pages.foundation.children[2].title

Кутмырза Жакыбалиев
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Жаш акындардын атынан Ыраазылык кат Урматтуу Роза Исаковна! Биринчи кезекте Сизди алдыда келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктагым келет. Бул ыраазылык каты менин жеке демилгем эмес, бул ошондой эле көптөгөн поэзия сүйүүчүлөрдүн каалоосу. Анткени Сиз тарабынан демилгеленген «Поэзия кечеси» биздин көптөгөн мекендештербизди кайдыгер калтырган жок. А турмак, мурун поэзия эмне экенин түшүнбөгөн, кеченин таасири менен гана поэзияга кызыга баштагандардын көпчүлүгү менен мен өзүм баарлаштым! Алар поэзия кечесинен кийин өз турмуштарында кандайдыр бир буга чейин болбогон өзгөрүүлөр болгонун кубануу менен моюндарына алышат. Эгерде бүгүнкү күндө эч болбосо бир угуучунун жүрөгүнө жетүү чоң жетишкендик болорун эске алсак, анда Сиз өткөргөн иш-чаранын натыйжалары баа жеткис экени талашсыз. Биз жубайым экөөбүз тең ошол кечеде өз ырларыбызды окуп, иш чара ободон көрсөтүлгөндөн кийин телефон аркылуу көптөгөн куттуктоолорду алдык, биздин китебибизди сурашты. Буга чейин, мындай форматтагы кечелер көп эле өткөрүлгөн, бирок мындай пикирлер, мындай көңүл буруулар болгон эмес. Эми мен терең ишенем, эгерде биздин көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер поэзияга өзгөчө көңүл бурушса, а түгүл мындай иш чараларды уюштурууга өздөрү жигердүү катышса, анда поэзияга болгон кызыгууну шексиз арттырат. Өткөн кечеде өз чыгармаларын окууга мүмкүнчүлүк берилген жаш акындардын жана жеке өзүмдүн атыман Сизге болгон терең урматтоомду билдирем жана жаш таланттарды колдогонуңуз, сөз баркатаган кыргыз элине шыктануу тартуулаганыңыз үчүн ыраазылык сөздөрүмдү айтамын.

«ВИЧ менен Жашаган Адамдардын Биримдиги Улуттук Ассоциациясынан КР экс-президентти И.Отунбаеванын дарегине ыраазылык кат.

Урматтуу Роза Исаковна! Ушул кат менен, биздин коомдоштук үчүн Сиздин кошкон салымыңыз үчүн Сизге чын дилден чыккан зор ыраазылыгыбыздыбилдирмекчибиз. ВИЧ менен жашаган Адамдардын Коомдоштугу, Сизге биз үчүн жасаган омоктуу иштериңиз үчүн эбегейсиз зор ыраазычылык билдиребиз. СИЗге алп, ары ысык жүрөктүү айкөл адамга жан дилибизден чыккан адамдык ЫРАХМАТЫБЫЗДЫ айтабыз. Сиздин бар экениңизгедагы бир ирээт эбегейсиз чоң ЫРАХМАТ! Урматтоо менен, ОЮЛ Улуттук Тарамынын Кыргызстандын ЛЖВ АссоциациясынынБиримдиги командасы

С. М. Челпакова
«Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун директору

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн Биринчи билим берүү фестивалы көптөгөн уюштуруучулардын, катышуучулардын, аткаруучулардын эле эмес, эң башкысы фестивалдын меймандары – балдардын жана алардын ата-энелеринин көңүлүндө эч бир өспөс элес, жагымдуу таасир калтырды. Мурда шаарда фестивалдар өткөрүлгөн эмес деп айтууга болбойт, буга чейин деле Балдарды коргоо күнү, түшүм, билим, акыркы коңгуроо майрамдары, пионердикпараддар, балдар китептеринин жумалыктары, билим берүү жана башка мекемелердин жана ишканалардын ачык эшик күндөрү жана башка көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп келген. Бирок өзүнүн ойлонулушу жана аткарылышы боюнча мындай чоң иш чара биринчи жолу болуп отурат. Ага министрлер, депутаттар, телеберүү, билим берүү мекемелеринин, театрлардын, ЖОЖдордун жетекчилери, көрүнүктүү окумуштуулар, эл жана эмгек сиңирген артисттер, катышканы, демөөрчүлөр катары эл аралык уюмдар, ар түрдүү багыттагы мекемелер жана уюмдар чыгышканы өзгөчө маанилүү. Канчалык көп сандаган аткаруучулар жана катышуучулар тартылганын билүү үчүн каталогго көз чаптыруу жетиштүү. 20 жылдан ашуун мезгилден бери мындай маанилүү, анын үстүнө ири масштабдуу иш чаранын өткөрүлбөгөнү өзгөчө таасир калтырды. Ойлонулгандынбаарысы эң так аткарылды. Шаардын борбору бул күндөрү бүтүндөй балдарга, алардын ата-энелерине жана чыгармачыл жамааттарга берилди. Бардык жерлерде подиумдар курулуп, чыгып сүйлөөлөр үчүн секилер, оюн аянттары уюштурулду. Биринчи күнкү катуу аптап да, экинчи күнкү жамгыр да эч бир тоскоол боло алган жок. Биз, анча чоң эмес иш чаралардын аткаруучулары, жагымдуу оң натыйжага жетишүү үчүн канчалык күч, энергия, убакыт сарпталарын абдан жакшы билебиз. Борбордун окуучуларына, окутуучуларына жана кызматкерлерине бул фестиваль абдан жакты. Ал көңүл ачуучу, ажайып кызыктуу эле өтпөстөн, көптү билдирди, таанытты. Министрлердин, билим берүү жана маданият мекемелеринин, ЖОЖдордун ж.б. жетекчилеринин катышуулары менен өткөрүлгөн мастер-класстар, тегерек столдор, театрлардын балдар менен иш алып барууларын жакшыртуу боюнча иштеп чыгылган чаралар, кырдаал жакшы жагына өзгөрүлөрүнөн үмүт жаратат.Жаштар үчүн музейлердин түнкүсүн иштегени кызыктуу, жаңы кубулуш болуп калды. Көрсөтмө агитация жана басма продукциялары өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Билим берүү фестивалынын катышуучуларынын жана билим берүү мекемелеринин Катологун түзүү жана басып чыгаруу боюнча чоң иштер жүргүзүлгөн. Анын жардамы менен ата-энелер жана алардын балдары мектепке чейинки жаштан тартып бүтүрүүчү болгонго чейинки билим берүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн билүүдө оңой эле багыт ала алышат. Католог уюштуруучуларга, аткаруучуларга жана пайдалануучулардын кеңри чөйрөсүнө арналган деп ойлойбуз. Анын кайсы сайткажайгаштырылганын айтуу менен, каталогду ата-энелер жана балдар үчүн, ал тургай фестивалда болбогондор үчүн дагы кыйла жеткиликтүү кылууга болот. «Сейтек» борборунун педагогикалык жамааты келечегинде ушучулардын, таэкводочулардын, клоундардын көрсөтмөлүү өнөрлөрүн Балдарды коргоо күнү жана башка иш чаралардын алдында жасап келетканыбыздай эле, биздин имараттын алдындагы аянтта көрсөтүүнү зарыл деп эсептейбиз, бул залга көптөгөн көрүүчүлөрдү тартууга мүмкүнчүлүк берет. Фестивалды жыл сайын, Анын уюштуруучуларынын жана аткаруучуларынын жардамы менен балдардын бош убактыларын сапаттуу уюштуруу маселелери чечиле баштайт. Бардык театрларда балдар репертуарлары пайда болот. Кошумча билим берүүнүн мектептен тышкаркы мекемелерине, ар түрдүү секцияларга жана студияларга, мектеп театрларына жана ийримдерине жаңы окуучулар келе башташат. Аларда жаңы билим алууга болгон кызыгуу артат, акыр аягында башкы максат – бош убактыларында пайдалуу иш менен алектенген Кыргызстандын билимдүү, ар тараптан өнүккөн жарандарын тарбиялоого жетишилет, ал эми азыркы муундун ордуна билимдүү, татаал маселелерди чечүүгө жөндөмдүү жаштар келет.

Роскызматташтыктын КР өкүлчүлүгү биринчи Билим берүү фестивалы жөнүндө

Роскызматташтыктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, Бишкек шаарындагы Россиянын билим жана маданият борбору 18 майда шаардын мэриясы жана Роза Отунбаеванын фонду тарабынан өткөрүлгөн билим берүү фестивалына катышышты. Республиканын «Турар», «Кутаалам», «Учкун», «Энциклопедия борбору», «Бийиктик», «Либерри», «Байчечекей», «Литературный Кыргызстан» сыяктуу алдыңкы басмалары катышкан «Китеп текчеси» китеп көргөзмө-ярмаркасы фестивалдын жаркын иш чараларынын бири болуп калды. Анда эң мыкты – «Раритет», «Книжный мир», «Одиссей», «Меломан» өңдүү китеп дүкөндөрү катышты. Республиканын Светлана Луговая, Лейла жана Наргиза Карасартовалар сыяктуу жазуучулары жана акындары өздөрүнүн ырларын окушту, окурмандар жана өз таланттарыназдектегендер менен баарлашышты. Ярмарканын жаш катышуучулары өздөрүнүн эсинде калган жана жакшы көргөн ырларын окушту. №33 мектептин жаш манасчыларынын өнөрлөрү өзгөчө зор кызыгууну жаратты. «Сократтын мектеби» чечендик өнөр жана риторика студиясы адаттагыдай эле өздөрүнүн чебер аткаруулары менен баарын суктандырышты. РИМБ китеп көргөзмө-ярмаркасына катышуусунун башкы максаты борбор шаардын тургундарын жана меймандарын Россиялык илим жана маданият борборунун абдан бай китепкана фонду менен тааныштыруу жана көңүлүн буруу болуп калды. Көргөзмөдө орус тилинин сөздүктөрү, Россиянын тарыхы боюнча ар кыл китептер, маданият боюнча энциклопедиялык басылмалар, Россиянын живописи, балдар үчүн таанып билүүчү энциклопедиялар, орус жана совет адабиятынын классиктеринин китептери, илимий адабияттар кеңири көрсөтүлдү. Россия борборунун жана китепканасынын иши жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

Абдрахманов Р.А.
«Эклектика» ББ директору

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган, билим берүү фестивалынын алкагында 18-19-майда Бишкек шаарында өткөн Көргөзмө-ярмарка абдан зор, борбор шаардын тургундары жана меймандары үчүн өзгөчө маанилүү окуя болуп калды. Биздин «Эклектика» ББ 7 жылдан бери иштеп келе жатат. Бирок мындай – билим берүү сыяктуу – маанилүү чөйрөгө арналган масштабдуу иш-чара – биздин тажырыйбада биринчи жолу болду. Биринчиден, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунан фестивалга катышуу үчүн чакыруу алуу жагымдуу болду, анткени, бул биз үчүн өзгөчө сыймык жана өзүбүздүн борбор үчүн кардарларды тартуудан жакшы жарнама эле. Экинчиден, иш-чаранын жакшынакай уюштурулушу абдан кубандырды – жемиштүү иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүптүр. Үчүнчүдөн, билим берүү фестивалы биз үчүн өзүбүз жөнүндө билдирүү мүмкүнчүлүгү эле эмес, ошондой эле биз өз тажырыйбабыздапайдалангыдай көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу учурларды көрүү мүмкүнүчүлүгү да болчу. Бишкек үчүн мындай иш чараларды өткөрүү жакшы салтка айланып калуусункаалар элек. «Эклектика» ББ «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунабилим берүү чөйрөсү өсүп келе жаткан муундун жашоо турмушунда эң маанилүү экенин түшүнгөнү үчүн терең ыраазылык билдирет жана ырахмат айтабыз, анткени өлкөбүздүн келечеги – мына ошол балдар, алар жакшы тарбия эле эмес, ошондой эле татыктуу билим алуулары керек, анткени ал келечекте төрт тарабы шайкеш өнүккөн жана илим-билимдүү инттеллигент инсандардын, өз ата Мекенинин чыныгы патриотторунөстөрүүгө өбөлгө болот.

Жыпара Исраилова

Балдар үчүн мастер-класстарды өткөрүшкөнү үчүн терең ыраазылык билдиргим келет. Бул балдардын тартиптүүлүгүн, чыгармачыл кыячабыттарын, кызыгууларын, ачык-айрым маанайларын өнүктүрөт. Баарыңыздарга: фонддун өкүлдөрүнө, уюштуруучуларга, лекторлорго ырахмат. Менин кызыма бул абдан жагат.Ал ар бир жолу музейдеги жолугушууларды чыдамсыздык менен күтөт.Ушул мастер-класстар чоң кишилерге да жардам берет: өз балдарыбыз менен баарлашуу таптакыр башка маанайда өтөт. Бул сабактар – искусствого, көркөм санатка аралашуу менин өзүмө да абдан жагат.

Нурзат Абдырасулова

Эң сонун! РОД ЭКФ балдар менен жүргүзүп жаткан иштерине абдан суктанам. Сиздерге ийгилик каалайм!!!

Алтынай Койчуманова

Роза Отунбаевнага ушунчалык тез жооп кылып, биздин иш чарага келишкени (2014-жылдын 2-апрелинде болуп өткөн аутист-балдар жөнүндө көрмөфильмдердин ачык көрсөтүүсүнө) жана жылуу сөздөрү менен колдоо көрсөтүшкөнү үчүн терең ыраазылык билдиребиз! Сизге ачыктыгыңыз жана боорукерлигиңиз үчүн чоң ырахмат!

Марьям Байрамовна
пенсионерка

Мен «Музыка – элдин дили» концерттеринин баарына барам. Роза Исаковнага ушундай концерттерди өткөрүү идеясы жана алардын акысыз бекер өткөрүлгүндүгү үчүн эбегейсиз чоң ыраазылыгымды билдирем. Фонддун кызматкерлерине ырахмат. Концерттер мага жана менин курбуларыма абдан жагат жана алар жаштарга эле эмес, мына биздей улгайган адамдар үчүн дагы абдан керек, анткени алар абдан көп жагымдуу сезимдерди тартуулайт жана өткөн мезгилдер менен элдердин достугун эске салат.

Айгерим Абдыжапарова жана Айбек Рудбеков

Урматтуу Роза Исаковна! Биздин «Таза шаар!» экологиялык акциябызгакатышканыңыз жана колдоого алганыңыз үчүн Сизге чоң ыраазылык билдиребиз! Мындан ары да тыгыз кызматташ болорубузга терең ишенебиз! Урматтоо менен, Айгерим Абдыжапароважана Айбек Рудбеков.

Тамара Абдуллаева

Фестивалдын уюштуруучуларына жана катышуучуларына ырахмат! Бизге абдан жакты, күндү аябай көңүлдүү жана жемиштүү өткөрдүк!

Дмитрий Травин
ЮНЕСКОнун илим секторунун мурунку кызматкери, Париж, Франция

Бишкек шаарында апрель айынын аягында болуп өткөн Экинчи билим берүү фестивалы жөнүндө кабарларды абдан зор кызыгуу менен окуп чыктым.Аны өткөрүүнүн бийик деңгээлине, фестивал мезгилинде көтөрүлгөн көйгөйлөрдүнакуталдуулугуна жана маанилүүлүгүнө, ошондой эле алардын жаңычыл инновациялык мазмунуна таң калып, суктандым. Фестивалдын алкагында уюштурулган бардык иш чаралар өзүнүн ар тараптан кылдатойлонулуштурулгандыгы, тереңдиги менен айырмаланды жана алар заманбап IT-технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу менен жогорку табиттүүжазалгаланган, жол-жоболоштурулган экен. Кыргызстан дагы бир ирээт, өзүнүн КМШ кирген өлкөлөрдүн арасында апыртуусуз татыктуу орунду ээлеген эбегейсиз зор билим берүү дараметин көрсөттү. Албетте, мунун баарынын артында шаблондордон, казналуулуктан, провинциалдуулуктан качып, фестивалды Бишкектин эле жашоочулары үчүн эмес, иш жүзүндө бүтүндөй Борбордук Азия региону үчүн абдан кызыктуу жана маанилүү окуяга айландырууга жетишкен анын уюштуруучуларынын эбегейсиз чоң эмгеги турат. Фестивалдын абдан мыкты уюштурулушунда анын координатору Клара Исак кызынын мыкты уюштуруучулук жөндөмүн жана талантын, республиканын жашоо-турмушундагы бул маанилүү окуянын ийгиликтүү өткөрүлүшүн камсыз кылышкан «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондундагыанын жетекчилигиндеги жаш демилгечилердин салымын өзгөчө белгилегим келет.

Калыбек Белеков

Роза Отунбаевна, сиз чыныгы патриотсуз!!! Сизге жана фонддун кызматкерлерине бардык жакшылыктарды каалайм!!! Мектеп окуучулары жана КР бардык жарандары Сизди жакшы көрүшөт жана терең урматташат!!!