Бишкекте китеп окуп берүүчүлөрдүн «Маданият аркылуу тынчтык» биринчи Республикалык конкурсу өтөт

June 11, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

Сизге өзүнүн урматтоосун билдирип жана Сизди


2014-жылдын 14-июнунда саат 11:00дө

 

«Маданият аркылуу тынчтык»

китеп окуп берүүчүлөрдүн биринчи Республикалык конкурсунун Гала-концертине чакырат,

ал Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт.


Конкурс 2013-жылдын ноябрында старт алган, ага республикабыздын бардык облустарынын өкүлдөрү катышты.


Конкурс «Алые Паруса» коомдук фонду, кызыл тил өнөрүнүн «Школа Сократа» студиясы жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу аркасында китепти көркөм окууну жайылтуу жана адабиятка, поэзияга жана театрга балдардын кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлөт.


Китеп окуп берүүчүлөрдүн биринчи Республикалык конкурсунун Гала-концертине 25 финалист катышат, алар кыргыз жана орус тилдериндеги конкурстук чыгармаларды окуйт. Сиздерди ошондой эле өлкөнүн балдар музыкалык жамааттары кубанычка бөлөйт.