Пресс-центр Пресс-релиздер

01.03.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

 

2017-жылдын мартына

 

иш-чараларынын дайджести

 

 

 

 

1-МАРТ – 11-АПРЕЛЬ – «Биз сергек жашоо ыңгайын жактайбыз» плакаттарынын конкурсу

Качан: 1-март – 11-апрель

Кайда: Бишкек шаарынын мектептери

Конкурс балдарда жана өспүрүмдөрдө жигердүү турмуштук позицияны калыптандыруу жана сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо максатында өткөрүлүп жатат жана «Сергек жашоо ыңгайы» темасындагы бешинчи Билим берүү фестивалына (2017-жылдын 28-29-апрели) туш келтирилген.

Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүп жатат.

Конкурстун жобосу төмөнкүдөй сайттарда жеткиликтүү: www.roza.kg, festival.roza.kg

Телефон: 0556 205305, 0550 328899

 

 

АЙ ИЧИНДЕ – Бишкек шаарынын балдар бакчаларынын (МБУ) арасында элдик чыгармачылыктын фестивалы

Кайда: Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары

Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен өнөктөштүктө өткөрүлүп жатат

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

 

 

МАРТ (дүйшөмбү жана жума) - Химия, биология жана география мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

Убактысы жана орду кошумча аныкталат. Анонсторго көз салгыла.

Борбордун мектептеринин мугалимдери үчүн экология темасына интерактивдүү лекциялар (РИО глобалдык конвенциялары: биологиялык ар түрдүүлүк жана чөлгө айлануу).

Тили: орус

Телефон: 0556 205305, 0550 328899

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

 

  

2, 9, 16, 23-МАРТ (бейшемби) - «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»

Качан: 13:00

Кайда: Бишкек шаарынын мектептери № 61, 45, 12, 7

«Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, 5-8-класстардын окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз, орус

Телефон: 0556 205305

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

 

 

6-20-МАРТ – «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

Качан: 6-20-март

Кайда: Бишкек шаары, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте уюштурган «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

Телефон: 0555004240

 

 

3-МАРТ – «Айымдарга арноо» поэзия кечеси

Качан: 3-март 17.00-18.30

Кайда: Улуттук филармониянын Кичи залы

«Айымдарга арноо» поэзия кечеси. Айымдарга арналган ырларды жаш акындар Мирлан Алтымыш уулу менен Мелис Маматжанов окуп берет.

Эшик ачык.

Телефон: 0772800376

 

 

23-МАРТ – Балдар филармониясы «Үндүн сыйкыры»

Качан: 23-март 11:00

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония

Жаш бишкектиктер жана чоң кишилер үчүн «Үндүн сыйкыры» концерт-презентациясы. Алып баруучу Алтынай Абетекова.

Балдар билетинин наркы – 50 сом, чоң кишилердин билети -100 сом. Билеттер Филармониянын кассасында сатылып жатат.

Телефон: 0772800376 

Акыркы жаңылыктар

19.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн адамдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш тууралуу жайкы үйрөтүү лагери өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайында өттү. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Лагердин ишине жалпысынан он алты мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун ...
18.07.2019

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс уялаган, мамыры гүлдөрү жайнаган, атактуу - Кара-Кужур жайлоосунда 20 өспүрүм катышкан эко-арт лагери өтөт. Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет. Аларга ХV Казань фестивалында гран прини, «Ак илбирс» ...
18.07.2019

«Гений» радиоберүү: Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында 2019-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты жана аларга түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз болду.   Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 44289 адам катышып, 62 пайызы босого баллдан өттү, бул тууралуу кененирээк радиоберүүнүн катышуучулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү ...
16.07.2019

Жайлоо өнүгүү борборлору жөнүндө документалдык тасма тартылууда

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-июндарында Жалал-Абад жана Ош облусунун жайлоолорунда жайгашкан жайлоо өнүгүү борборлорунда тарбияланып жаткан балдар тууралуу белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер, «Кыргыз киносу» кинотеатрынын негиздөөчүсү, “Дарак ыры” тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков документалдык тасма тартты. Тасмага алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кызыл –Кыштак”, “Нур –Айым” жайлоо өнүгүү ...
15.07.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын жумушчу топтору үч күндүк окутуудан (коучинг) өтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 5-7- июлунда Ысык-Көл облусунун, Кара-Ой айылынын Ак-Бермет эс алуу үйүндө үч күндүк окутуу (коучинг) болуп өттү. Окутуунун максаты – эки пилоттук айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын өнүктүрүү приоритеттерине миграция жана гендердик багытты жумушчу топтор жана эксперттер менен биргеликте киргизүү. Окутууга Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын жумушчу топтору, гендер, миграция маселелери боюнча ...
11.07.2019

«Ынтымактуу конуштар» долбоор жазуу, аны жактоо боюнча иштешүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда “Жаңы конуштарда социалдык жана гендердик теңчиликти бекемдөө аркылуу ынтымакты чыңдоо” долбоорунун алкагында пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын 10 жаңы конуштун жаш лидерлери, коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, адистери менен бирге долбоор жазуу аны жактоо боюнча коучинг жолугушуу өттү. Пилоттук МАБ башчылары, өкүлдөрү, жаш лидерлер, ...
09.07.2019

Конкурс жарыяланат

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ  Эко-Арт-Лагерь Кара-Кужур өрөөнү, Кочкор р/ну, Нарын обл 19-28- июль 2019-ж Катышуучуларды кантип тандап алабыз? Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана ак илбирсти сактоо темасындагы макал-лакаптын негизинде сүрөт тартып жана ага аннотация жазып, аны: “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун электрондук дарегине 15.07.19 саат 17.00 чейин жибериниздер office@roza.kg Лагерь 12-15 жаш курактагы, жыйырма жаш улан ...
09.07.2019

«Ынтымактуу конуштар» долбоорунун катышуучулары стратегиялык план түзгөндү жана долбоор жазып жактаганды мыкты өздөштүрдү

4-7-июлдарда Ысык-Көлдө «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбооруна кирген Бишкектин 10 жаңы конушунун активдүү катышуучуларына “Долбоордун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык пландоо” аттуу темада тренинг өтүлдү. Окутууга Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас, Эне-Сай конушунун жаш лидерлери жана коомдук ден соолук комитетинин мүчөлөрү ...
04.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагери өттү

2019-жылдын 27-июнунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери аяктады. Лагердин ишине он төрт мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон коомдук-активдүү жарандар катышты. Алардын ичинен он эркек жана төрт айым Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусунан келишти.   Үч күндүн ичинде лагердин катышуучулары өз укугун ишке ашыруудагы ...
30.06.2019

Ретриттин жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын миссиясы аныкталды

21-июндан 24-июнга чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде КР экс-президенти, фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери үчүн ретрит өттү.   Фонддун командасы уюштуруучулук жана инсандык өнүгүү призмасы аркылуу өз ишин кайра жүктөөнү жана кайрадан аңдап-түшүнүүнү жүргүзүү максатында ретрит уюштурду. Иш-чара төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлдү:   • Өзүн ...
28.06.2019

Ак-Ордо конушунун балдарына спорттук оюн аянтчасы салынды

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда конуштун жаштарынын демилгеси менен балдар үчүн спорттук жана оюн аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул жаштардын демилгеси 2018-жылдын май айынан тарта Бишкектин 10 жаңы конушунда Бириккен Улуттар Уюмунун үч агенттиги: ЮНФПА/ЮНИСЕФ/УНП жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»