Пресс-центр Сүрөт галереясы

01.10.2018

«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 28-сентябрь күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Т.Сатылганов атныдагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналган “Жолдогу сентябрь” поэзия кечесин өткөрдү.


Азыркы учурда Москвада жашап, эмгектенген акын кыздар Н.Гургубаева жана Н.Өмүрбаева поэзия сүйүүчүлөргө өздөрүнүн Ата журт, өмүр, сүйүү , миграция темасындагы ырларынан окуп беришти. Н.Гургубаеванын


“Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,

Күн өткөргөн сенсиз, ансыз, башкасыз

Жашап келем жашап болбос калаада

Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз “


деген миграция темасындагы ырлары көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн бөтөнчө түнөк таап, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Н.Өмүрбаеванын болсо


“Жаратчудай бир шедевр бул түндө

Жалгыз адам мен бул үйдө жата элек

Сирень ачкан терезенин түбүндө

Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек”


деген лирикасы көрүүчүлөргө таасир калтырып, ыр тарыхына карата кызыктырган суроолорду жаратты.


Акындар көрүүчүлөр тарабынан кат жүзүндө берилген бир канча суроолорго жооп берүү менен өздөрүнун чыгармачыл дүйнөсүн дагы бир ирет ачып бергендей болушту.


Кече соңунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.Отунбаева сөз сүйлөп, акын кыздардын бул поэзия кечеси башкача өткөнүн жана алардын ырларынын муңдуу жана сагынычтуу кайрыктарга толуп турганын белгиледи.


КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Иманалиев болсо өз сөзүндө акын кыздардын ыр дүйнөсүнө байсалдуу жол каалады.


Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барды. 

Акыркы жаңылыктар

10.12.2018

Жакын адамдарга кубаныч тартуулагыла жана жакшы иштерди жасагыла

Кымбаттуу достор жана өнөктөр! Жыл сайын Жаңы жылдын алдында биз силерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду сүрөтчү Х.Ф.Шимова менен бирге чыгарган открыткаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Открыткаларды сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар балдар билим берүүдолбоорлорун колдоого жумшалат. Бул открыткаларды өзүңөржана өз жакындарыңар үчүн сатып алуу менен силер Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын ...
06.12.2018

Эл өкүлү бөбөктөргө китеп окуп берди

2018-жылдын 5-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты А.К.Касымалиева Ош шаарындагы «Байчечекей» бала бакчасында болуп, «Балдарга жаӊы жылдык белек-Акылдуу китеп» акциясынын алкагында бөбөктөргө китептерди окуп берди. Эл өкүлү окуп берген «Ынтымак сыры» жана «Кыргызстанды кыдырабыз» китептери «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан даярдалып, жарыкка чыккан. Китептер өзүнүн мазмууну жана таанып ...
04.12.2018

Балдарга жаңы жылга белек - Акылдуу китеп

 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте жаңы жылдын алдында «Балдарга жаңы жылга белек- Акылдуу КИТЕП» акциясын баштайт. Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлун окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн калыптандырууда китептин баалуулугун көрсөтүү. Аталган акцияны 5-декабрь күнү КР Жогорку Кенешинин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарындагы ...
03.12.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2018-жылдын декабрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2018-жылдын декабрына иш-чараларынын дайджести  6-декабрь - Менталдык арифметика “Intelligent” боюнча мастер-класс Качан: 6-декабрь, башталышы саат 14.00 Кайда: И.Арабаев атындагы КМУ (чоң жыйын залы) «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Баланы өнүктүрүү мектеби» брифинг-аянтчасынын ишинин алкагында Менталдык арифметика “Intelligent” боюнча мастер-классты ...
02.12.2018

Нью-Йоркто Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматында иш-чаралар өттү

28-ноябрдан тартып 30-ноябрга чейин Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Колумбия Университетинде көрүнүктүү советтик жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган илимий жана маданий иш-чаралардын сериясы өттү.   Бул жолугушуулар Кыргыз-америкалык фонд (Kyrgyz American Foundation), Колумбия Университетинин алдындагы Гарриман Институту (Harriman Institute at Columbia University) жана Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америкалык Университет (American University of Central Asia) ...
02.12.2018

«Тагдыр каармандары» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 29-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында “Тагдыр каармандары” аттуу поэзия кечеси чоң аншлаг меннен болуп өттү. Кече акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун жана Гүлбарчын Исаеванын чыгармачылыгына арналды. Иш чара учурунда акындар өздөрүнүн ырларынан окуп беришти. Ошондой эле Мусакун Сатыбалдиевдин ырларын И.Арабаев атындагы ...
30.11.2018

Эне мектептерине жакындан жардам

Өлкөбүзгө жаңы системанын кирип келиши менен көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Айрыкча менчиктештирүү балдарды камкордукка алууга кедерги берди. Себеби көптөгөн бала бакчалар менчиктештирилип кетти. Ушундан улам балдар бала бакчаларга барыша албай калышты. Андан сырткары жумушсуздуктун айынан сырткы жана ички миграция күч алды. Бала бакчалар жоюулганы аз келгенсип, миграциядан улам балдарга ...
29.11.2018

№72 гимназия мектептин окуучулары үчүн эко-тарбиялоо боюнча билим кербени

29-ноябрда № 72 гимназия мектебинде ушул окуу жылындагы үчүнчү «Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өттү, ал жерде эко-долбоордун өкүлдөрү 10-класстардын 80ден ашык окуучусу менен жолугушту жана алар үчүн интерактивдүү лекция-презентацияны өткөрүп, алар менен экология темасына дискуссия кылды. Кербендин жүрүшүндө жогорку класстардын окуучулары «адам туулуп-өскөн жерине кандай зыян алып келет», «пластик, таштанды жана булганган аба ден ...
29.11.2018

17-декабрда Улуттук филармониянын Чоң залында көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин презентациясы өтөт

 Кымбаттуу достор!   Силерди жана силердин балдарыңарды көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин презентациясына чакырабыз, ал 17-декабрда саат 12-00дө Улуттук филармониянын Чоң залында өтөт.   Биздин белгилүү замандаштарыбыз – Кыргызстандан композитор, Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, Казакстандан скрипачка, Улуттук көркөм өнөр Университетинин ректору Айман Мусаходжаева, Өзбекстандан опералык ...
29.11.2018

Жигердүү ишмердиктин жемиши

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Муну менен, аталган документте белгиленгендей, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»