билим берүү системасынын жападан жалгыз типтүү спорттук курулушу болуп саналат. «Жаштык» СМДЧРБнын базасында спортун түрлөрү боюнча төмөнкүдөй 5 бөлүм иштейт:

- спорттук акробатика

- көркөм гимнастика

- грек-рим күрөшү

- сууда сүзүү

- футбол

Төртүнчү Билим берүү фестивалында «Спорт» классында «Жаштык» СМДЧРБ көркөм гимнастика жана акробатика боюнча көрсөтмөлүү машыгууларды көрсөтөт.

Байланышуу: Бишкек шаары, Малдыбаев көчөсү 1, тел:(0312) 54-56-50