Суу Музейи эшигин ачат!

April 16, 2015, 06:00



Суу Музейи эшигин ачат!



Датасы жана убактысы: 2015-жылдын 22-апрели. 9.30 – 13.00

Өткөрүү орду: К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Гидрологиялык факультети, Бишкек шаары,

Суу Музейи (Медеров көчөсү 68 A, Тыныстанов көчөсү менен кесилиште).

 

2015-жылдын 22-апрелинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында Суу Музейинин салтанаттуу ачылыш аземи болот, ага окшош нерсе Кыргызстанда да, Борбордук Азияда да жок. 


Музейдин жайлары Скрябин атындагы КУАУнун Агротехникалык колледжинин өзүнчө канатын ээлейт жана балдар үчүн, ошондой эле чоң кишилер үчүн кызыктуу болгон уникалдуу экспонаттар, жабдуулар жана интерактивдүү стенддер жайгаштырылган. Ал Бишкектин көрүнүктүү маданий жана туристтик объекттеринин бири болуп калат деп күтүлүүдө. 


2012-жылдан тартып ОБСЕнин Бишкектеги Борбору жана Глобалдык Экологиялык Фонддун Чакан гранттар программасы/Кыргызстандагы ПРООН Бишкекте К.И. Скрябин атындагы КУАУнун – өлкө үчүн келечектеги фермерлерди, инженер-гидротехниктерди, гидроэнергетиктерди жана башкаларды даярдаган өлкөнүн ири окуу жайларынын биринин базасында Суу Музейин түзүүнү колдоду. 


«АКМЕНА» коомдук бирикмеси 2011-жылы музейди түзүүнүн демилгечиси болуп чыкты. Бул уюмдун жетекчилиги астында 4 жылдын ичинде инженердик жана декоратордук иштер жүргүзүлдү. 


Мурда бүткүл Борбордук Азияга белгилүү болгон КУАУнун «нымдуу» корпусу 4 жыл мурда эле суусу жана жылуулугу жок жабык турган. Эми болсо бул жерде чоң суу айлампасында ойноого, химиялык шоуга катышууга, суунун кайталангыс касиеттери жөнүндө билүүгө, суу биздин үйлөргө кантип жана кайдан келип жатканын түшүнүүгө, туура сугаруунун ыкмаларына үйрөнүүгө, суунун микро дүйнөсүн микроскоп менен көрүүгө, суу-саз канаттууларынын жана көптөгөн башкалардын добуштарын угууга болот. Музейдин жайларынын бир бөлүгү жер астындагы үңкүрлөргө окшотуп жасалгаланган, алар боюнча саякат жасоого болот. 


Корпусту калыбына келтирүүгө жана музейди түзүүгө КР Суу чарба жана мелиорация департаменти, «Грундфос» компаниясы, КР КЧКТМА, «ИЛИМ» илимий-өндүрүштүк бирикмеси салмактуу салым кошту. «Кумтөр» компаниясы мөңгүлөргө жана сууну жүгүртүп пайдалануу системаларына арналган стенд экспозициларын жасалгалоого колдоо көрсөттү. 


Азыркы учурда музейде жасалгалоо боюнча иштер аяктап калды. Музейди кеңири коомчулук үчүн 2015-жылдын июнунан тартып ачуу пландаштырылып жатат. 


Суу ресурстарын коргоо Кыргызстан үчүн гана эмес, ошондой эле бүткүл Борбордук Азия үчүн стратегиялык милдеттердин бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө сууну пайдалануунун натыйжалуу жана туруктуу ыкмалары, суу экосистемаларын коргоо жөнүндө маалымдар болуу бардыгы жана ар бир адам үчүн маанилүү! 

 

Биз ачылыш аземинде силерди көрүүгө куштарбыз!