Пресс-центр Пресс-релиздер

02.05.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын майына иш-чараларынын дайджести


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун

2018-жылдын майына

иш-чараларынын дайджести

 

 

 



Ар бир шейшембиде жана бейшембиде – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени

Кайда:  Бишкек шаарынын мектептери

6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акцииянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)

 

 

10, 11-май – Ысык-Көл областынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени

Качан: 10- жана 11-май

Кайда:  Ысык-Көл областынын мектептери

6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акцииянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)

 

 

12-май – «Таза Ысык-Көл» («ТазаБИШ» акциясынан) экологиялык акция)

Кайда:  Ысык-Көл областы

Ысык-Көл областынын булганган жерлерин таштандылардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан тазалоо. Ушул «Таза Ысык-Көл» акциясы «Таза Жашоо» бир айлыгына туш келтирилген.

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, «ТазаБИШ» эко-акцииянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)

 

 

15-16-май – Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Биринчи Улуттук Форум

Кайда:  «Ала-Арача -1» мамлекеттик резиденциясы, Бишкек шаары

Форумдун негизги максаты эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүүдө жана эрте өнүктүрүү боюнча адистерди кесипкөйлөштүрүүдө турат. Форумда ошондой эле эрте өнүктүрүү боюнча адистердин арасында тармакты түзүү жана аны иштетүү боюнча кадамдар талкууланат, бул келечекте эрте өнүктүрүү жагынан кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн, өзгөчө жогорку тобокелдик даражасы бар шарттарда жашаган балдар үчүн адистерди кесипкөйлөштүрүүгө кызмат кылат. Форумдун бардык катышуучулары жогоруда эске алынган бардык өзөктүү маселелер боюнча пленардык жана секциялык талкууларга катышат деп күтүлүүдө. Форумга бардык таламдаш тараптар катыша тургандыгы да кыйла маанилүү, анткени практикалык тажрыйба буларды көрсөтүп турат: тармактын натыйжалуулугу жагынан балдарды эрте өнүктүрүү боюнча саясат өзгөчө натыйжалуу, мында ал өкмөттүн, бийликтердин, НПОлорун, ата-энелердин жана жергиликтүү жамааттардын түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыгат. Бул максатта Форум эрте өнүктүрүү жагынан натыйжалуу улуттук саясатты же стратегиялык алкактарды пландаштыруу өбөлгөлөрүн иштеп чыгуу үчүн тартылган бардык таламдаш тараптардын жоопкерчилиги жана алардын сектор аралык кызматташтыгы жөнүндө маселени көтөрөт. Форумдун мааниси ал кенже курактагы балдар жана алдардын ата-энелери үчүн эрте өнүктүрүү жагынан камтууну кеңейтүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуунун узак процессинде биринчи кадам катары каралып жаткандыгында турат.

Тили: орус/кыргыз/англис

Телефон: 0555 004240 (Альбина Осмоналиева, долбоордун ассистенти)

 

 

19-май – «Кыргызстандын маданий ар түрдүүлүгү: менин достомура мейманга» темасына алтынчы Билим фестивалы

Качан: 19-май (ишемби, Билим фестивалынын 2-күнү)

Кайда:  Улуттук Филармониянын айланасындагы аймак

Балдар жана алардын ата-энелери үчүн концерт, билим кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы, ар түрдүү мастер-класстар, гүл ярмаркасы, китептер ярмаркасы жана көптөгөн башка нерселер.

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0550 328899 (Айзада Ургуналиева, «Билим фестивалы» долбоорунун ассистенти)

 

 

19-май -  Балдар филармониясы

Качан: 19-май, 17:00дө башталат

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы

Концерт на тему: «Дүйнө элдеринин бийлери»

Тили: орус

Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, долбоордун координатору).

 

 

29-30-май – «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» республикалык конференциясы

Кайда: “№2 Мамлекеттик Резиденция ” (Чолпон-Ата шаары)

Конференциянын катышуучулары: жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун педагогдору, тарбиячылары, уюштуруучулары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү, ЖӨБнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү.

Конференциянын максаты:

1. 2017-жылга жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун жайкы сезонунун жыйынтыктарын чыгаруу.

2. 2018-жылга борборлордун пландарын талкуулоо.

Ошондой эле дароо конференциядан кийин жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун бардык тарбиячылары жана уюштуруучулары үчүн тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда.

Тили: кыргыз

Телефон: 05556 549154 (Арстан Сагынтай уулу, «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору).

 

 

АР БИР ЖУМАДА - "Гений" Радиоберүүсү

Качан: ар бир жумуда, саат 13:30 - 14:00

Кайда: Биринчи Радио

Телефон: Тел. 0552 600 738 (алып баруучу А.Жоодонбеков), asanasyl@gmail.com

 

 

«Мобилдүү өнүктүрүү борбору» – Бишкек шаарында майдагы баруулар

 

Турак-жай конуштары

Дата

Свердловский район МТУ№21

1

Дордой

№94 мектебинин базасында

11.05.18

11:00-13:00

24.05.18

11:00-13:00

2

Ак-Бата

Спорт залдын жана ФАПтын, китепкананын жана № 43 мектептин жанындагы балдар аянтчасынын базасында

11.05.18

14:00-16:00

24.05.18

14:00-16:00

Биринчи май району №16 МТУ

3

Ак – Босого

№81 мектебинин базасында

17.05.18

11:00-13:00

29.05.18

11:00-13:00

4

Калыс – Ордо

№86 мектебинин базасында

17.05.18

14:00-16:00

29.05.18

14:00-16:00

Ленин району №3 МТУ

5

Ала Тоо

№82 мектебинин базасында

18.05.18

11:00-13:00

30.05.18

11:00-13:00

6

Ак-Өргө

№84 мектебинин базасында

18.05.18

14:00-16:00

30.05.18

14:00-16:00

Октябрь району №6 МТУ

7

 Кара-Жыгач

№91 мектебинин базасында

22.05.18

11:00-13:00

31.05.18

11:00-13:00

8

Көк-Жар

№88 мектебинин базасында

22.05.18

14:00-16:00

31.05.18

14:00-16:00


Акыркы жаңылыктар

17.11.2018

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын ...
10.11.2018

Зомбулук - коомдун вирусу

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.   "Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".   Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.   Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта ...
06.11.2018

Конференциянын экинчи күнү «Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу»

«Саясий чечимдерден аракеттерге карай. Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу» деген эки күндүк конференциянын алкагында кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүдө комплекстүү стратегияларды талкуулоо үчүн Бишкек шаарында 60тан ашык катышуучу чогулду. Бул конференциянын актуалдуулугу ошондой эле убакыттын контексти менен шартталган, анткени азыркы учурда гендердик зомбулук көйгөйүн чечүү ...
03.11.2018

Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар өттү

АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун катышуучулары үчүн эки ай бою (ноябрь-декабрь) Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда вебинарлар өтөт. Долбоордун катышуучуларынан тышкары вебинарларга каалагандардын бардыгы катыша алат. Бул үчүн вебинарлар базасында өткөрүлө турган долбоордун өнөк ЖОЖдорунун: И.Раззаков ...
02.11.2018

Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт

2018-жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өткөрүлөт.   Тренингдин максаты – ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө, ошондой эле «Тамактануу пирамидасы» ...
02.11.2018

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына визити

БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылы уюштурулган Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңештеги иштин алкагында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына (Нью-Йорк шаары, АКШ) визити болуп өттү.   Алсак, 2018-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки мезгилде КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментинин башчысы Розмари ДиКарло, ...
02.11.2018

30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү

РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында ...
02.11.2018

«STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды

2018-жылдын 1-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Конкурска Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас областтарынан жана Борбордук Европадан арыздар келип түшкөн.   Курамына ар ...
01.11.2018

Search for Common Ground сыйлыгы КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага тапшырылды

Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) – Тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөлүк ири уюм 2018-жылдын 1-ноябрында Search for Common Ground уюмунун сыйлыгын ар жылдагы тапшырууда тынчтыкты сүйүүчүлөрдүн активисттерин куттуктайт. АКШ өкмөтүнүн, дипломатиялык, ишкер жана бизнес секторлорунун жүздөн ашык лидерлери Inter Continental New York Barclay отелинде , Нью-Йорк, бул иш-чарага катышуу үчүн чогулат.   Быйылкы жылы сыйлыкты тапшыруунун ар жылдагы XIX аземи чечилбеген чыр-чатактарды ...
31.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2018-жылдын ноябрына   иш-чараларынын дайджести       1-ноябрь – «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктарын жарыялоо Качан: 1-ноябрь, саат 11.00дө Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (1-корпус, 1/211-ауд.) «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору жана «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун ...
30.10.2018

Борбордун он турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акциялр өткөрүлөт

2018-жылдын 26-октябрынан 16-ноябрына чейин жаштар командалары Бишкек шаарынын 10 турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.   Бишкекте 2018-жылдын 26-октябрында Ак-Бата турак-жай конушунда Свердлов райондук мамлекеттик администрациянын акими Болотбеков Самарбек Болотбековичтин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын, дене тарбиясынын жана спорттун иштери боюнча ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»