«Мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» долбоору БУУнун БАПнын пилоттук мектептеринде китеп окууларды уюштурууда

February 23, 2016, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен бирдикте көрүнүктүү кыргыз актрисасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын аткаруусунда кыргыз эл жомокторун окууга кенже класстардын окуучуларын чакырат.


“Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу” долбоорунун алкагында балдар үчүн кызыктуу китептер окулат.


Эгерде китеп менен достошкуңуз келсе, Сиз кандай ой жүгүртүүлөргө жана чыгармачыл жетишкендиктерге жөндөмдүү болсоңуз окулган жомоктордон улам жетишүүгө мүмкүндүгүңүз барбы?

 

Сизди Каракол шаарындагы Некрасов атындагы орто мектепте  25-февраль күнү 14.00дө күтөбүз.

 

26-февралда Ысык-Көл областынын Кызыл-Суу айлындагы Ленин атындагы орто мектепте күтөбүз.