Пресс-центр Пресс-релиздер
«Ак-Ордодогу»
2018-жылдын 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду , ЮНФПА жана Тынчтыкты куруу фонду тарабынан “Акындар Бишкек шаарынын жаңы конуштарында тынчтык, биримдик үчүн” деген аталыштагы иш чара уюштурду.
Аталган иш чара бул конуштагы №96 жаңы мектептин чоң залында өтүп, ага кыргыз элине таанымал акындар Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев, “Мыскал” фольклордук тобунун ырчысы Кенже Абдыкеримва жана Ак-Ордонун тургундары, мектеп окуучулары, мугалимдер, ден соолук комитетинин мүчөлөрү болуп, баары 200гө жакын адам катышты.
Иш чара учурунда акындар З.Ажыматов жана Б.Жамгырчиев өздөрүнүн эне, мекен, аялзаты, ынтымак, биримдик туурасындагы ырларын окуп беришти жана көрүүчүлөрдүн суроолоруна жоопторду беришти. Ал эми К.Абдыкеримова санат темасында комуз коштоосунда ырларын жаңыртты.
Ошондой эле жолугушуу учурунда №96 мектепте тажырыйбалуу педагог Туратбек Алдаяровдун жетекчилиги менен түзүлүп, иштеп жаткан окуучулардын “Ыр –булак” ийриминин мүчөлөрү да өздөрүнун ырларынан окуп беришти. Өз сөзүндө Т.Алдаяров “Жан дүйнөбүздү ачып, рухий азык тартуулаган мындай жолугушуулар бизге абдан күч-кубат, чыгармачылык дем берет” деп белгиледи.
Акындардын жана окуучулардын ырлары келгендердин жүрөгүн толкутуп, көңүлүн көтөрдү.
Жолугушуу соңунда мектеп директору Асанова Гуланда Жумакадыровна мындай иш чаралар өспүрүмдөрдү тарбиялоодо жана жаңы конуштардын тургундарынын биримдикте жана ынтымакта жашоосунда чоң мааниге ээ экендигин белгилөө менен уюштуруучуларга жана акындарга өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Акыркы жаңылыктар
Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Прямая ссылка:
- Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү
STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү
«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү
Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Прямая ссылка:
- КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости