«Инклюзвдик билим берүү – келечекке карай жол» долбоору боюнча пресс-конференция өтөт

February 25, 2016, 06:00

1-мартта «Инклюзивдик билим берүү – келечекке карай жол» долбоорунун алкагында пресс-конференция өтөт. Өткөрүү орду – «Вечерний Бишкек» газетасынын редакциясы (Үсөнбаев көчөсү, 2). Өткөрүү убактысы: 11.00-12.00.

 

Пресс-конференциянын максаты – мектепке чейинки даярдоонун "Наристе" мамлекеттик программасынын компоненти жөнүндө маалыматты таратуу.

 

Катышуучулар: Кендирбаева Д.Ш. – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору, Камалова А.Э.- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси, Мамбетова С.- КР БжИМдин инклюзивдик билим берүү боюнча адиси, Орусбаева Т.А.- педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент, Арабаев атындагы КМУнун «Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиялары» кафедрасынын башчысы, Тезекбаев Н.К. - Москва районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кадыралиева Дамира - Москва районунун Биринчи Май мектебинин директору, Саурова Мавлюда - Москва районунун Мирошниченко атындагы орто мектебинин директору.

 

Катышуучулар мектепке чейинки даярдоонун "Наристе" мамлекеттик программасынын алкагында райондун мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү боюнча Москва районунун пилоттук мектептеринин тажрыйбасы, мугалимдерди окутуу жана мугалимдер үчүн окуу куралдарын таратуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жана педагогикалык ЖОЖдордун иши жөнүндө айтып берет.

 

Уюштуруучу: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ.

 

Маалымат үчүн телефон: 66 03 68, 0772 800 376.