«Кел, сатып ал - балдардын чыгармачылыгын өнүктүр!» кайрымдуулук ярмаркасы

April 20, 2016, 06:00

IV Билим берүү фестивалынын алкагында «Кел, сатып ал – балдардын чыгармачылыгын өнүктүр!» кайрымдуулук ярмаркасы өтөт. Кайрымдуулук ярмаркасынын катышуучуларынан атайын (көмөкчү) мектептердин, жатак мектептердин, балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялоо борборлорунун тарбиялануучуларынын колу менен жасалган кайталангыс буюмдарды сатып алуу менен, силер асыл ишке өз салымыңарды кошосуңар.





Биздин катышуучуларыбыз жана алардын иштери менен таанышкыла:  


Жетим балдар, ата-энесинин багуусу жок калган балдар үчүн Т.Молдо атындагы №71 жалпы билим берүүчү орто жатак мектеи (ЖБОЖМ)


Азыркы учурда Т.Молдо атындагы №71 ЖБОЖМде 600гө жакын окуучу жана 130 жетим балдар жана ата-энесинин багуусу жок калган балдар окуйт. Т.Молдо атындагы №71 ЖБОЖМдин өзгөчөлүгү жалпы орто билим жөнүндө аттестатты алуу менен катар бүтүрүүчүлөр орто кесиптик билим жөнүндө дипломду (котормочу, жыгач уста, чач тарач, тигүүчү) жана B, C категорияларындагы айдоочунун күбөлүгүн алгандыгы болуп саналат. Ишке орношууну же өзүнүн окуусун ЖОЖдордо улантууну каалаган бүтүрүүчүлөргө Т.Молдо атындагы №71 ЖБОЖМ ар тараптан жардам жана колдоо көрсөтөт. 


№ 22 атайын (көмөкчү) мектеп.


№ 22 А(К)М 1928-жылы негизделген. Азыркы учурда бул жерде 158ге жакын бала окуйт. Балдардын курагы 6 жаштан 18 жашка чейин. № 22 А(К)Мде (химиядан, физикадан жана англис тилинен башка) бардык мектеп сабактары өтүлөт. Биринчи класстан тартып бардыгы окуу сабагын – эмгекти өтөт. Ал эми төртүнчү класстан тартып – кесиптик эмгек (тигүү, жыгач усталык, слесардык жана картонаждык иш). Бул мектептин тарбиялануучулары ракушкадан, кийизден, таштан, жыгачтан, кафелден, металлдан, топурактан жана камырдан буюмдарды жасай алат, спартакиадаларга, футбол боюнча республикалык турнирлерге, параолимпиадалык оюндарга жигердүү катышат, ал жерде байгелүү орундарды ээлешет.


№ 34 атайын (көмөкчү) мектеп.


2014-жылы Кыргызстанда № 34 атайын (көмөкчү) мектептин базасында биринчи жолу 1-класстын программасы боюнча аутизмдин оор жана орточо формасы бар жана сүйлөөсү өтө кечиккен балдар үчүн класс ачылган. «Бишкек шаарынын №34 атайын (көмөкчү) мектебинин базасында аутизми бар балдар үчүн пилоттук ABA классты түзүү» деген ушул долбоорду Аутист балдардын ата-энелеринин «Рука в Руке» коомдук бирикмеси турмушка ашырып жатат.


Азыр №34 А(К)Мде 175ке жакын бала окуйт. Балдардын курагы 7 жаштан 18 жашка чейин. Мектептин окуу программасы жана кесиптик даярдоосу башка атайын (көмөкчү) мектептердикиндей эле. 


№34 А(К)Мдин тарбиялануучуларынын колу менен жасалган ылайыктуу жана жарашыктуу сумкаларды силер Ярмаркадан сатып ала аласыңар.


«Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялоо борбору.


1989-жылы түзүлгөн. Өз ара жардам топторунун тармагынан турган коомдук уюм, ал ак жүрөк адамдардын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен иштейт. 


Бүгүнкү күндө «Үмүт-Надежда» борборунун тармагы булар: 

• «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялоо борбору» КБ

• Мектепке чейинки топ (3төн 7 жашка чейинки балдар барат)

• 4 мектеп тобу (7ден 15 жашка чейинки балдар барат)

• Кол өнөрчүлүк классы (15тен 18 жашка чейинки балдар барат)

• Януш Корчак атындагы борбор (терапевттик өнөрканалар) өспүрүмдөр жана 18 жаштан өйдө чоң кишилер жана улуулар

• 2 күнү-түнү иштеген топ («Слава» - 14 жашка чейинки балдар, «Андрей» - 15 жантан тартып жана андан улуу балдар)

• Инклюзивдик балдар топторунун өз алдынча тармагы, алардын ар бирине дени сак балдардан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген 1-2 бала барат.


Топтордо иппотерапия, сенсомоторика, логопедия, массаж, арттерапия, базалдык стимулдаштыруу жана башкалар боюнча сабактар өтүлөт. Бардык педагогдор «Үмүт-Надежда» Борборунун алдындагы семинарга дайыма барып турат.


«Үмүт-Надежда» БРБнын тарбиялануучуларынын колдору менен жасалган жана силер Ярмаркадан сатып ала турган оюнчуктар, билериктер, шапкелер, туткалар, сумкалар, чехолдор жана башка буюмдар.


Военно-Антоновка балдар үйү.


Балдар үйү 1946-жылы уюштурулган жана 105 балага эсептелген. Алгачкы тарбиялануучулар согуш жылдарынан кийинки жетим балдар болгон. Азыркы учурда 7ден 17 жашка чейинки 100гө жакын бала тарбияланып жатат.


Балдар үйүнүн негизги максаты – жетим балдарды жана ата-эненин багуусу жок калган балдарды социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо.


Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү Эл аралык башкаруу, укук, фининсы жана бизнес Академиясында, Борбордук Азиядагы Америкалык Университетте, Кыргызстандын Эл аралык университетинде жана башкаларда окуйт.


Четте калбагыла, бизге кошулгула!