Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

06.03.2013

Отунбаева: Эл ыңкылапка кызыкдар эмес

Кыргызстандын эли кыйынчылыктарды күч менен чечүүнү каалабайт, бирок оппозиция элди көчөгө чыгарууга кызыкдар. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Экс-президент “Азаттыктын” Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун бүгүнкү көрүнүшүнө, геосаясатка, аялдарга жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун ишмердигине байланышкан суроолоруна жооп берди. Кыргызстанда байлык болсо башкача жашамак “Азаттык”: ...
06.03.2013

Отунбаева-Бабанов: ушактын кулагы кайда?

Ошол эле убакта Өмүрбек Бабанов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда төңкөрүшкө каршы экенин, ал эми Роза Отунбаева революциянын жеңиштерин коргоп алууга күчтөр бар экенин өз-өзүнчө айтып чыгышты.  “Ийленген” имиштер  “Үчүнчү төңкөрүш” жана Отунбаева-Бабанов “тандемине” байланыштуу макала, маектер “Де Факто” “Айбат” жана башка бир катар жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарык көрдү.  Мурдагы премьер-министр, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов эки күндүн ичинде үч маалымат ...
17.11.2012

Отунбаева: БУУдан биздин да үн жаңырат

Мурдагы президент Роза Отунбаева Кыргызстандын БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчөлүккө шайланышынын мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.  - Роза айым, Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчө болуп шайланды. Мындай чечим 8-ноябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынды. Сиз Улуттар уюмунун ички түзүлүш саясатын билген адам катары айтсаңыз, бул жаңылык Кыргызстанга, кыргыз элине кандай артыкчылык берет?  - Кыргызстан мындай жогорку позицияга БУУнун Башкы ассемблеясында, башкача ...
24.10.2012

Р.Отунбаева: “Бир дагы эркек ушундай шарттарга чыдабайт эле”

Экс-президент катары мага катчылык берүү боюнча эч кимден суранганым жок. Былтыр 1-декабрда кызматтан кеттим, ошол бойдон өзүм пландаштыргандай эле фонд түзүп, ушул күнгө чейин тынымсыз иштеп жатам, деп билдирет Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 23-октябрда «Баракелде» сайтына берген эксклюзивдүү маегинде. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева Роза Отунбаева учурда активдүү иштерди жасап жатат, экс-президент катары ...
24.07.2012

Чыңгыз хандын мекенине сапар

Экс-президент Роза Отунбаева Монголия президенти Цахиагийн Элбегдорждун чакыруусу менен Улан-Баторго сапар алып, бир катар иш-чараларга катышып, монгол аткаминерлери менен сүйлөшүү өткөрүп кайтты.  БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУШАТ  Экс-президенттин биринчи баш баккан мекемеси Билим берүү министрлиги болду. Анда Монголиядагы соңку реформалар менен тааныштык. Кыргызстанда 53 ЖОЖ бар болсо, эки эсе аз калктуу Монголияда 187 университет бар экен. Аны жоюп отуруп, санын 90го чейин кыскартышыптыр. Жалпысынан англис тилге басым жасоо ...
28.06.2012

Роза Отунбаева, экс-президент: «Эс алайын эле дейм, бирок бул жай тыным жок”

Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчылык кызматын Алмазбек Атамбаевгеөткөрүп бергенден кийин дароо эле кайра ишке киришкен. “Роза Отунбаеванын демилгеси” деген фондун ачып, жарым жылдын ичинде көптөгөн жумуштарды жасоого жетишти. Августта мекендештерибиз дүйнөнүн төрт бурчунан Кыргызстанга келип, чоң форум өткөрүлгөнү жатат.  – Алгач “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду алып барган иштерге токтолупөтсөк… – Былтыркы жылдын 1-декабрында президенттик кызматты өткөрүп бергенден кийин аталган фонд катталган эле. Командабыз ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»