«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча Бишкекке EBI Институтунун директору Оргил Лувсантсерен мырза келди

April 11, 2015, 06:00

9-апрелден 14-апрелге чейин, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча Бишкекке Монголиядан EBI Институтунун директору, дипломат, Монголиянын Швейцариядагы мурдагы Элчиси Оргил Лувсантсерен мырза келди.

 

Кыргызстан менен Монголиянын мурдатан берки жана азыркы учурдагы көп жалпы иштери бар. Эки өлкөдө парламенттик демократия өнүгүп жатат. ХХ кылымдан кийин Монголия бир катар реформаларды жүргүзө алды, алар кен жана алтын казып алуу өнөр жайын, туризмди, жогорку билимди өнүктүрүү жагынан байкаларлык оң өзгөрүүлөргө алып келди. Азыр ондогон ири кендер иштетилип жатат, алардын ичинен эң чоң комбинат «Ою Толгой» (жез, алтын). Туристтик тармактын кирешелери 282 000 000 долларды түздү.

 

Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун маалыматтары боюнча, Монголияда өсүш темптери соңку жылдары жылына 17%га жетип жатат.

 

13-апрелде Тегерек столдо Оргил мырза Монголиядагы экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берет, суроолорго жооп берет.