«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Let’s do it! World» акциясын колдойт

April 18, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Let’s doit! World» акциясын колдойт жана саат 14-00дө Билим берүү фестивалына катышуучуларды күтөт.

 

«Let’s do it! World» – эл аралык кыймыл, ал 2008-жылы Эстонияда пайда болгон, анда 50 000 киши бир күндө чыгышкан жана болгону беш сааттын ичинде өлкөнү мыйзамсыз таштандыларды тазалашкан. Ошондон бери карай бул модель 112 өлкөдө таралган жана 14,5 миллион кишини бириктирип турат. Кыймылдын максаты 2018-жылга карата Тазалыктын Дүйнөлүк күнүнө 150 өлкөнү жана планетанын калкынын 5%ын, 380 миллион кишини баш коштуруу.

 

Кыргызстан ушул жылы биринчи жолу бул иш чарага кошулууда жана таштандыларды тазалоодон сырткары жарандарды таштандыны (no waste) мүмкүн болушунча аз пайдалануу жана таштандыларды кайра иштетилүүчү жана кайра иштетилбөөчү калдыктарга сорттоо принциптерине окутуп үйрөтүү боюнча иш чаралар өткөрүлөт.

 

Иш чаранын негизги идеясы иш чарага катышкандан кийин, шаардыктарда шаардын тышкы келбети үчүн жоопкерчилик сезимин ойготуу, таштандыларды сортой билүү көндүмүн калыптандыруу үчүн акцияга мүмкүн болушунча көп кишини катыштырууга көмөктөшүү болуп саналат.

 

Биздин максат:

1. Ишембиликке 50 миң киши катышат;

2. Таштандыларды сортоогө үйрөнүшөт;

3. Таштандыларды туура эмес жерлерге ыргытууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышат, балдарды, досторун жана кесиптештерин ушуга үйрөтүшөт;

4. Иш чарага катышуучу баардык өнөктөш уюмдарда экобокстар орнотулат.

 

Биз шаардын өнүгүшүнүн кыйла мыкты модели шаардыктардын, мунципалитеттердин, өнүгүү институттарынын жана бизнестин ортосундагы өнөктөштүк болуп саналарына терең ишенебиз. Биз, баарыбыз бирге гана баарыбыз үчүн жашоо жагымдуу жана ыңгайлуу болгон шаарды жаратабыз.