Кытай жоокердик өнөрү

April 18, 2015, 06:00

25-апрелде «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун сахнасында Билим берүү фестивалынын катышуучулары «Этуаль – жылдыздардын уулу» спектаклинин алкагында ушу байыркы кытай өнөрү менен тааныша алат. Жаңы спектаклге 4 жаштан 60 жашка чейинки 130 актер, ушуну жаңыдан баштап жаткандар, ошондой эле салттуу ушу боюнча көп жолку сыйлыктардын ээлери жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү, салттуу ушу боюнча дүйнөнүн чемпиондору катышат. Жаңы спектаклдин башкы режиссеру болуп КР салттуу ушу Федерациясынын президенти, Дүйнөлүк салттуу ушу ассоциациясынын президенти, салттуу ушу боюнча дүйнөнүн чемпиону Лопаткин Евгений саналат.


Кирүү эркин. Орундардын саны чектелүү.