Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

30.05.2017

Экс-президент Р.Отунбаева жаратылыш кырсыктары жөнүндө: Жапа-тырмак жардам берели! (интервью)

Экс-президент Роза Отунбаева кыргызстандыктарды өлкөнүн түштүгүндөгү жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырды. Ал өзгөчө кырдаалдар жана калыбына келтирүү иштери жөнүндө АКИpress мамлекеттик агенттигине өз пикирин бөлүштү.

 

- Бир айга жакын мурда Өзгөн районунун Аю-Сай айылында каргашалуу окуя болуп өттү. Сиз жер көчкү болгон жерге бардыңыз, кайгынын масштабдарын көрдүңүз жана журналисттерди бул жөнүндө кең-кесири айтууга чакырдыңыз. Сиздин көз карашыңыз боюнча, журналисттер эмнеге көңүл бурбай калды?

 

- Ооба, мен өзгөндүктөрдү ушундай татаал мезгилде колдоо үчүн Өзгөнгө барып келдим. Жер басып калган жети үйдө бир үй-бүлөнүн экиден алтыга чейинки мүчөлөрү каза тапкан! Мындан өткөн кайгы болбойт. Адамдар өз туугандарын жоктоп муңга батууда. Жер көчкү үйүндө уктап жаткан адамдарды, алардын малын, тоокторун, алар өмүр бою иштеп тапкан мүлкүнүн баарын басып калган. Ушул көчкүдө 24 адам бир мүрзөдө калды. Ушул кайгылуу окуя – ушул жаздагы жааган калың кар, эриген кар жана жаандын суусу, жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү алып келген бардык кырсыктардын бир гана эпизоду. Статистика боюнча, көптөгөн жылдардын ичинде жер көчкүдөн баарынан көп жабыр тартуу Ош (47,7%) жана Жалал-Абад (32%) областтарында белгиленген. Өлкөнүн аймагындагы жер көчкүлөр бардык өзгөчө кырдаалдардын санынын ичинен 9%ды түзөт.

 

Ошол эле Өзгөн районунда Аю-Сайга коңшу Жалпак-Таш айылында көлөмү 7,5 млн куб болгон зор көчкүдөн келе турган кырсыкты четтете алды, алар 59 үй-бүлөнү өз учурунда көчүрүп, мектепти, ФАПты которуп, аларды бузуп, бардык зарыл курулуш материалдарын жаңы муктаждыктарга алып кетишкен.

 

ӨКМнын маалыматтары боюнча, бүткүл өлкө боюнча жер көчкү процесстерине 600 калктуу конуш дуушарланышы мүмкүн, потенциалдуу коркунучтуу зоналарда 10 миңге жакын турак үй жайгашкан. Журналисттер, ЖМКлар апааттын өлчөмүн баарына жеткириши үчүн мен аларга кайрылам – бүтүндөй регион кооптуу зонада турат. Социалдык мобилизациялоо керек, бул жалгыз ӨКМдин колунан келбейт, өкмөттүн, элдин жана коомдук уюмдардын биргелешкен күч-аракеттери зарыл.

 

- Жаңылыктардын дүйнөлүк маалыматтары боюнча ой жүгүртсөк, климаттын өзгөрүшү бардык өлкөлөргө зыян алып келүүдө. Кыргызстан – жаратылыш кырсыктары жагынан жана эл аралык өлчөмдөр боюнча жогорку тобокелдүү мамлекет. Сиздин оюңуз боюнча, жаратылыш көйгөйлөрүнө карата биздин кызматтардын аракети кандай?

 

- Мен ушул жылдын мартында Стамбул диалогдорунда, тобокелдиктерге жана аларга карата туруктуулукка арналган өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери боюнча ПРООНдун ар жылдагы конференциясында баяндама менен сөз сүйлөдүм. Биздин өлкө боюнча материалдарды жана цифраларды иликтеп, дүйнөдөгүлөр менен салыштырдым. Тыянак кубандырарлык эмес: жаратылыш кырсыктары, авариялар, апааттар өлкөлөрдүн, өзгөчө өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн экономикасына инвестициялардын натыйжасына терс таасир этип жатат, бул болсо алардын туруктуу өнүгүшүнө, кедейликти жоюуга сөзсүз түрдө тоскоолдук кылат. Соңку маалыматтар мындай: дүйнө жүзү боюнча каргашалуу окуялардан улам жоготуулар 2016-жылы 14,8 триллион АКШ долларына жеткен, бул дүйнөлүк ИДПнын 13,7%ын түзөт. Бул Бразилиянын, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Испаниянын жана Улуу Британиянын экономикаларынын бирге бириктирилген көлөмүнө эквиваленттүү! Эгерде Кыргызстанга келсек, бизде жыл ичинде орточо 200гө чейинки ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталат, алардан келтирилген тикелей зыян 30-35 миллион долларга чейин жетет. Материалдык жоготуулардын, экономикалык зыяндын жана муктаждыктардын масштабын эске алуу менен, калыбына келтирүү үчүн иш жүзүндө ондогон эсе көп каражаттар талап кылынат. 2011-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилдин ичинде эле өлкөдө өзгөчө кырдаалдардан келтирилген тикелей материалдык зыян 5 миллиард 834 миллион сом деп эсептелет.

 

Ушундай масштабдагы кырсыктарды жалгыз ӨКМ, ал кандай натыйжалуу болбосун, жое албайт. Алар күнү-түнү иштеп, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу системасы өркүндөтүлүп, жаңы ыкмалар, жаңы техника иштеп жатканы көрүнүп турат. Ведомствого иштин көзүн билген иштерман министр жетекчилик кылым жатканы маанилүү, бул биздин башкаруу аппаратыбызда сейрек кездешет.

 

Эгерде жалпы цифраларга таянсак, анда жылына кесепеттерди жоюу жана калыбына келтирүү иштери, жарым-жартылай же толук бузулган объекттерди, алар кандай аянычтуу абалда болбосун, реконструкциялоо үчүн, келтирилген материалдык зыян кандай деп бааланса, болжол менен ошончолук – 35 миллион АКШ долларына жакын каражат керек. Ал эми калыбына келтирүү коопсуз жерге көчүү менен байланышкан жана эми үйлөрдүн жаңы тобокелдиктерин эске алуу менен жакшыртылган үйлөрдү куруу керек, ал эми жаңы айылдарды куруу үчүн жаңы жерлерде өкмөт жолдорду курууга, жарык берүүгө, суу жеткирүүгө тийиш – ушулардын бардыгына эки-үч эсе көп каражат зарыл. Мисалга алсак, Нура-Алай жер титирөөсүнүн материалдык зыяны 10 миллион долларга жакынды түзгөн, ал эми кесепеттерди жоюуга жана калыбына келтирүү иштерине 40 миллион доллардан ашык каражат чыгымдалган.

 

Мен Аю-Сайдын адамдары менен байланышып турам, жаз узакка созулуп, суук, жаанчыл болду. Алардын айрымдары туугандарынын үйлөрүндө жашайт, окуу жылын аякташы үчүн балдарын Ош жана Өзгөн шаарларынын жатак мектептерине берген. Адамдар палаткаларда жашап, жер бөлүүнү күтүп жатышат, документтер азыр курулушка жерди трансформациялоо үчүн өкмөттө бекитүүдө турат. Процесс тездетүүнү талап кылат, адамдар өз үйлөрүн кышка чейин куруп жана кирип жашап калууга тийиш.

 

- Дачи СУнун мисалы баарынын көз алдында өткөн. Азыркы кырсыктардын курмандыктарына коомчулук тарабынан кандай жардам көрсөтүлүшү мүмкүн?

 

- Дачи СУга шилтеме жасоо менен берген сурооңузга ыракмат. Бул калкынын саны миллион болгон шаардын көз алдында болгонунан уламбы, шаардыктардын мамилеси тез жана активдүү болду. Жабыркагандарга эч ким көңүлкош калган жок, бардыгы колунан келген жардамын берди. Бирок өлкөнүн түштүгүндөгү бардык соңку өзгөчө кырдаалдар – Өзгөн районунун бир нече участокторундагы жер көчкүлөр, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Кулжа райондорундагы потенциалдуу жана учурдагы жер көчкүлөр; Баткен областында Хайдаркенде үйлөрдү, айыл чарба өсүмдүктөрүн каптап кеткен селдер; Чоң-Алайдагы жер титирөө, мында Тажикстандын Жерге-Тал району жөнүндө өзүнчө айткым келет, ал жерде этностук кыргыздар жашайт, алардын үйлөрү ошол эле жер титирөөдөн катуу бузулган жана адамдар үй-жайсыз калган – ушулардын бардыгы бизден, борбордон алыс болуп, алардын кайгы-муңу бул жерде анча сезилбей жатат, ал эми жардам, болгондо да кыйла жардам алардын бардыгына керек! Жер көчкүлөр алып келүүчү кырсыктан гана – ал эми кийинки 20 жылдан ашык мезгилдин ичинде алардан дээрлик 250 адам каза тапты – жер көчкүлөрдүн түздөн-түз жана жогору тобокелдигинин зонасынан улам бир миңден ашык үй-бүлөнү көчүрүү жагынан курч зарылчылык бар! Өзгөн районунун Аю-Сайга коңшу Ничке-Сай айылында чоң кырсыкка чейин бир ай мурда жер көчкү алты адамдан турган толук бир үй-бүлөнү басып калган, ушул күнгө чейин ал жакка карай жолду калыбына келтире албай жатышат, ал дайыма тосулуп калып жатат. Ошол эле жакта 13 үй бузулган, алардын баарын көчүрүү керек. Болор-болбос бюджети бар жалгыз ӨКМ, ага кошумча башка ведомстволор ушундай зор кырсыкты жоюшу кыйын экени айкын. Кырсыкка кабылган үй-бүлөлөргө, ал эми алардын көпчүлүгү калктын алда канча чабал катмарларына кирет, мамлекет үйүнүн бузулушунун даражасына жараша 50 миң сомдон 200 миң сомго чейинки өлчөмдөгү пайызы жок узак мөөнөттүү ссуданы берет. Өткөндөгү тажрыйбадан: бюджеттик каражаттардын тартыштыгынын айынан муктаж болгондордун жарымы гана ушул ссудаларды ала алган. Берилген акчага үй сала албайсың, өтө кымбат эмес үй болжол менен бир миллион сом турат!

 

Боорукер адамдар өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан жардамга шашылды: мамлекеттик кызматчылар өзүнүн айлык акысынын бир-эки күндүк каражатын төмөнкүдөй эки эсепти ачууга которуп жатышат: жер көчкү жана Чоң-Алайдагы жер титирөө. Кызыл Крест, айрым эл аралык уюмдар алгачкы гуманитардык жардамды көрсөттү. Аю-Сайда кырсык болгон жерде ЖКнын мурдагы депутаты жер астында калган жети үйдүн биринин курулушун акысын төлөп берүүгө убада кылды. Ошол эле райондон башка боорукер адам дагы бир үй-бүлөгө үйүн бүтүрүп берүүнү финансылоого убада берди. ТИКА, Түрк жардам агенттиги жабыркагандар үчүн 8 үйдү куруп бермей болду, Аскар Салымбеков 20 контейнер бөлүп берип жатат. Биз өзүбүздүн Фонддо дагы бир үйдүн курулушуна акча чогултуп жатабыз. Аю-Сайдан эле 100гө жакын үй-бүлө жаңы жерге көчүрүлөт. Мен ушул жаздагы катаал оорчулуктардан арылууда мекендештерибизге жардам берели деп бардыгына кайрылгым келет. Анткени ушундай учурларда жардам берүүгө кудуреттүү адамдар аз эмес. Бишкекте жана Ошто жердештиктер, шеринелер жана кала берсе ар бир райондон бир нечеден топтор бар, муктаж адамдарга силердин тилектештигиңер керек!

 

- Мындай жардам – бул дайыма эмоциялык жигер, ыктыярдуу эрктин аракети. Сиз өзүңүз айткандай, адамдар көз алдында болуп өткөн кырсыкка жана алыс жерде болгон кырсыктарга ар башкача мамиле кылат. Мында эмне кылуу керек?

 

- Соңку учурда улам айкын жана патриоттуу болуп бараткан жаштарыбыздын жүрүш-турушунун жаңы нугун байыр алдыруу, күчөтүү керек, булар: демилгелүүлүк, кайгыны тең бөлүшүү, коомдук иштерди чечүүгө тең катышуу. Биздин чет өлкөлөрдөгү диаспораларга кайрылгым келет, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын цифраларына жана масштабдарына көңүл бургула: өлкөдөгү өткөөл мезгилдин көйгөйлөрү тез-тез болуп жаткан жаратылыштык жана техногендик апааттардын кесепеттери менен күчөп жатат. 90-жылдардын башында Калифорниядагы Пало Алтодо Кыргызстандын чоң досу сенатор Крэнстондун 6 жаштагы кыз небересинин туулган күнү эске түшөт. Ал өзүнүн бардык меймандарына татыктуу белек деп эсептегендердин бардыгын эле алып келе бербегиле, бирок мүмкүнчүлүккө жараша 25 доллардык чекти бергиле (кызга оюнчуктар же торт ушунчалык эле акчага сатып алынган), ал болсо ошол акчаларды өзүмдүн апама берүү үчүн керек, ал ушул акчаларды Зомбулукка каршы аялдарга жардамдын эл аралык фондуна төгөт деп кайрылды. Бул, мен билгенден, кийинки жылдары да анын жүрүш-турушун багыты бойдон калды. Кичинекей кыздын жана анын ата-энесинин ушул иши ошол кезде мени таңдандырган, бул деген анын өз коомунун гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна салымы эмеспи. Мындай мүнөздү наристе чагынан тарбиялоо керек, бизге бул үч эсе керек!

 

Өзгөчө жана көйгөйлүү кырдаалдарда жардамды натыйжалуу уюштуруу өтө маанилүү. Шаардыктар, ошондой эле өлкөнүн бардык жарандары Дачи СУда жабыркагандарга шыктануу менен жардам берди, аларга жардамдын эсебине акча беришти, бирок ошол каражаттар кандай бөлүштүрүлгөнү, чогултулган 100 миллион сом кайда кеткени жагынан айкын, так жооп ала алган жок. Жардам каражаттарын чогултууну, жардамды бөлүштүрүүнү, натыйжаларын маалыматтык чагылдыруу – кризисти башкаруудагы иштин чабал жагы, ал тез арада жөнгө салууну талап кылат! Азыр да, жаңы кырсык болгон учурда, жардам эсептери ачылгандай болду, бирок адамдарда шыктануу жок: биздин мекендештерибиз биздин акчаларыбыз канчалык ачык чогултулуп жана кайда кетип жатат деп сурап жатышат. Жер-жерлерде учурдагы өкмөттүк эмес уюмдардын активдүүлүгү солгун экенин көрүп турабыз, алар деги барбы? Жарандык коомдун күчү дал ушул жерде талап кылынат, аларсыз жер-жерлердеги калк булчуңсуз, күч-кубатсыз жана нервсиз.

 

- Өзгөчө кырдаалдарга даяр болуп туруу үчүн өлкөдө дагы эмнелер жасалууга тийиш, анткени Япония сыяктуу айрым өлкөлөр тайфундардын жана жер титирөөлөдүн арасында жашап, тартиптин, кырсыктарга жогорку даярдыктын үлгүсүн көрсөтүп жатпайбы?

 

- Гуманитардык жардам көрсөтүүнү эл аралык талаптарга ылайык келтирүү үчүн биздин мыйзам чыгаруучуларыбыз көп эмгектенүүгө тийиш. Чабал звено – кризистик кырдаалдарды натыйжалуу башкаруу үчүн коопсуздук органдарынын материалдык жана финансылык ресурстар менен камсыз болбогондугу. Жок дегенде он өтө зарыл продуктулардын негизинде мамлекеттик резервдердин тизмесинде зарыл продуктулардын жана товарлардын санын көбөйтүү керек, бардыгы ар бир район үчүн 200 миң адамга эсептелет. Булар минималдуу стандарттар. Аларды кароо, чогултуу жана бекитүү керек. Жогорку Кеңеш «Эл аралык шашылыш жардам жөнүндө» мыйзамды кабыл алууну тездетиши талап кылынат, ал каатчылык учурунда өлкөгө көрсөтүлүүчү жардамды иретке келтирет жана системага салат. Азырынча болсо ар бир окуядан кийин эбегейсиз зор көлөмдөгү ун, май, картошка жана башка азыктар алып келинет, ал эми кырсык учурунда адамдарга ушунчалык азык-түлүк керектигин же жоктугун эч ким сурабайт. Ошол эле учурда өзгөчө балдар менен аялдарга ушундай учурда дары-дармектерди, жеке гигиена каражаттарын алуу өтө маанилүү. Мында бардык жабыркагандар жаңы коопсуз жер жөнүндө, жаңы турак-жай жөнүндө гана ойлонот! Өлкө үчүн өтө маанилүү болгон сейсмикалык коопсуздук жөнүндө башка мыйзам ЖКда колдоого ээ болбой жатат! Ошондой эле өкмөт ишке киргизилген камсыздандыруу жана ипотекалык кредит берүү механизмдерин бекем колдойт деп үмүттөнөбүз. Аймагынын 98%ы сейсмикалык зонада турган Түркия кыймылсыз мүлктү камсыздандырууну кеңири колдонот, үйлөрдү реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча иштер андан төлөнөт. Россия ушул практикага жапа-тырмак киришип жатат. Анан, албетте, биз айылдарда жана шаарларда, жамааттарда жашоонун коопсуздугунун маданиятын арттырууга, адамдарды өмүрдү баалоого үйрөтүүгө тийишпиз. Ушундай кайгылуу окуялардан кийин адамдар кооптуу зоналарда жашоону улантып, жер көчкү кырдаалына көнө албайт жана андай болууга тийиш эмес.

 

Акыркы жаңылыктар

13.07.2018

Оргочор айылында тренинг болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууда айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын ролу” аталышында тренинг болуп өттү.Тренингдин жыйынтыгы боюнча иш чара өз максатына жетти. Эскерте кетсек, ...
10.07.2018

Жайлоо өнүгүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунан белек тапшырылды

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» кыргыз жана орус тилинде жаңы басылып чыккан 100 даана китеп-жыйнакты белекке берди. Бул Жайлоо өнүгүү борборлоруна келген балдар үчүн абдан кызыктуу жана баалуу белек болду. Китеп-жыйнак “Каармандар өз досторун чакырат” (“Герои приглашают своих друзей”) деп аталып, ага 25 балдар жазуучуларынын чыгармалары кирген. Тактап айтканда, балдарга арналган бул ...
09.07.2018

Оргочордо ЖӨБОнун потенциалын арттыруу боюнча тренинг өтүп жатат

2018-жылдын 9-июлунан тартып 10-июлуна чейинки мезгилде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында «Гендердик жактан сезимтал пландаштыруу жана бюджет түзүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу» темасына тренинг өтүп жатат. Тренингди Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги финансылаган «Региондук жана эл аралык көйгөйлөргө жооп иретинде адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана чабал мигранттарды ...
06.07.2018

Америкадан келген математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси менен жолугушуу

2018-жылдын 6-июлунда И. Раззаков атындагы КМТУда математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушуу болуп өттү.   А.Алдаярова «Программалоо, СТЕМ. Кыргызстанга пайдалуу болгум келет» темасына презентация жасады (презентацияны шилтеме боюнча жазып алууга болот >>>).   Айбилек программалоо, код коюу жөнүндө, аларды үйрөнүү эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө, бул жагынан адистешүүнүн түрлөрү жөнүндө, дүйнөнү ...
05.07.2018

Күндүн темасы: 21- кылымга туура келген баланы өстүрүү маселеси канчалык актуалдуу?

Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, 21- кылымга туура келген баланы өстүрүү маселеси канчалык актуалдуу? деген суроого бүгүн Биринчи Радио “Күндүн темасы” программасында кайрылды.   Эмне үчүн өнүккөн өлкөлөрдө балдарга өзгөчө көңүл буруп ага инвестиция салууну артыкчылык багыт катары карашат?    Бул маселеде дүйнө өлкөлөрүндөгү жүрүп жаткан тажрыйбалар менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” атындагы эл аралык коомдук фондунун ...
03.07.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Заманбап көркөм өнөр - балдарга» деген жаңы долбоорду ишке киргизет

 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен жаңы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорун ишке киргизип жатат.   14-23-июлда Талас областындагы балдар үчүн алгачкы Арт-лагерь өтөт. Бардыгы болуп Арт-лагерь 180 баланы камтыйт, алардын ичинен 30у – булар Баткендеги, Ноокаттагы, Жалал-Абададагы, Ош шаарындагы, Чолпон Ата шаарындагы мектеп-интернаттардын, Бишкек шаарындагы Көркөм ...
02.07.2018

Математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушууга чакырабыз

Жолугушуу 2018-жылы 6-июлда саат 10.00-дө И.Раззаков атындагы КМТУде өтөт (чоӊ акт залы). Айбилек Алдаярова математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси, оптика боюнча Фэйрфакс аймагынын жогорку мектептер арасында олимпиадасынын жеӊүүчүсү, Улуттук Ардактуу Математика бирикмесинин мүчөсү, так илимдер боюнча Джэймс Мэдисон мектеп клубунун вице-президенти (Вена шаары, Вирджиния штаты, АКШ). Жолугушуу учурунда А.Алдаярова программалоо, математика ...
29.06.2018

Жалал-Абад областында биологиялык ар түрдүүлүккө, экологиялык көйгөйлөргө жана курчап турган чөйрөгө арналган эки күндүк тренинг өттү

2018-жылдын 22-23-июнунда Жалал-Абад областында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Жалал-Абад областынын биологиялык ар түрдүүлүгү, экологиялык көйгөйлөрү жана курчап турган чөйрөсү» темасына эки күндүк тренингди өткөрдү. Иш-чара «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун финансылык колдоосу менен өттү. Семинарга Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун ...
29.06.2018

Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 20-сентябрга чейин узартылды!

Конкурс "СТЕМде аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 2018-жылы Инновациялык долбоорлордун конкурсунун темасы – иштин ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүү жана башкаруунун санариптик тутумуна өтүүгө даярдоо. Эскертме: Конкурска кыз-келиндер – техникалык багыттагы адистер, техникалык ЖОЖдордун студент кыздары жана КР мектептеринин (гимназияларынын), ...
28.06.2018

Бешик ырлары.

Канышай Капарова Уктай койчу бөбөгүм Ак бешикке бөлөйүн Уктаганча жөлөгүм мээримимди төгөйүн Алдей, алдей ак балам, Ак бешикке жат балам Умай энеӊ кайтарсын Душманыңды майтарсын Түшкө кирип энекең Мээрим менен таң атсын Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Апакеңе өбөк бол Атакеңе жөлөк бол Эл керекке жараган Ак жолтойлуу бөбөк бол Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Ак сүтумдү ийгеним Ак батамды бергеним Актаса деп үмүтүм Аруу тилек ...
21.06.2018

Роза Отунбаеванын чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрпылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын чет жакта жашап. эмгектенип жүргөн мекендештерге видео-кайрылуусу

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»