Пресс-центр Пресс-релиздер
Мектепке чейинки билим берүү системасынын (МБУ) кызматкерлери үчүн лекторий
2018-жылдын 6-декабрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин жыйын залында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы КМПУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы балдарды өнүктүрүүнүн “Балалык” мектебинин брифинг-аянтчасынын ишинин алкагында мектепке чейинки билим берүү системасынын кызматкерлери, ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринин студенттери жана кызыкдар ата-энелер үчүн лекторий өткөрдү.
Лекторийдин темасы – «Intelligent» менталдык арифметикасы». Бул абакус деп аталган кытайлык чотторду пайдалануу менен эсинде тез эсептөөнүн жардамы менен баланын мээсин өнүктүрүүнүн натыйжалуу ыкмасы. Бала абакуста манжалары менен эсептөөнү үйрөнөт, андан соң менталдык чотту өздөштүрөт, мында абакустун элестеги чотторун пайдалануу менен эсептейт. Мында төмөнкүдөй психикалык процесстер өнүгөт: эки колдун майда моторикасы, мээнин оң жана сол жарым шарларынын шийкеш иштеши, кабылдоо, эркин көнүл буруу, эске тутуу (көрүп, угуп, ыкчам), ой жүгүртүү, мейкиндикте элестетүү.
Лекциянын учурунда менталдык арифметикага тиешелүү негизги стереотиптер жана Intelligent менталдык арифметикасынын артыкчылыктары жөнүндө маселелер каралды. Ошондой эле катышуучуларга сынак сабак жана Intelligent менталдык арифметикасынын системасы боюнча сабактын видеофрагменти көрсөтүлдү.
Презентация интерактивдүү режимде өттү.
Мастер-классты “Instudy” ББнын методисти Иманкулова Александрия жана психологиялык илимдердин кандидаты Ахметова Зарина өткөрдү.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
