Пресс-центр Пресс-релиздер

01.07.2015

2015-жылдын июль айына Фонддун иш-чараларынын дайджести


 

ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ДАЙДЖЕСТИ


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ


2015-жылдын июлу





1-июль –"Эко-сэлфи" конкурсунун старты

Конкурс «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулган.

Конкурстун жеңүүчүлөрү байгелер менен сыйланат.

Катышуу акысыз.

Конкурстун шарттары жөнүндө festival.roza.kg сайтынан  кең-кесири билүүгө болот.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 66-03-68, 0550 328899


 

1-июль – "Эко-фотоохота" конкурсун баштоо

Конкурс «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулган. Конкурстун жеңүүчүлөрү байгелер менен сыйланат.

Катышуу акысыз.

Конкурстун шарттары жөнүндө festival.roza.kg сайтынан  кең-кесири билүүгө болот.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 66-03-68, 0550 328899



1-июль - Нарын облусунун жайлоосунда балдар бакчасынын расмий ачылышы

Өткөрүү орду:

Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал, Кызарттын-Бели

Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал, Окторкой

Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал, Окторкой 

3-июль - Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылдык округу, Кызарттын-Бели 

Жайлоодогу балдар бакчаларынын расмий салтанаттуу ачылышы. Ар кыл театрлаштырылган иш-чаралар, улуттук оюндар, мастер класстар, куурчак театры.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com



Апта сайын жума күндөрү - «Гений» радиоберүүсү

Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда«Биринчи Радио» (FM 104. 1 жыштыгы боюнча же www.ktrk.kg онлайн угууга болот)

Программаны алып баруучулар Гулзада Медералиева жана Асылбек Жоодонбеков жума сайын меймандар менен бирдикте билим берүүгө жана тарбиялоого тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулайт.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738, e-mail: asanasyl@gmail.com



2015-жылдын июлунун биринчи декадасы – Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү үчүн лекторийлерди өткөрүү

Бул лекторийге катышууга Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү чакырылат.

Онлайн коммуникациялар боюнча машыктыруучу.

Маалымат:  gulzada.urgunalieva@gmail.com



2015-жылдын июль-сентябры – ачык билим берүүнүн маселелерин чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн конкурстарды ишке киргизүү

Конкурстун шарттары кийинчерээк Фонддун сайтында, www.open.edu.kg сайтында жана башка ресурстарда жарыяланат.

Маалымат: tulegenovab@gmail.com


 

6 – 8-июль – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Талас облусунда

Район

 Дата

Орду

Манас району  

6-июль

 Филиал 11, Кеңеш айылы, Алдашүкүров көчөсү 75

Талас району

6-июль

 Филиал 2 Көпүрө-Базар айылы (Кара-Кол)

Бакай-Ата району, Өзгөрүш айыл өкмөтү

7-июль

 Филиал 2 Өзгөрүш айылы, Манас көчөсү 150

Кара-Буура району

7-июль

Филиал №1 Аманбаев айылы, Толстунов көчөсү 12

Кара-Буура району, Шекер айыл өкмөтү

8-июль

Шекер айыл өкмөтү

Максат маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында кенже курактан тартып китеп окууга ынтызарлыкты каныктыруу, ошондой эле үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүү аркылуу балдар жана чоң кишилер арасында китеп окууну жайылтуу.

Каалагандардын бардыгы чакырылат, кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627 



17 – 19-июль - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Ысык-Көл облусунда

Район

 Дата

Орду

Ысык-Көл району

17-июль

 Айылдык филиал, Тамчы айылы, Жунушалиев көчөсү 15

Түп району, Түп айыл өкмөтү

17-июль

Айылдык балдар китепканасы, Түп айылы,  Мокоев көчөсү

Ак-Суу району

17-июль

Айылдык китепкана, Ново Вознесеновка (БозУчук) айылы, Арык Мирза көчөсү, Дом культуры

Ак-Суу району

18-июль

Айылдык филиал, Ак-Булуң айылы, Туманов көчөсү 3

Жети–Өгүз району

18-июль

Айылдык филиал, Дархан айылы, Конокказы көчөсү

Тоң району

19-июль

Айылдык филиал, Кара-Коо айылы, Батыркан көчөсү 21

Максат маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында кенже курактан тартып китеп окууга ынтызарлыкты каныктыруу, ошондой эле үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүү аркылуу балдар жана чоң кишилер арасында китеп окууну жайылтуу.

Каалагандардын бардыгы чакырылат, кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627 



20-июлдан тартып 23-июлга чейин – «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоору боюнча пресс-тур

Өлкөнүн бардык региондору боюнча жайлоодогу балдар бакчаларына баруу: балдар бакчаларынын иши менен таанышуу, видеого тартуу жана ийгиликтүү балдар бакчаларын көрсөтүү.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com



24-июль – Жайлоодогу балдар бакчаларындагы чоң салтанаттуу, театрлаштырылган оюн-зоок (Соң-Көл)

Орду: Нарын облусу, Соң-Көл

«Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоору боюнча чоң салтанаттуу, театрлаштырылган оюн-зоок, ал театрлаштырылган иш-чаралар, улуттук оюндар, мастер – класстар, куурчак театрынын оюндары.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com



Бир айдын ичинде– Жайлоодогу балдар бакчаларындагы мастер-класстар

Балдар үчүн бардык тармактар боюнча өнүктүрүүчү мастер-класстар:

  • Оригами
  • Каллиграфия
  • Сүйлөө речин өнүктүрүү
  • Тилдерди үйрөнүү
  • Эл жазуучулары менен жолугушуу
  • «Бакайдын жайыты», «Атадан калган туяк» жана башка көркөм фильмдерин көрсөтүү
  • Бий
  • Улуттук спорт оюндары
  • Шахмат
  • Сүрөт тартуу
  • Мобилдүү китепкана
  • Хореография
  • Спекталдер
  • Куурчак театрлары
  • Ата-энелер үчүн тренингдер

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com


Акыркы жаңылыктар

13.09.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.   Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын ...
09.09.2019

Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
09.09.2019

Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук ...
05.09.2019

Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.   Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө ...
05.09.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын сентябрына   иш-чараларынын дайджести 5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура ...
04.09.2019

Рухий-Мурас конушунда воркаут аянтча жана жаштар үчүн борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын жана жаштар үчүн борбордун ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Конуштун тургундары ...
01.09.2019

С.Жээнбеков менен Р.Отунбаева - Көзкарандысыздык күнүн майрадоодо тартылган кадрлар

31-августта, Көзкарандысыздык күнү, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева, парламенттин спикери жана Кыргызстандын Премьер-министри Кыргызстандын Көзкарандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу салтанаттуу аземге келди, ал Ала-Тоо аянтында өттү.   Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Көзкарандысыздык күнү менен куттуктады жана көзкарандысыздык менен эркиндик – коомубуздун башкы ...
30.08.2019

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү. Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана ...
22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»