Пресс-центр Пресс-релиздер
Мектеп-интернатка компьютерлер жана китеп баштыктар белекке берилди
Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белекке берилди.
Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза, №71 мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев, мектептин администрациясы жана окуучулар катышты.
Иш-чара мектеп-интернаттын таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен башталды.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева сөз сүйлөп, буларга токтолду: - Ар бир окуучуга берилип жаткан китеп баштык менен бирге акыл, жакшы үлгүлөр алынып, өнүгүүгө карай багыт алабыз деп ишенебиз. Кыргыз элинин тарыхы да, тагдыры да миң километрдик кошуна болгон кытай эли менен бирге. Тарыхта ар дайым кызматташып, биригишип, бири-бирибизден үйрөнүп үлгү алып келгенбиз. Биздин балдарыбыз бизден мыкты болуп, ошол өнүгүп жаткан Кытайдын экономикасынан үйрөнүп, билимин таанып, эки элдин достугуна дагы бекем ынтымак кошот деп ишенебиз.
Ал эми ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза мектеп-интернатка компьютер, китеп баштык жана башка буюмдар менен бирге кытай элинен кыргыз элине жакшы каалоолорду, досчулук сезимдерди алып келишкендигин билдирип, Кыргызстандын билим берүүсүнүн өнүгүүсүнө кайрымдуулук иштерди илгерилете беришээрин баса белгиледи.
“Компьютерлер балдардын билим алышына жана өз иштерине ыңгайлуу шарт түзүп берет деп үмүттөнөбүз. Мектептин өнүгүп-өсүүсүнө, көптөгөн таланттарды, татыктуу кадрларды тарбиялап чыгаруусуна тилектешмин. Окуучулар билим жагынан күчтүү болуп чоңоюп, эртерээк өлкөнүн таянаар инсандарынан болушун каалайм”, - деди В.Сяохуэй.
Мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна шаардын 2260 мектептин арасынан дал ушул мектеп-интернаттын балдарына жакшы маанай тартуулагандыгы үчүн, ал эми Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрүнө берилген белектер үчүн жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирди.
Окуучулар жүрөгүнөн чыккан өз эмгектерин келген конокторго тартуулашып, сүрөткө түшүштү.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
