Пресс-центр Сүрөт галереясы

18.02.2015

Билим кербени: Бишкек шаарынын мектептери боюнча табигый илимдердин көчмө өнөрканасы

14-февралда № 84 орто мектепте (“Ак-Өргө” турак-жай конушу) «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» долбоорунун алкагында биринчи иш-чара болуп өттү. «Таалим-Форум» коомдук фондунун өкүлдөрү 10- жана 11-класстардын окуучуларына Бишкек шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө презентацияны сунуш кылды, «Жагымдуу шаар» документалдык фильмин көрсөттү жана викторина өткөрдү. Викторинанын жыйынтыктары боюнча мектеп окуучулары «Таалим-Форум» ...
16.02.2015

Баткен облусуна ишсапар болуп өттү

Ишсапарга КР ЖК депутаты Орозова Карамат, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түштүк регион боюнча өкүлү С. Айдаров, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Т.Т. Мамырбаева, Эл аралык коомдук фонддун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору А. Жооданбеков, Эл аралык коомдук фонддун адиси Данияр Сүйүндүк уулу катышты.   Ишсапардын жүрүшүндө 5-6-февралда Баткен облусунда Газ айылындагы Газ атындагы орто мектепке жана «Бүчүр» ...
16.02.2015

«Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийдин» экинчи лекциясы

Өткөн жумада, 2015-жылдын 13-февралында, № 70 гимназия мектебинде Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийдин алкагында уюштурулган экинчи лекция өттү.   Лекцияга шаардын 83 мектебинен география, биология жана химия мугалимдери, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университеттин өкүлдөрү катышты.   Орнитолог, биология илимдеринин кандидаты, география илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек ...
13.02.2015

12-февралда «Устат» долбооруна катышкан кыз-келиндер 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстанда мыкты китепкана аталган К.Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканага барды

12-февралда «Устат» долбооруна катышкан кыз-келиндер 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстанда мыкты китепкана аталган К.Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканага барды. Мекеменин кызматкерлери бүткүл имарат боюнча мектеп окуучулары үчүн экскурсияларды дайыма өткөрүп, бардык бөлүмдөрдүн функциялары жана мазмуну жөнүндө кең-кесири айтып берип турат. Кыздарга китепти көп окуу, рухтун жакырдыгынан арылуу, К. Тыныстанов, Ч. ...
12.02.2015

«Цзяньчжи» кагаздан оюу кесүүнүн салтка айланган кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класс өттү

12-февралда Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин кинозалында «Цзяньчжи» кагаздан оюу кесүүнүн салтка айланган кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класс өттү.   Көркөм өнөрдүн кытай булактарына ишенсек, «Цзяньчжи» дээрлик 2000 жыл мурда пайда болгон. Борбордук жана Батыш Кытайда археологиялык казуулардын учурунда табылган кагаздардын үзүктөрүн Цзяньчжини Хань династиясынын (биздин доорго чейинки 202-16 жылдар) башкаруусунун мезгилине ...
10.02.2015

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: балдар жазуучусу Токтосун Самудинов

Акын, журналист, эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, А. Осмонов атындагы жана Т. Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты, «Байчечекей» балдар журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов балдарга үн чыгарып өз чыгармаларын окуп берди.  
05.02.2015

«Устат» долбооруна катышкан кыздар коньки тепкенди үйрөндү

Сергек жашоо ыңгайын колдоо максатында «Устат» менторлык долбоорунун катышуучулары 2-февралда шаардык көк жылгаякка барды. Катышкан кыздардын жарымынан көбү коньки кийди. Мекеменин тажрыйбалуу инструкторлору аренада муз тебүү учурунда башына сөзсүз каска, тизе жана чыканак үчүн зарыл аксессуарларды кийүү, конькинин боосун туура байлоо жөнүндө, ошондой эле муз тебүүнүн эрежелери жөнүндө айтып берди.   Эгерде кыздар жаңыдан муз тээп баштаганда ...
04.02.2015

Р. И. Отунбаеванын Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына сапары болуп өттү

КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И.Отунбаева менен ишсапарга азык-түлүк программасы боюнча БУУнун программасынын Өлкөлүк директору Рам Сараванамутту мырза, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түндүк жана түштүк региондору боюнча өкүлдөрү У. Раимкулов, Н. Абабакиров, Ш.Ходжаев, С.Айдаров, А. Арзанова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Т.Т. Мамырбаева, КР Социалдык өнүгүү ...
31.01.2015

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Чүй облусунун активи менен жолугушуусу болуп өттү

26-январда Роза Исаковна Отунбаеванын Чүй облусунун Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун жана Токмок шаарынын активи менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууга 200дөн ашык адам катышты, төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   1. Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун оң тажрыйбасын презентециялоо менен мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин ...
30.01.2015

Жаңы конуштардагы мектептерден «Устат-2» долбооруна катышкан жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн кезектеги тренинг өттү

29-январда жаңы конуштардагы мектептерден «Устат-2» долбооруна катышкан жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн лидерлик жана өз тагдыры үчүн өзүнүн жоопкерчилиги темасында кезектеги тренинг өттү. «Устат-2» менторлук долбоорунун негизги максаты инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жакшыртууга, бизнес, илим жана техника чөйрөсүндөгү кыздарда өз алдынчалыкты, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу болуп ...
27.01.2015

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: Айжан Казакбаева – телекөрсөтүүнүн алып баруучусу, журналист, НТС телеканалында кечки жаңылыктардын диктору

Ишембиде, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында телекөрсөтүүнүн алып баруучусу, журналист, НТС телеканалында кечки жаңылыктардын диктору Айжан Казакбаева «Гадкий утенок» жомогун окуп берди.  

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»