Пресс-центр Пресс-релиздер

07.11.2016

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун журналисттерди куттуктоосу

Урматтуу журналисттер, сиздерди бүгүн өлкөбүздө белгиленип жаткан 7-ноябрь басма сөз жана маалымат күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Эгемен мамлекеттин түптөлүүсүндө жана коомдо демократиялык процесстерди бекемдөөдө басма сөздүн, маалыматтын жана аларды жайылтууда кызмат өтөгөн журналисттердин ролу өзгөчө чоң экенин бүгүн эч ким тана албайт. 25 жылдан ашуун убактан бери биздин өлкө басып өткөн татаал жана тарыхый жолдо канчалаган ...
05.11.2016

Светлана Суслованын «Балыктардын унчукпагандыгы» («Молчание Рыб») поэзия кечесинин пресс-релизи

Светлана Суслованын «Балыктардын унчукпагандыгы» («Молчание Рыб») поэзия кечесинин пресс-релизи    2016-жылдын 18-ноябры, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залы    Башталышы саат 17-00. Эшик ачык.      Бардык поэзия сүйүүчүлөрдү салтка айланган Поэзия кечесине чакырабыз, ал өлкөбүздүн даңктуу чоң акыны Светлана Суслованын чыгармачылыгына арналган. Сиздер 18-ноябрда Улуттук филармониянын кичи залында автордун ...
12.10.2016

Китептер бет ачаары, «Поэзия кечеси» Нарында

2016-жылдын 20-октябрында Ата-Башы районунун Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектепте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган «Манас сүрөттөрдө», «Тоо жаӊырткан чагылгын», «Досторум конокко чакырат», «Уч жаштан кийин кеч» жана башка бир нече китептердин бет ачаары болуп өтөт. Бул иш чара ошол эле күнү түштөн кийин Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы областтык китепканада да уланат. Китептердин бет ...
11.10.2016

Кыргызстан кыздарын куттуктаймын!

Р.И.Отунбаева Кыргыз Республикасынын Экс-президенти:   Кыргызстандын кыздарын бүгүнкү Эл аралык кыздар күнү майрамы менен куттуктайм. Кыздар – коомдун күзгүсү. Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз. Бүгүнкү учур кыздар ...
11.10.2016

Пакистандык билим берүү жана саламаттык сактоо министрлеринин делегациясы Бишкекке келди

2016-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Ак- Кеме» отелинде Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Роза Отунбаеванын, «МУК» УНПКнын көзөмөлчү кеңешинин төрагасы Асылбек Айдаралиевдин Пакистан Ислам республикасынын жогорку билим берүү комиссиясынын (ЖБК) делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.   Бул жолугушууну уюштуруучу болуп «МУК» УНПКнын көзөмөлчү кеңешинин төрагасы Асылбек Айдаралиев башында турган Кыргызстандын Эл аралык университети ...
05.10.2016

2016-жылдын октябрына «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын иш-чараларынын дайджести

2016-жылдын октябрына    «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   иш-чараларынын дайджести       20-сентябрь – 20-октябрь - Экология боюнча бир айлык Кайда: Бишкек шаарынын мектептери Экология боюнча бир айлык борбордун мектептеринде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүлүп жатат. Бир айлыктын алкагында экология боюнча класстан тышкаркы сабактар, ...
23.09.2016

Жибек жолу боюндагы өлкөлөрдүн биринчи кыз-келиндер Форуму болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук уюмдун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан 21-сентябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарында болуп өткөн Кытай- Евразия бешинчи ЭКСПОсунун алкагында болуп өткөн Жибек жолу боюндагы өлкөлөрдүн биринчи кыз-келиндер Форумуна атайын чакыруу менен барып, катышып келди. Форумдун негизги жалпы темасы «Аялдардын ...
20.09.2016

«Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдери» конкурсу

Буга чейин жарыя болгон “Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдер конкурсуна эмгектерди кабыл алуу 2017-жылдын 17-февралына чейин узартылганын билдиребиз. Конкурстун уюштуруучулары «Роза Отунбаеванындемилгеси» эл аралык коомдук фонду, КР Маданият, маалыматжана туризм министрлиги, «Сейтек» балдарды эстетикалык тарбиялоо борбору, Манасчылар ассоциациясы, Улуттук оюндар Ассоциациясы болуп саналат. Конкурстун максаты -Кыргыз элинин улуттук ...
28.08.2016

Кайгы...

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Биз күч-кубаты толуп турган, жайнаган курагындагы жаш адамдарыбыздан айрылып турабыз. Күтүүсүздөн болгон өрт эч кимди - аялдарды да, эркектерди да аяган жок. Бул трагедия бардыгыбыздын жүрөгүбүздү титиретти жана биздин коом баштан кечирип жаткан көйгөйлүү маселелердин комплексин ачыкка чыгарды. Урматтуу мекендештер, быйылкы жайда биз ...
29.07.2016

«Жайлоо бала бакчасы-өнүгүү борбору» долбоорунун алкагында 26-июлдан 7-августка чейин «Конок мугалим» программасы ишке ашырылууда

“Жайлоо бала бакчасы-өнүгүү борбору” долбоорунун алкагында “Конок мугалим” программасы ишке ашырылууда. Бул программанын максаты:   Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлорунда иштеген тарбиячылардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусу, пикир бөлүшүү жана мыкты мисалдарды кеңири жайылтуу.   Бул программанын алкагында түштүк аймактарынан беш тарбиячы, түндүк аймактарынан беш тарбиячы, төмөндө ...
29.07.2016

Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Кара-Мойнок жайлоосундагы Суук-Булак жана Ак-Шумкар жайлоо өнүгүү борборлорунда пландалган мастер-класстардын бири өттү

23-июль күнү Лейлек районундагы айтылуу Кара-Мойнок жайлоосундагы Суук-Булак жана Ак-Шумкар Балдарды өнүктүрүү борборлорундагы балдарга Баткен облустук Жаштар Борборунун жаш волонтерлору Чынгыз Колчуев, Айжан Ходжаева, Барчын Аширбаева жана Кумарбаев Алмаз мастер класстарды уюштурушту. Өспүрүм балдар менен ата-энелерге алгач жаны медиа технологиялар - ноутбук, смартфон, планшеттин түзүлүшү, колдонуу ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»