«Жашыл Бишкек: мектептин жанындагы аймакты көрктөндүрүү» акциясынын улантылышы

March 10, 2016, 06:00

“Жашыл Бишкек: мектептин жанындагы аймакты көрктөндүрүү” экологиялык акциясынын алкактарында алгачкы жолу 2016-жылдын көчөттөрүн жазында отургузуу башталат. Бишкек шаарынын 4 районунун 40 мектебине көчөттөр отургузулат.


Көчөттөр 12-мартта (ишембиде) биринчи жолу, экинчи жолу – 15 мартта (шейшемби) күнү отургузулат.


Көчөт отургузууга 11-класстын окуучулары жана кенче класстын окуучулары катышат.


Жогорку класстын окуучулары тарабынан көчөт отургузуу идеясы жыл бою бак-дарактарга камкордук көрө тургандыгы жана окуу жылынын аягында ал көчөттөрдү кенже класстардын окуучуларынын камкордугу жана коргоосу алдында өткөрүлүп бериле тургандыгы менен өзгөчөлүү, анткени бул иш-аракеттер балдардын айлана-чөйрөгө жана өздөрү туулуп өскөн шаарлардын тазалыгы үчүн жоопкерчилик жана ага тиешелүү сезимдерин тарбиялоо болуп саналат.


Мектептин жанындагы аймактарды эксперт-экологдор менен бирдикте кароо учурунда туура отургузуу үчүн көчөт тандоо иштери негиз болгондугун белгилей кетүү керек.


Көчөттөр отургузулгандан кийин 2016-жыл бою эксперттер тигилген көчөттөрдүн кандай өсүп жаткандыгы боюнча мониторинг иштерин жүзөгө ашырышат.


“Жашыл Бишкек: мектептин жанындагы аймакты көрктөндүрүү” экологиялык акциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигин колдоосу алдында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу” эко-долбоорунун алкактарында уюштурулган.


“Жашыл Бишкек: мектептин жанындагы аймакты көрктөндүрүү” экологиялык акциясынын алкактарында 2015-жылы Бишкек шаарынын 25 мектебинин аймактарына 8700дөн ашуун көчөт отургузулгандыгын эске салабыз.