23-апрелде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өтөт

April 20, 2016, 06:00

Төртүнчү Билим берүү фестивалынын алкагында 23-апрелде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өтөт.

 

Азыркы балдар китепти аз окуйт, бул инсандын калыптанышына жана анын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүнө терс таасир этет. Акция балдарда китеп окуу адаттарын жана аны сүйүүнү калыптандыруунун алмашылгыс адаты катары балдарга үн чыгарып китеп окуп берүү зарылчылыгына коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырылган.

 

Акциянын алкагында белгилүү инсандар – актерлор, тележурналисттер, саясатчылар, сүрөтчүлөр, ири компаниялардын жетекчилери – балдарга үн чыгарып китеп окуп берет.

 

Акция Рабаят куурчак театры менен бирдикте өтөт. Китеп окуу учурунда жомоктордун каармандарына жан кирет жана бул жомоктон үзүндүлөрдү удаалаш эле көрсөтөт, Эмен сейил багынын Галереясынын залынын мээримдүү, ишенимдүү кырдаалы жомоктун жана сыйкырдуулуктун кучагына батууга жакшы көмөктөшөт.

 

Акция төмөнкү эки аянтчада өтөт:

1. Эмен сейил багынын Галереясы

2. «Раритет» китеп дүкөнү

 

Бул жолу меймандар балдарга келет:

11.30 - Бурул Асакеева – балдар жазуучусу (Эмен сейил багынын Галереясы)

12.30 - Жанар Акаев –КР ЖК депутаты («Раритет» китеп дүкөнү)

13.30 - Кайрат Примбердиев – ырчы (ЭСБ Галереясы)

14.00 - Асылбек Өзүбеков –театр жана кино актеру («Раритет» китеп дүкөнү)

15.00 - Гүлнур Сатылганова – КР эл артисти (ЭСБ Галереясы)

16.00 - Юлия Руцкая – КР ырчысы (ЭСБ Галереясы)