Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

19.06.2016

Отунбаева: Качкындарга кайрымдуу бололу

Р.И.Отунбаева,

Кыргызстандын Экс-Президенти, “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү


Бүгүн бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү. Качкындар бир чоң өлкөнүн бүтүндөй калкына тең келген дүйнөдөгү эң ири “диаспора” болуп саналат (60 миллион адам,анын ичинен 20 миллиону качкындар, калгандары өлкө ичинде айласыз ары-бери жер которгондор). Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында баш калкалоо издеген качкындарга жана аргасыз ары-бери жер которгондорго арналган биринчи конференция Россия Федерациясынын өкмөтүнүн демилгеси менен БУУнун качкындар иштери боюнча Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ал Женевада 1996-жылы май айында болуп өткөн, мен бул эстен кеткис конференцияда тең төрага болгомун. СССРдин кыйрашынан кийин пайда болгон конфликттердин жана согуштардын кесепетинен, жаңы эгемен мамлекеттерди түзүү маалында келип чыккан жаңжалдардан, ошондой эле КМШдагы бир канча мамлекеттердин ичинде пайда болгон жарандык согуштун айынан 9 миллион мурдагы советтик адамдар куугунтукка кабылып, туруктуу жашаган жеринен аргасыз жер которууга мажбур болушкан.


Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары, ошондой эле мындан туптуура 20 жыл мурда 1996-жылдын 8-октябрында 1951 –жылы кабыл алынган Качкындардын статусу жөнүндөгү Конвенцияга жана 1967-жылы кабыл алынган Протоколго кол койгон мамлекет катары 20 жылдан бери өз өлкөсүн калтырып, коопсуз жашоо издеген качкындарды кабыл алып келет. Булар 1992-95-жылдары Тажикстанда жүз берген жарандык согуштун кесепетинен 90-жылдардын орто ченинде бизге өтүп келген 20 миңге жакын тажиктер жана кыргыздар болуп саналат.


1997-жылы Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссар Садако Огата айымдын Кыргызстанга келгени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Биз экөөбүз ошол маалда өлкө кырсыкка кабылган адамдардын массалык келишин биринчи жолу баштан кечирген жер болгон Баткен районуна түз эле учуп келгенбиз. Жаш өлкө өзүнүн калыптанып жаткан алгачкы жылдары зор гуманитардык көйгөйгө дуушарланды. Бул көйгөйлөр БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгы жана эл аралык коомчулук тарабынан өз учурунда натыйжалуу жардам көрсөтүү менен чечилген. Качкындарга күнүмдүк жашоосу үчүн ар тараптан жардамдар берилген , ал тургай качкындардын балдары үчүн мектеп да ачылган, ага ыраазы болгон айылдыктар мектепке Садако Огатанын ысмын беришкен. Этникалык кыргыздар негизинен биздин өлкөдө жашап калышты, тажиктер болсо 1997-жылы согуш токтоп, өз ара жарашуу орногондон кийин Мекенине кайтышты. Тажикстандагы бейпилдикти орнотууда биздин өкмөттүн да аз эмес салымы болгонун белгилеп кетем. Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары олуттуу милдетти аткара алды. Бирок ал өзү азыр чоң коркунучтардын илеби согуп турган өлкөлөрдун курчоосунда калды. Мен бул жерде биринчи кезекте Афганистанды айтам. БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча 2001-жылы дүйнөдө афгандык качкындар саны 3.8 миллионго жеткен. 2000-жылдардын ортосунда ал жакта НАТОнун күчтөрү турган маалда качкындар саны азайган. Бирок коопсуздук кырдаалы дагы курчуй баштаганда качкындар саны дагы өскөн жана 2005-жылы 2.6 миллионго жеткен. Афгандыктардын көпчүлугү кошуна Пакистан жана Иранга качышкан. Евробиримдиктин статистикасы боюнча 2015-жылы 178миң афгандыктар Европадан башпаанек сурап кайрылганы катталган.


Өткөн жылдын сентябрь айында, качкындардын дүйнөлүк кризиси жогорку чекке жетип турган маалда Евробиримдик Эритреядан, Ирактан жана Сириядан гана качкындарды кабыл алаарын жарыя кылган. Бул жылдын башында болсо Британ өкмөтү афгандык качкын статусун сурангандардын ичинен макулдук ала албагандарын өлкөдөн чыгарып жиберээрин билдирген.


2002-жылдан тартып үмүт оту кайра жана баштаганда 5.8 миллион афгандыктар БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын репатриация программасынын калкасы менен ыктыярдуу түрдө үйүнө, Мекенине кайтышкан. Бирок 2015-жыл 2009-жылдан берки өлкө үчүн эң кайгылуу жыл болду: БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын биринчи кварталындагы афгандыктардын үйгө кайтышы коопсуздук кырдаалынын начарлоосуна байланыштуу“тарыхый минимумга” жеткенин ырастады. Биз кошуна өлкөдөн акыркы жылдары бейпайга салган жаңылыктарды тез-тез угуп калдык: Кундузду талибдер ээлеп алды, анан бошотулду. ИГИЛчилер Жалалабадда адамдардын башын алды. Бул болсо Кабулдан болгону эки сааттык аралыктагы жерде болуп жатат. Хельманд, Урузган провинцияларында согуштар жүрүп, адамдардын жашоосу ал жактарда кооптуу бойдон калууда. Ошондуктан, Афганистанда өмүрүнө коркунуч туулгандыгынын айынан адамдар дагы эле өлкөну таштап кетүүнү улантышууда.


Биздин өлкөдө 10 жылдан ашуун мезгил жашаса бериле турган тиешелүү уруксат-документтерди алган качкындардын 100го жакын үй-бүлөсу бар. Алардын көбу афгандыктар. БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгы алардын келишин легалдаштыруу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн аракетин жасап келет. Алар биздин бюджетке оорчулугун тийгизбейт, аларга эл аралык коомчулук жардамын беришет. Булар өз үйүн, тапкан-жыйнаганын таштап, кара башын коргоп калуу айласында өз Мекенинен кетүүдөн башка чарасы калбаган кадимки эле адамдар. 1916-жылы жүз миндеген кыргыздар да падышалык бийликтин таш боор куугунтуктоолорунан башын корголоп Кытайга качып качкындарга айланышкан. 2010-жылы Ош окуялары учурунда өмүрү коркунучка кабылган биздин адамдар Өзбекстандын аймагына массалык жер которууну баштан кечиришти. Бирок, көп өтпөй алар баары аман-эсен үйүнө кайтып келишти. Адамзат тарыхы тастыктагандай, көптөгөн өлкөлөрдун мисалында качкындар жана жер которгондор аларга башпаанек берген өлкөлөрдө көбүнчө эч кимге зыяны жок жарандар, мыкты адистер болуп чыгышат. Чоочун өлкөдө, чоочун жагдайда, тил билбей, ар кандай кызматтардын кысымына кабылып, ыңгайсыздыктарга тушуккан качкындарга оңой болбойт.


Мен өткөн жылы Качкындар күнүнө карата салтанаттуу иш чарада 15 жаштагы Элхам аттуу кызды жолуктурдум. Аны мага баскетбол боюнча улуттук команданын мүчөсү деп тааныштырышты. Кыздын үй-бүлөсу согуштан коргонуп Кыргызстанга 9 жыл мурда келиптир. Алар биздин өлкөдө убактылуу жашап,анан башка өлкөгө жер которушмак экен. Кыз мага Кыргызстанды өзүнүн Мекени деп сезээрин, бул жерде балалыгы өткөнүн, курбулары бар экенин, өзүн ушул жерден тапканын, өз күчүнө ишенээрин, келечекте юрист болоорун айтып берди. Ушул күндөрү анын үй-бүлөсү АКШга көчүп кеткенин уктум.


Ситора Саид Хаким үй-бүлөсу менен чогуу Кыргызстанга 1996-жылы келген. Кыргыз тилинде мыкты сүйлөйт, тилди билгени үчүн ар кандай кароолордо сыйлыктарды алган, кыргыз ырларын ырдайт, Юрий Бобковдун “Ырдайлы кыргыз ырларын” конкурсунда ырдап жүрөт.


Хила Абдул Малик Афганистандан 1998 –жылы согуш учурунда кеткен. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Славян Университетине кирип окуп жатат. Азыр эле качкындар менен көп иштейт, аларга жардам берет, ден соолуктарына байлынышкан маселелерде консультация берет, биздин өлкөдө калып иштеп, врач болгусу келет.


Хуссейн Кыргызстанга 1991-жылы келген. Келээри менен пилоттук мектепте окуган. Ал болгону төрөлгөнүнө 40 эле күн болгон кызын да алып келген. Бул жерде дагы эки балалуу болгон. Капыстан эле артына Афганистанган кайра кеткен, кийин кайра Кыргызстанга үй-булөсү , балдары менен кайтып дагы келген. Анын тун кызы медициналык билими бар, ал медицинада адистешүүнү улантып жатат. Кыздарынын бири күйөөгө чыгып, Афганистанга кайткан. Орус жана англис тилдеринен сабак берген кыздарынын дагы бири рак менен ооруп, дарыланып,азыр жакшы болуп калды. Эң кенже кызы журналистика боюнча билим алып, БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгына партнер бейөкмөт уюмунда иштейт. Үч уулу ата-энесине дыйканчылыкта жардам беришет. Үй-бүлө БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын жардамы менен жер, үй сатып алышкан. Бардыгы жапатырмак айыл чарбачылыгы менен алектенишет. Иштери жакшы, өздөрүнүн бизнесин өнүктүрсөк, башка адамдарга да кошумча иш орундарын түзсөк деген тилектери бар.


Бүгүн –качкындар күнү. Биздин коомдо айласыз тагдыр сыноосуна кабылган качкындар да бар экенин эстейли, алардын муктаждыктарына көңүл буралы, аларга кайрымдуу бололу.

Акыркы жаңылыктар

18.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...
04.03.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести        1-март - "Гений" радиоберүүсү Качан: 1-мартта саат 13:30 - 14:00дө Кайда: Биринчи Радио Темасы "Баланы музыкалык жактан өнүктүрүү". Спикер - Виктория Юртаева, музыкант, "Prima" коомдук фондунун президенти, "Tengri Music" фестивалын негиздөөчү Тили: орус Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)     6-март - «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын ...
04.03.2019

КР экс-Президенти Роза Отунбаева балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 1-март күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева балдарга китеп окуп берди. Р.Отунбаева окуп берген Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы, С Жусуевдин ырлары, “Балерина” жана “Кыргызстанды кыдырабыз” китептери балдарда чоң кызыгууну жаратты. Ар бир китеп тегерегинде алар менен баарлашуу болду. С.Жусуевдин “Шаар тартиби” ырынын бүгүнкү күндөгү маанисине чогуу ...
01.03.2019

Бишкекте журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү

2019-жылдын 28-февралында борбордогу отелдердин биринде журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү. Окутууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) колдоосу менен уюштурду. Тренингдин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу темасын чагылдырууда ЖМКнын ...
01.03.2019

Педагогдого жана кызыкдар ата-энелерге эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторий өткөрүлдү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Академия Роста» инновациялык өнүктүрүү борбору менен бирдикте 2019-жылдын 27-февралында брифинг-аянтчанын ишинин алкагында эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторийди өткөрдү.   Ага мектепке чейинки, башталгыч, мектептеги билим берүү системасынын кызматкерлери, ЖОЖдордун ...
28.02.2019

«КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өтөт

6-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда (1-211-ауд., башкы корпус) «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп  өтөт. Жолугушуунун максаты – тармактын ишин жакшыртуу маселелерин талкуулоо, анын ичинде төмөнкүдөй маселелер: • Тармактын ишин кантип активдештирүү керек? • Тармактын ишин кантип ар бир мүчө үчүн пайдалуу кылуу керек? • Тармактын кийинки жолугушуусунда кайсы маселелер талкууланат? Тармактын ишин ...
28.02.2019

«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору волонтерлорду издейт

Достор, биз «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору үчүн волонтерлорду топтоону жарыялайбыз   «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору – бул биздин улуу муундарыбызга: чоң ата жана чоң энелерге смартфондун функцияларын пайдаланууну үйрөнүүгө, социалдык тармактар аркылуу баарлашууга, ошондой эле телефон аркылуу электрондук почтаны пайдаланууга жардам.   Биз улуу муунубузга мобилдүү технологияларды өздөштүрүүгө жардам берүүнү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»