Пресс-центр Пресс-релиздер

31.01.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү

2019-жылдын 28-январында «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» үч күндүк лагери аяктады. Лагердин ишине Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөрү: айыл аймактарынын башчылары, башчылардын орун басарлары, жооптуу катчылар, айылдык кеңештин депутаттары, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү, башкы бухгалтерлер, лидерлер жана активисттер катышты. Лагердин максаты – жергиликтүү өнүктүрүү стратегиясын, анын ичинде миграция жана өнүктүрүү компоненттерин жана гендердик ыкманы иштеп чыгууда катышуучулардын потенциалын, билимдерин жана жөндөмдөрүн жогорулатуу.


Лагердин биринчи күнү ал канчалык келечектүү (кеңири) болушу мүмкүн экендиги жагынан көз карашты жана түшүнүктү калыптандырууга арналды жана төмөнкүдөй сессиялардан турду: «Узак мөөнөттүү өнүктүрүү концепциясы – «индивидуум – үй-бүлө – коомчулук – бийлик институттары – мамлекеттик саясат жана мыйзамдар – глобалдык милдеттенмелер» деңгээлдеринде таасир этүү чөйрөлөрү – Экономиканы жана үй-бүлөнү өнүктүрүүдө мигрант аялдардын ролу», «Бакыт концептин киргизүү, бакыттын салыштырмалуулук жана жекече көрүнүшүн алдыга коюу», «Дөөлөттөр деген эмне жана алар социалдык топторду калыптандырууда кандай роль ойнойт» жана «Көз караш» деген эмне».


Сессиялардын жүрүшү таасир этүү чөйрөлөрүн интерактивдүү сүрөткө тартуу, тыянактарды бекемдөө үчүн презентация, таасир этүү чөйрөлөрү жөнүндө дискуссия жана мээге күч келтирүү менен коштолду. Лагердин биринчи күнүнүн жыйынтыктарын чыгаруу учурунда ар бир катышуучу бир күн аралыгында эмне талкуулангандыгы, жекече жана жалпы топтук көз караш жагынан иштөө канчалык пайдалуу болгондугу, эмне жеңил (татаал) болгондугу, өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарын пландаштыруу учурунда бул процессти колдонууга мүмкүнчүлүк бар же жоктугу жөнүндө өз ойлорун айтты.


Экинчи күнү лагердин катышуучулары гендердик ыкма темасын жүктөдү. Гендердик концепция жана стереотиптер жөнүндө, формалдуу теңчилик, формалдуу теңчиликтин көйгөйлөрү деген эмне экендиги, чыныгы теңчилик деген эмне экендиги, ал эмнеге негиздене тургандыгы, чыныгы теңчиликке жетишүү үчүн кандай аракеттерди жасоо керектиги жөнүндө презентация жасалды. Ошондой эле топтордогу иштер, пленардык талкуулар, топтордун презентациялары жана дискуссиялар аркылуу «Гендердик дарак» жана Гендердик теңчилик Концепциясы деген сессиялар өткөрүлдү. Сессиялардын максаты – гендердик ролдорду, гендердик мамилелердин системасын, нормалар менен салттарды калыптандыруу булактарын, ошондой эле гендердик ролдор жана мамилелер жөнүндө үмүттөр/түшүнүктөр/стереотиптер кандай калыптанаарын/өзгөрө тургандыгын көрсөтүү.

Экинчи күндүн жыйынтыктарын чыгаруу төмөнкүдөй темалар боюнча рефлексия менен коштолду: экономиканы жана үй-бүлөнү өнүктүрүүдө мигрант аялдын портрети, мигрант аялдын ролу, барган өлкөдө мигрант аялдардын жана кайтып келген мигрант аялдардын ролу, мигрант аялдардын оң ролун алга илгерилетүү боюнча идеялар, ошондой эле тобокелдиктер (мүмкүнчүлүктөр), эркектердин/аялдардын ар түрдүү топтору үчүн эмгек миграциясынын тобокелдиктери (пайдасы).


Лагердин үчүнчү күнүнүн темасы «Социалдык өнөктөштүк маселелери» болду, ал өнөктөрдү картирлөөгө арналган сессиядан, КРнын миграциялык саясаты жана миграция жагынан ЖӨБ органдарынын иши боюнча лекциядан турду. Сессиянын максаты – өнүктүрүү, миграция, гендердик теңчилик маселелери боюнча бир пикирдештердин жана каршылаштардын картасын иштеп чыгуу. Бул сессиянын алкагында лагердин катышуучулары бир пикирдештер менен кызматташтыкты күчөтүү жана оппоненттерди нейтралдаштыруу/же өз тарабына тартуу боюнча тактикалык ыкмаларды талкуулоону жана аныктоону өткөрүштү, ошондой эле өнөктөрдүн карталарын тартышты. Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар миграцияык процесстерди жөнгө салуунун укуктук негиздери менен, миграциянын типтеринин терминологиясы жана классификациясы, Кыргыз Республикасынын миграциясы, азыркы учурдагы миграциялык саясаттагы негизги көйгөйлүү аспекттер жана тенденциялар жөнүндө, ЖӨБОнун миграция чөйрөсүндөгү иши жөнүндө статистикалык маалыматтар менен таанышты.


Лагерь аяктап жаткан күнү тренингдин негизги идеяларын бекемдөө жана суммалоо боюнча, долбоордун кийинки кадамдарын талкуулоо боюнча дискуссиялар өткөрүлдү. Барскоон жана Сузак айыл аймактарынан келген катышуучулар лагерден кийинки жана кезектеги тренингге чейинки мезгилге иш-чаралардын (тренингдер, жыйналыштар ж.б.) пландарынын презентациясын жасады.


Коммуникацияны жана өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, командалардын ишинин натыйжалуулугун түзүү жана жогорулатуу, чыгармачыл маанайды жана ынтымакты колдоо, эки айыл аймагынан келген ар бир катышуучунун жеке сапаттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн табуу жана ачуу максатында 26-январдан 28-январга чейин лагерде маданий жана спорттук иш-чаралар: хор менен ырдоо, аркан тартышмай, селкинчек тебүү жана башкалар өткөрүлдү.


Лагердин машыктыруучулары төмөнкүлөр болду: Р.Ж. Кайыкова (ЖӨБО менен иштөө боюнча эксперт), С.Дж. Джусаева (гендер боюнча эксперт) жана А.Ж. Асанбаев (миграция боюнча эксперт). Катышуучулардан лагердеги окутуу маалыматтык гана болбостон, ошондой эле жекече жана топтук сүрөт тартуу, мээге күч келтирүү, рефлексия боюнча көнүгүүлөр, презентациялар, талкуулар аркылуу интерактивдүү болгондугу жөнүндө оң пикирлер алынды.


Лагерь «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Миграция боюнча эл аралык уюмдун КРдагы Эл аралык өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Кыргызстанда жергиликтүү деңгээлде миграция жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик мамилени киргизүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Акыркы жаңылыктар

19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...
19.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучулар үчүн биринчи жолу түзүлүп жаткан альтернативалык онлайн-олимпиада жөнүндө маек курдук. Окуучулар онлайн-олимпиадага ушул жылдын декабрь айынан тарта классына, мектебине карабастан катышып өз күчүн, билимин сыноого болот. Альтернативалык онлайн-олимпиаданын максаты жана ага катышуу жолдору ...
14.11.2019

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү ...
13.11.2019

«Үчтөн кийин кеч»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелерге арналган наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтык салым кошууга арналган социалдык тармактарда «Үчтөн кийин кеч» баракчалары ачылды. Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта өстүрүү, ата-эненин коомдогу орду жана озуйпасы, ...
06.11.2019

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү

Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук ...
04.11.2019

«МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» педагогикалык өнөрканасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөрүлгөн 7-Билим фестивалынын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат, фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 25 миңден ашык адам барган. 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын ...
03.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло ...
02.11.2019

Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.   Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ...
02.11.2019

Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди   Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын ...
31.10.2019

КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.   Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен ...
22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»