“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду билим берүү маселелери, балдардын эрте өнүгүүсүндөгү инновациялык методдору боюнча “Билим берүү академиясы” циклиндеги ачык лекцияларды баштайт

October 3, 2012, 06:00

БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ 


Вальдорфдук педагогика 


темасында алгачкы ачык лекция 


Лекторлор: д-р Вольфганг Ауэр, Виттен ш, Германия, педагог-искусствовед, балдарды окутуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар басылмалардын автору. 


Ольга Старостина, Москва ш, Россия, семинардын доценти, Вальдорфдук педагогика боюнча эксперт. 


2012-жылдын 12- октябрында саат 10:00 – 13:00 “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети менен биргеликте “Билим берүү академиясы” балдарды эрте өнүктүрүү жана окутуу маселелери боюнча инновациялык ыкмалар жана практикалар боюнча ачык лекциялардын циклин баштайт. 


Вальдорфдук педагогика – бул балдарга социалдык теги жана өнүгүүсүнө карабастан бирдей мүмкүчүлүктөрдү түзүү боюнча методика. Вальдорфдук педагогиканын башкы максаты – этика жана моралдык баалуулуктардын (ыраазычылык, сезгичтик, боорукердик) машыгуусун өнүктүрүү аркылуу гармониялуу инсанды түптөө эсептелет. Фантазия жана чыгармачылык, социалдык машыгуулар (сүйлөшө билүү, диалог түзүү). Өзгөчө көңүл балдарда жакшы эмоцияларды жаратуу жана рухий өнүктүрүүгө бөлүнөт. 


Лекцияга баардык каалоочулар катыша алат- ата-энелер, серепчи жана мектепке чейинки билим берүү тармагынын студенттери, мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелердин педагогдору. 


Лекция И.Арабаев атындагы КМУ конференц-залында өтөт. 


дареги: Раззакова көч. 51 а (Киев көчөсү менен кесилишинде) 


Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 901 956, 0772 800 376 же e-mail: office@roza.kg , asel.djakypbekova@yahoo.com