Пресс-центр Пресс-релиздер
КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады
Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын 60 жаш кутман курак мааракеси менен куттуктаган өзүнүн катын алыскы өлкөдөн жиберди.
Р.Отунбаева өзүнүн куттуктоо катында С.Ш.Жээнбековдун саясий жана мамлекеттик ишмердиги эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келгенин, өткөөл мезгил аны такшалтканын белгилейт. Куттуктоо “Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адамдын укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем. Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм! Кыргыз Республикасы өсүп-өнүгүп, элибиз тынчтыкта бакубат жашоого жетсин!” деген калоо, тилек менен аяктайт.
Акыркы жаңылыктар
Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Прямая ссылка:
- Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү
STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү
«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү
Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Прямая ссылка:
- КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости