Пресс-центр Сүрөт галереясы

04.04.2015

«Жашыл Бишкек – мектеп жанындагы участокторду жашылдандыруу» акциясы аяктады

Бүгүн, 4-апрелде, «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында эки күндүк «Жашыл Бишкек» акциясы аяктады. Бүгүн № 15, №2, №51 мектептерде көчөттөр отургузулду.    3-4 апрелде Бишкектин алты пилоттук мектебинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык ...
03.04.2015

Жалал-Абадда Р.Отунбаеванын катышуусундагы форумда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзүлүүдө

Бүгүн, 3-апрелде Жалал-Абад шаарында экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Аялдардын коомдогу ролу» форуму өтүп жатат. Учурда иш-чаранын катышуучуларына кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөгө коюлган буюмдары көргөзүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.  Бул форумга жалпысынан 400дөн ашуун кыз-келиндер катышууда. Форумга Ысык-Көл, Баткен, Ош облустарындагы аялдар кеңешинин төрайымдары да келди.Turmush 
03.04.2015

Бишкектин мектептеринде көчөттөр отургузулду

Бүгүн Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында көчөттөр отургузулду. Бул акция Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Жашылдандыруу фондунун» колдоосу аркылуу уюштурулду, ал 2012-жылы «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын демилгеси боюнча Ага Хана ...
02.04.2015

Балдар китебинин эл аралык күнүнүн урматына Баялинов атындагы китепканада «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү

2015-жылдын 2-апрелинде балдар китебинин эл аралык күнүнүн урматына Баялинов атындагы китепканада кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү. Белгилүү ырчы жана актриса Чолпонай иш-чаранын мейманы болуп калды. Ал балдар чыгармаларын эки тилде: немец жазуучусу Александр Штеффенсмайердин «Лизелотта: охота на почтальона» жомогун – орус тилинде, Бозум Алышбаевдин «Мен көргөн кызыктар» чыгармасын кыргыз тилинде окуп берди. Бул китептер NGO ...
02.04.2015

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү жана экологиялык эксперттер эртең мененки «Замана» программасында сөз сүйлөдү

Бүгүн, 2-апрелде, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун менеджери жана «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» акциясынын координатору Сүйүндүк уулу Данияр, ошондой эле эко-эксперттер Эмиль Шукуров менен Илья Домашов Коомдук биринчи каналга «Замана» программасына чыгып, көчөттөрдү туура отургузуу жөнүндө айтып берди.   «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» акциясынын максаты мектептердин аймагында жагымдуу ...
30.03.2015

Бишкек шаарынын мектеп директорлору үчүн эко-долбоордун жана үчүнчү Билим берүү фестивалынын презентациясы

Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурган Бишкек шаарынын мектеп директорлорунун кеңешмесинин алкагында 2015-жылдын 27-мартында № 73 гимназия мектепте үчүнчү 2015 – Билим берүү фестивалынын презентациясы өттү. Быйылкы жылы Фестиваль «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат, ал шаарда сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу ...
29.03.2015

Ошто «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн ачылышы болду

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 27-мартында Ош шаарындагы Улуттук корук музейде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачты. Белгилеп кетели, ал 2015-жылдын 30-апрелине чейин уланат.   Ачылыш күнү мейман катары музейдин директору А. Тургунбаев, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Германиянын ...
28.03.2015

2015-жылдын 27-мартында Ош шаарында «Үч жаштан кийин кеч» китебинин презентациясы болуп өттү

2015-жылдын 27-мартында Ош шаарында М.Горький атындагы орто мектепте Сони корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” ассоциациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын дүйнөгө кеңири таанымал “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин кыргыз тилинде чыгарылышынын презентациясы болуп өттү. Презентациялоону “Р.И.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева өткөрдү. Масару ...
19.03.2015

Азербайжан музыкалык маданиятына арналган «Музыка – элдин дили» концерт-лекциясы толук аншлаг менен өттү

2015-жылдын 17-мартында Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында «Музыка – элдин дили» долбоорунун алкагында азербайжан музыкалык маданиятына арналган концерт-лекция өттү. Концертти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул долбоорго көмөк көрсөткөн ЮНЕСКОнун финансылык колдоосу аркасында Азербайжан Республикасынын Элчилиги менен бирдикте уюштурду.   Аншлаг менен өткөн концертте: Ноорузду майрамдоонун музыкалык салты, бийлер, ...
17.03.2015

«Устат-2» долбооруна катышкан кыздар И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда болду

10-мартта И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда «Устат-2» насаатчылык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте Ачык эшик күнү өттү.   Бул иш-чарага долбоордун катышуучулары, жаңы конуштардагы мектептердин директорлору, мектеп окуучулары, мугалимдер жана Кыргыз-Герман Техникалык Институтуна кирүү жөнүндө көптү билүүнү каалагандардын бардыгы чакырылды.   Иш-чаранын ...
16.03.2015

Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн К.И. Скрябин атындагы КУАУда экология боюнча Лекторий өткөрүлдү

2015-жылдын 13-мартында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетте кыргыз мектептеринин мугалимдери үчүн лекциялар өттү, алар Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча Лекторийдин алкагында өткөрүлүп жатат.   Лекциялар мектептердин аймактарында жашылчаларды жана жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү темаларына, өсүмдүктөрдү туура өстүрүүгө жана дарылоого, аларды зыянкечтерден жана ар кандай ылаңдардан коргоо темаларына арналды. Лекциялар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»