Пресс-центр Сүрөт галереясы

30.01.2018

Январь айында Бишкектин сегиз жаңы конуштарында «Көчмө өнүгүү борборлору» иштеди

Үстүбүздөгү жылдын 19-январынан 29-январына чейин “Көчмө өнүгүү борбору”нун алкагында борборубуздун сегиз жаңы конуштарында “Балдардын эрте курактагы өнүгүүсүндө китеп окуунун мааниси” деген темада 12 тренинг өткөрүлдү. Бул иш-чараларга 400гө жакын ата-эне жана 441 балдар катышты.


Тренингдерди өткөрүүгө балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы мыкты адистер, педагогдор, балдар жазуучулары, “Рабаят” куурчак театры жана Бишкек шаарындагы №186 бала бакчанын методисттери жана тарбиячылары чакырылды. Аталган бала бакча иш чарага келгендерге жомокту коюп беришти. Келгендердин баары тренингдерге жана ата-эне менен балдардын биргелешип иштөөсүн чагылдырган ыкмаларга абдан ыраазы болушту.


Иш чара учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Д.Ш.Кендирбаева балдардын эрте курактагы өнүгүүсүндө китеп окуунун мааниси тууралуу презентация жасады, жомок окуп берди жана балдар менен ойноонун интерактивдык ыкмаларын көрсөтүп, үйрөттү. Ошондой эле ал Фонд тарабынан басылып чыккан китептер тууралуу айтып берди. Китептер катышуучуларды абдан кызыктырды жана сабактын соңунда каалоочулар аларды сатып алышты.

 

Иш чара учурунда балдардын өнүгүүсү боюнча эксперт , Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебин кыргызчага которгон А.Жоодонбеков «Сиздин балаңыз- Гений» деген темада лекция окуду жана үй-бүлөдө балдардын эрте курагында акыл-эсин өнүктүрүүнүн ыкмалары тууралуу алардын суроолоруна жооп берди. Төрөлгөндөн жети жашка чейинки учурда мээнин жана психикалык жөндөмдөрдүн өнүгүшү боюнча презентация өткөрүлдү. Презентация абдан жогорку эмоционалдык деңгээлде болду. Ата-энелер суроолорго жооп беришти жана көп учурда балдарын туура эмес тарбиялап жаткандыктарын белгилешти. Ошондой эле үй-бүлөдө балдарды эрте куракта өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча ушундай практикалык көндүмдөр тууралуу көбүрөөк маалымат алууну суранышты.


Эрте куракта балдарды өнүктүрүу жаатындагы эксперт А.У.Агайдарова 3-6 жаш курактагы балдар үчүн интеллектуалдуу оюндар боюнча презентация жасады. Оюндар ошол замат балдар жана ата-энелер менен биргеликте аткарылды.


Балдарга жана ата-энелерге чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү (эс тутум, ой жүгүртүү, кеп) өнүктүрүүгө арналганматериалдар таратылды. Үй-бүлөдө балдар адабияты менен иштөө багытында: окуу, айтып берүү, балдардын суроосуна жооп берүү, сюжеттер боюнча оозеки оюндарды уюштуруу, сюжеттер боюнча сүрөт тартуу жана пластилинден кейипкерлерди жасоо, бөбөк-китебин кантип даярдоо, драматизация тууралуу кенен сунуштар берилди.


Иш чара алкагында “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоору боюнча белгилүү балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын ээси, ЮНИСЕФ жана Ага Хан фонд уюштурган конкурстардын жеңүүчүсү, балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон адабий каармандар Акылай жана Актанды жараткан Жылдыз Акаева өзүнүн китебинен балдарга жана ата-энелерге окуп берди. Ошондой эле ал өзү жасаган чий куурчактарын балдарга көрсөттү. Алардын суроолоруна жооп берди.


“Рабаят”театрынын көркөм жетекчиси, драматург, режиссер, актриса, балдар жазуучусу Бурул Асакеева иш-чаранын катышуучуларына өзүнүн “Кубулуш” жана башка жомокторун окуп берди, жомоктордун сюжети боюнча куурчак театрын көрсөттү. Бул балдарда да, ата-энелерде да зор кызыгууну жаратты. Балдар ата-энелери менен чогуу отуруп, өздөрү жомокко аралашып кетишти.

Белгилүү теле алып баруучу , кино жана театр актрисасы Назира Айтбекова “365 кун жомок”китебинен жомокторду окуп берди жана өзүнүн ийгиликтеринин сыры менен бөлүшүп, балдарга жана ата-энелерге шаңдуу маанай тартуулады.


Ак-босого жаңы конушундагы тренингдин соңунда №16 МТУнун начальнигинин орун басары Т.Ч.Мусуркулов, Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармалыгынын башкы адиси Ч.Н.Майтикова Фондго өздөрүнүн чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

 

№16МТУнун №10 кварталдык комитетинин начальниги Исакова Жийдегүл: тренингке катышып жатып балдар менен «Улагым» деген ырды кошулуп ырдап жибергенимди билбей калыптырмын, бул долбоор биздин конушка абдан убагында келди, мен өзүмдүн неберелеримди эрте курагында кантип тарбиялоо боюнча ойлонуп жаткам, алар бул жерде көп нерсени үйрөнүштү. Бул менин неберелерим үчүн жана жаңы конуштун жаш ата-энелери үчүн абдан маанилүүү, чон рахмат»

 

13 неберелүү чоң апа Миңбаева Максуда буларды айтты: Мен КӨБдүн тренингдерине башынан бери катышып келатам. Бүгүн алтынчы ирет келдим. Менин неберелерим гигиена көндүмдөрү боюнча көп нерсени үйрөнүштү. Тренингдер мага, менин неберелериме абдан жакты. КӨБдүн окутууларынын баарына катышам деген ойдомун жана мындан кийин өзүмдө жакшы жагына өзгөрүү болот деген үмүттөмүн.


Асакеева Зарыйна төрт баланын энеси, ал төмөнкүлөргө токтолду: “Мен КӨБдүн тренингдерине катышып келатам. Бул жерде балдар үчүн абдан кызыктуу темалар тандалган. Тренингдерден улам мага жаңы ойлор пайда болду, өзүм да баладай бактылуу болуп, жашарып калдым. “Р.Отунбаеванын демилгеси” фондуна көп ийгиликтерди каалаймын, балдардын өнүгүүсү боюнча дагы көп нерсени биле алам деген үмүттөмүн”.


Калыс –Ордо жаңы конушунда КӨБдун тренингдеринин туруктуу катышуучусу Тиленбаева Перизат төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: “Мен КӨБдүн тренингдерине 2017-жылдан бери үзбөй катышып келатам. Көп нерсени үйрөндүм, башкысы менин беш балам бар, бирок ушул маалга чейин мен аларга көп көңул буралбай келгем. Ушуну ойлоп азыр абдан кейип отурам, көрсө алар кичине мезгилде көбүрөөк көңүл буруу керек экен. Мага окшогон ата-энелер көп. КӨБ өткөргөн тренингдерден балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча тажырыйбаларды дагы көбүрөөк алабыз деп ойлоймун”.


Шабданова Тумара: “Менин беш балам бар. Үйдө отурсам да балдардын эрте курактагы өнүгүүсүнө буга чейин маани берген эмес элем. Балдарга бул куракта көп көнүл буруу керектигин эми билип отурам. Бүгүн менин 4 жаштагы балам тренинг учурунда абдан жакшы сүрөт тартты. Анын сүрөткө шыгы бар экенин биринчи жолу байкадым.

 

Калмукамбет кызы Феруза: "Менин эки балам бар. КӨБдүн тренингдерине балдарымды дайыма алып келем. Бул иш чаралардан мен ата-эне балдарына кандай мамиле жасоосу керек, алар менен кандай оюндарды ойносо болоорун үйрөндүм. Мурда көп көңүл бурчу эмесмин. Азыр эки жарым жаштагы кызымдын бардык суроолоруна өз убагында туура жооп берем, аны менен ойноймун. Биз балдарга абдан дитибизди коюп, жакшы мамиле жасашыбыз керек экен, менде ушул сезим пайда болду”.


Калыс-Ордо жаңы конушунун тургуну, жаш акын Батыркулова Сайра: “Мен буга чейин Фонд уюштурган «Поэзия кечеси» долбооруна катышкан элем. КӨБдүн тренингдерине катышуу менен мен өзүм күтпөгөндөй көп нерсени ала алдым, ар б ир сабак катуу таасир этип, мага позитивдүү ой жүгүртүүнүн жана чыгармачылыктын үрөнүн септи. Мен балдарды тарбиялоо ишине жасаган мамилени тереңирээк билүүм керек экен деген жыйынтыккак келдим. КӨБдун адистерине ырахмат”.


Ала Тоо жаңы конушунун тургуну Сапаралиева Сыягул: "Мен уулум Усман экөобуз тренингдерге алтынчы ирет катышып жатабыз. Бизге абдан жагып жатат, менин уулум 80%га өзгөрдү. Анын ой чабыты кеңейди, бир нерсеге ачык, кызыкдар болуп мүнөзү өзгөрдү. Балдар бакчасына бара албаган биздейлерге камкордук көргөн Роза Исаковнага чон рахмат. Сабактарды белгилүу инсандар, эксперттер өткөрүп жатышат, бул да бизге татыктуу муунду тарбиялоодо шык жаратып жатат».


Ак-Өргөө жаңы конушунун тургуну Сыдыгалиева Айзада: "Мен абдан кубанычтамын жана биздин конушка келишкендиги үчүн Фондго ыраазылык билдирем. Көп нерсени үйрөндүм, таң калычтуусу менин эки жаштагы балам абдан жөндөмдүу экен, ал кагаздан түрдүү нерселерди жасап жатат, жөнөкөй эле материалдардан сонун арчаны жасап койду. Мен эми өзүм окуп, билим алып биздин конушта бала бакча ачайын деген ойдо болуп жатам».


Көк-Жар конушунун жашоочусу Чодурова Айгерим: “Балдар – биздин келечек, ушул сөздү кээде жөн эле айтып коёбуз. А «Роза Отунбаеванын фонду бизге өзүбүздүн жаркын келечекти билим берүү, өнүктүрүү аркылуу кантип камсыз кылууну көрсөтуп жатат. КӨБдүн тренингдеринен ата-эне менен балдар ортосундагы мамилени кантип куруу керектигин , балдардын эрте өнүгүүсү, ой жүгүртүүсү, көз карашы жана калыптануусу, китептерге кызыгуусу үчүн качан, кандай салымды кошушубуз зарыылдыгын үйрөндүк. Мен балдардын билиминен биздин конуштун, албетте, бүтүндөй Кыргызстандын келечеги көз каранды деп ойлоймун!»


Исраилова Индира Алайбековна: ”Мен 3 жаштагы балам менен төртүнчү ирет катышып жатам. Балам колду кантип туура жана таза жуушту үйрөндү. Азыр болсо мени ал күн сайын колуңду жуудуңбу деп көзөмөлгө алып калды. Буга Эжейи( ыктыярчы-окутуучу) үйрөткөнүн да эсинен чыгарбайт. Мен эрте куракта тарбиялоо боюнча жаңы ыкмаларды үйрөндүм».

Акыркы жаңылыктар

24.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси чоң аншланг менен өттү

2018-жылдын 23-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Кеченин жүрушүндө Э.Иманалиевдин поэтикалык саптары “Айтыш” фондунун акындар мектебинде билим алып жаткан жаштардын айтуусунда көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле ...
23.02.2018

У.Черчиллдин кыргыз тилинде чыккан китебинин бет ачаары болуп өттү

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында У.Черчиллдин кыргызча которулган китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн экс-премьер министрлери, экс-спикерлери, элчилер жана башка коомдук , мамлекеттик ишмерлер, чыгармычыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, даңазалуу саясатчы, мамлекеттик ишмер , Нобель ...
22.02.2018

ЖМК биз жөнүндө: Түркия: Балдарды өнүктүрүү - мамлекеттин башкы максаты

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун уюштуруусу менен алыскы Ат-Башы, Алай, Кочкор, Талас райондорунун, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери Стамбул шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Бул иш-сапарды Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB).    Түркия ...
22.02.2018

Китептин бет ачары: Уинстон Черчилл «Асти сынбагыла»

Эртең, 22-февралда, Бишкек шаарынын “Орион” отелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрөт. Аталган китеп 2017-жылдын аягында жарыкка чыккан. Кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” ...
21.02.2018

«Көчмө өнүгүү борборунун» күндөлүгүнөн. Көңул борборунда - коопсуздук

2018-жылдын 21-февраль күнү “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Көчмө өнүгүү борбору” өзүнүн кезектеги ишмердигин коопсуздук маселесине буруу менен улантты. Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте “Дордой” жана “Ак бата” жаңы конуштарынын наристелери жана ата-энелери үчүн атайын адистерден турган топ Жол коопсуздугу, Өрт коопсуздугу жана Жалпы коопсуздук темалары боюнча тренингдерди өткөрүштү. Тренингдерде кызыктуу ...
19.02.2018

Уинстон Черчиллдин «Асти сынбагыла« китебинин бет ачаары болот

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачаары болот. Аталган китеп 2017-жылдын акыркы айында жарыкка чыккан. Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында ...
13.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына ...
08.02.2018

2018-жылдын февралына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун иш-чараларынын дайджести

2018-жылдын февралына   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   иш-чараларынын дайджести 8-9-февраль– «Баткен областында туризмди өнүктүрүү» семинар-тренинги Кайда: Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагыЫйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосундагы семинар–тренинг. Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм ...
06.02.2018

Февралда Баткенде туризмди өнүктүрүүгө арналган семинар-тренинг өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2018-жылдын 8-9-февралында Баткен областында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосунда 2 күндүк семинар-тренингди өткөрүүнү пландаштырып жатат. Иш-чарагаошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Топтун Ош шаарындагы региондук офисинин ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Фестиваль образования - 2017. День 1.

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»