Бешинчи «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) акциясы

March 24, 2016, 06:00

2016-жылдын 26-мартында (ишемби) саат 10:00дөн 12:00гө чейин 5- "ТазаБИШ" (Таза Бишкек) акциясы болот, ал Гареев атындагы Ботаникалык бакчада өтөт: Гүл өстүрүү лабораториясы жана Бак-бадал өсүмдүктөр лабораториясы. Акция "Prego" ресторандар тармагынын кызматкерлери менен бирдикте өтөт.

 

Бул акциянын максаты коомчулуктун көңүлүн Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнө буруу, шаардыктар арасында сырттан карап байкап туруучунун эмес, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позицияларын калыптандыруу болуп саналат.

 

Өз жергебизге көңүлкош болбогондордун бардыгы бул акцияга катышып жана Бишкек шаарынын тазалыгына ӨЗ салымын кошо алат!

 

 Сөздөн – ишке!

 

26-мартында (ишемби) саат 10:00дө Ботаникалык бакчанын дарбазасынын жанынан жолугушабыз, дареги: Горький көчөсү, 212 а.

 

PS: Жакшы маанай жана иштөө ниети болууга тийиш:)

 

"ТазаБИШ" «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өтүп жатат.