Пресс-центр Сүрөт галереясы

30.01.2015

Жаңы конуштардагы мектептерден «Устат-2» долбооруна катышкан жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн кезектеги тренинг өттү

29-январда жаңы конуштардагы мектептерден «Устат-2» долбооруна катышкан жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн лидерлик жана өз тагдыры үчүн өзүнүн жоопкерчилиги темасында кезектеги тренинг өттү. «Устат-2» менторлук долбоорунун негизги максаты инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жакшыртууга, бизнес, илим жана техника чөйрөсүндөгү кыздарда өз алдынчалыкты, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу болуп ...
27.01.2015

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: Айжан Казакбаева – телекөрсөтүүнүн алып баруучусу, журналист, НТС телеканалында кечки жаңылыктардын диктору

Ишембиде, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында телекөрсөтүүнүн алып баруучусу, журналист, НТС телеканалында кечки жаңылыктардын диктору Айжан Казакбаева «Гадкий утенок» жомогун окуп берди.  
27.01.2015

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын Ош шаарына визити болду

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Ош шаарына жумушчу визити болуп өттү.   Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуулар өттү, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мектеп окуучуларынын таза жана сарамжалдуу тамак-ашынын идеяларын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын тармагын өнүктүрүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү;   - 2015-жылдын ...
22.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады

Бүгүн КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады.   Иш сапардын жүрүшүндө көптөгөн жолугушуулар болду, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - сапаттуу мектеп тамак-ашын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камтууну арттыруу;   - Кыргызстан ...
21.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Талас облусунун региондоруна жумушчу визити болуп өттү

Бул иш-чаранын максаты мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча долбоорду турмушка ашыруу менен таанышуу, Мектеп тамак-ашы улуттук программасынын концепциясы жөнүндө маалымдар болууну жакшыртуу болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле ата-энелер, мугалимдер, окуучулар менен жолугушуулар болуп өттү.   Иш сапар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана ...
19.01.2015

Балдар жазуучусу Азада Арзыбаева китеп окуп берди

Ишембиде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында "Раритет" дүкөнүндө салтка айланган иш-чара болуп өттү. Бул жолу балдар жазуучусу Азада Арзыбаева китеп окуп берди.
16.01.2015

Блокадачылар үчүн угуу аппараттары – «Мекендештер» Форуму аракетте

2015-жылдын 14-январында Улуттук госпиталдын поликлиникасында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн Кыргызстанда жашаган Ленинграддын блокадачыларына угуу аппараттарын тапшыруу акциясы өттү. Угуу аппараттары биздин мекендешибиз Арстанбек Саргалдаев башчылык кылган «Мурас» Кыргыз-Америкалык Альянсы тарабынан алып келинди. Бул акция үч бирикменин: «Наша Победа – Биздин Жеңиш» издөө кыймылынын, Кыргызстандын блокадачылар коомунун ...
10.01.2015

Асылбек Өзүбековдон балдар үчүн «жандуу» китеп окуу

Бүгүн «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында театр жана кино актеру Асылбек Өзүбеков китеп окуп берди. Сахна жылдызы менен жолугушууга ата-энеси менен балдар гана эмес, ошондой эле университеттердин студенттери келди.   Бул жөн гана китеп окуу эмес, бул бүтүндөй мини-спектакль, балдар менен жандуу жана абдан кызуу маектешүү болуп өткөнү түшүнүктүү болушу үчүн биз атайын көбүрөөк фотосүрөттөрдү жайгаштырууну ...
05.01.2015

Флоренциядан келген биздин мекендешибиз Назира Ажимудинованын «Италиядагы ресторан бизнеси өзгөчөлүгү» аттуу презентациясы өттү

4 январь 2015 жылы “Прего Достук” ресторанында Флоренциядан келген биздин мекендешибиз Назира Ажимудинованын “Италиядагы ресторан бизнеси өзгөчөлүгү” аттуу презентациясы өттү. Назира Италияда 12 жылдан бери жашап жана эмгектенип жатат, акыркы 4 жылдан бери La Scesa ресторанында экинчи тамактын ашпозчусу болуп иштейт. Бүгүнкү кезигүүнүн катышуучулары бул – ресторан бизнесинин жана отелдердин өкүлдөрү, технологтор, тейлөөчүлөр, Ыссык-Көл ...
20.12.2014

«КЭРдин орто билим берүүсүнүн сырлары»

19-декабрда КЭРдин орто билим берүү системасы жөнүндө лекция өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БГУнун алдындагы Конфуций Институту менен бирдикте уюштурду. Лекцияга Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери жана окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык факультетинин, Баласагын атындагы КМУнун алдындагы Кыргыз-Кытай институтунун студенттери менен педагогдору чакырылды. КЭРдин орто билим ...
20.12.2014

Бишкекте «Төө буурчак жана Ашкабак» темасы боюнча ачык мастер-класс өттү

2014-жылдын 18-декабрында Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду төө буурчактан жана ашкабактан тамак жасоо боюнча биринчи жолу «Төө буурчак жана Ашкабак» темасы боюнча ачык мастер-классты өткөрдү. Мастер-класс БУУнун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен жана Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети жана «Тюбетейка» ресто-клубу менен өнөктөштүктө ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»