Пресс-центр Пресс-релиздер

28.07.2017

А.Коргонбаевдин үй-бүлөсү үчүн үй курууга каражаттарды чогултуу токтотулду

Кымбаттуу достор!   Биздин чакырыгыбызга жан-дили менен кошулгандардын бардыгына! Биз Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы А.Коргонбаевдин үй-бүлөсүнө үй курууга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды чогултууну токтоткондугубуз жөнүндө маалыматты Сиздерге жеткиргибиз келет.   Кеп мында: өкмөттүк көчүрүү жана куруу программасы менен катар ...
24.07.2017

Кыргызстандын өкүлдөрү «Мигранттардын жана диаспоралардын туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттарына салымы, анын ичинде акча которуулары жана топтолгон социалдык чегерүүлөрдүн чакандыгы» темасына төртүнчү формалдуу эмес тематикалык жолугушуунун жыйналышына ка

Бүгүн, 24-июлда, Нью-Йорк шаарында «Мигранттардын жана диаспоралардын туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттарына салымы, анын ичинде акча которуулары жана топтолгон социалдык чегерүүлөрдүн чакандыгы» темасына төртүнчү формалдуу эмес тематикалык жолугушуунун жыйналышы(англисче аталышы «Contributionsofmigrantsanddiasporatoalldimensionsofsustainabledevelopment, includingremittancesandportabilityofearnedbenefits») башталып жатат. Миграция боюнча эл аралык уюм уюштурган ушул иш-чара НьюЙоркто 24-25-июлда ...
03.07.2017

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева Берлинде өткөн Миграция жана өнүктүрүү боюнча глобалдык форумдун ишине катышты

2017-жылдын 28-30-июнунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева Берлинде Миграция жана өнүктүрүү боюнча глобалдык форумдун (МӨГФ) ишине катышты. Ал ошондой эле Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) директорунун алдындагы Консультациялык Кеңештин мүчөсү катары анын ар жылдагы жыйналышына катышты. ЭМУ2016-жылдан тартып БУУ системасынын бөлүгү болуп калды. БУУнун Башкы катчысынын Миграция маселелери боюнча атайын өкүлү даярдаган, 2017-жылдын февралында ...
16.06.2017

КР экс-Президентинин Нарын облсуна иш сапары

КР экс-Президенти, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева үстүбүздөгү жылдын 18-20-июнь күндөрү Нарын облусуна иш сапар менен барат. Иш сапар алкагында ал 18-июнь күнү Кочкор районундагы “Чолпон” айыл өкмөтүнө караштуу “Бүчүр” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына катышат жана ата-энелер менен жолугушат. Ал эми 19-июнь күнү Р.Отунбаеванын бир канча иш чараларга катышуусу пландалууда. Алсак, Ат-Башы районундагы ...
16.06.2017

Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын пайдаланууну ишке ашыруу боюнча Форум

2017-жылдын 20-июнунда Нарын шаарында Нарын мамлекеттик университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт. Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Юкиэ ...
15.06.2017

КР экс-Президентинин кайдыгер эмес жарандардын баарына Кайрылуусу

КР экс-Президентинин кайдыгерэмесжарандардынбаарына Кайрылуусу. Урматтуу Мекендештер, Быйылкы жаздагы жаратылыштын апаат кырсыктары өлкөбүздүн түштүк тарабындагы замандаштарыбызга жан чыдагыс кайгы, азап менен коштолгон залалды алып келди. Көптөгөн жарандарыбыз бир заматта жакын адамдарынан, үй-жайынан, жыйган-тергенинен ажырап отуруп калды. Арасында бир үй-бүлөдөн 5-6дан жакындарын жоготокондор бар. Алар башына түшкөн бул мүшкүл кайгыдан мөгдөп, азырга дейре ...
01.06.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести       ИЮНЬ – «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп алдындагы лагерлери үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» Качан: Так датасы жана убактысы такталат Кайда: Бишкек шаарынын мектеп алдындагы лагерлери Бишкек шаарынын мектеп алдындагы лагерлериндеги көчмө иш-чара. Мектеп окуучуларына экология темасына интерактивдүү презентациялар, курчап турган чөйрөгө ...
29.05.2017

Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун китеп куржунуна

АКШнын элчилигинин Китеп которуу программасынын колдоосу менен чыгарылган тогуз аталыштагы тогуз жүз китеп (ар бир аталыштан жүздөн) “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоодогу өнүгүү борборлору” долбооруна тапшырылды. Китептердин аталыштары: Морис Сендак – Жапайылар мекенинде, Катерин Патерсон – Терабияга кеткен көпүрө, Ричард Скери – Кишилер кечке чейин эмне кылышат, Жон Шеска - Үч торопойдун чыныгы окуясы, Кевин ...
04.05.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду чыгарган балдар үчүн жаңы «Балерина» китебинин презентациясы болуп өттү

Бишкек хореографиялык окуу жайында кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиевага арналган балдар үчүн «Балерина» китебинин презентациясы болуп өттү. Тексттин автору – Нурия Шагапова, сүрөтчү-иллюстратор – Жылдыз Бекова, кыргыз тилине которгон – Гүлжигит Сооронкулов. Китеп Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан басылып чыкты. Китеп кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды.   Өз сөзүндө ...
03.05.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын2017-жылдын майынаиш-чараларынын дайджести        3-май - “Балерина” китебинин презентациясы 3-майда саат 13-00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайында «Балерина» аттуу жаңы балдар китебинин презентациясы өтөт. Фонддун демилгеси боюнча, китепти төмөнкүдөй мыкты чыгармачыл команда түздү: тексттин автору – Нурия Шагапова, сүрөтчү – Жылдыз Бекова, редактор-корректор – Татьяна ...
06.04.2017

Санкт-Петербургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтуу

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Фонддун уюштуруучусу КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын жана бардык кызматкерлердин атынан 2017-жылдын 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродогу террористтик актынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.   Бейкам тургундарга каршы багытталган ушул коркунучтуу жана адамкерчиликсиз жосун терроризмдин ар кандай формаларын терең ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»