Пресс-центр Сүрөт галереясы

17.03.2015

«Устат-2» долбооруна катышкан кыздар И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда болду

10-мартта И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда «Устат-2» насаатчылык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте Ачык эшик күнү өттү.

 

Бул иш-чарага долбоордун катышуучулары, жаңы конуштардагы мектептердин директорлору, мектеп окуучулары, мугалимдер жана Кыргыз-Герман Техникалык Институтуна кирүү жөнүндө көптү билүүнү каалагандардын бардыгы чакырылды.

 

Иш-чаранын башталышында КМТУнун ректору Туратбек Дуйшеналиев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева, DAAD маалымат борборунун жетекчиси Яна Дюммлер жана КГТИнин директору Анипа Усупкожоева саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Сүйлөгөндөр өз сөзүндө илимий-техникалык адистиктер бүгүнкү күндө абитуриенттер арасында популярдуу болуп баратат, анткени бул кесиптердин чеги жок жана бардык жерде талап кылынат деп белгиледи. КГТИнин бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы ишке орношоорун белгилеп кетүү керек.

 

КГТИнин окутуучулары болуп Германиянын жарандары, ошондой эле кыргызстандык профессорлор саналат. КГТИде окуу мезгилинде студенттерде Германияда жайкы мектептен өтүү, ошондой эле Германияда окуу үчүн стипендия алуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Учурашуу сөздөрүнөн кийин кафедра башчылары презентациялар менен сөз сүйлөдү. КГТИге «Электроэнергетика», «Логистика», «Телематика», «Механика жана өнөр жайлык инженерия» багыттары боюнча тапшырууга болот.

 

Ошондой эле катышып жаткандар үчүн концерт уюштурулду.

 

Төмөндө иш-чара жөнүндө долбоордун катышуучуларынын бири Перизат Анарбекова жазган макала келтирилген.

 

ЭКСКУРСИЯ!!!

Ошентип, мен дайыма техникага байланышкандын бардыгы (техникалык билим) кыздарга жарабайт деп ойлочумун, андыктан эмне үчүн кыздардын көпчүлүгү техникалык билимди тандабайт деп суроо берчүмүн.

Биздин өлкөдө мындай стереотип орун алган: аял үйдүн кутун сактоочу болууга жана чоңойгондо бүт өмүрүн балдарды тарбиялоого жана үйдөгү бейпилдикти сактоого тийиш. Көпчүлүк кыздар таптакыр жогорку билим алгысы келбейт, муну алар өз убактысын бекер коротунун кажети жок, анткени үйдүн кутун сактоо үчүн сөзсүз эле университетти бүтүрүнүн кереги жок деп далилдешет. Алардын айрымдары кантсе да «элге көрүнүү үчүн» жогорку билим алат. Техникалык эмес адистиктер боюнча окуган кыздардын 22%ы университетти аяктагандан кийин баш-оту менен үй түйшүгүн көтөрүүнү каалайт; техникалык кесиптегилердин арасында – мындай кыздар табылган жок. Эмнегедир көпчүлүк кыздар билимди, мансапты жана үй камкордуктарын бул иштердин бирине да зыян келтирбестен айкалыштырууга боло тургандыгын элестете албайт.


Менин көз карашым боюнча, кыздар техникалык илимдерди таптакыр тандабай коюусуна өтө таасир эткен дагы бир стереотип – бул окутуу профилдерин «аялдарга» жана «эркектерге» деп бөлүү. Мындай бөлүштүрүү жөнүндө мектептен тартып эле эске сала башташат, ошондуктан балдар ички сезиминде алар жыныстык белгиси боюнча аткарууга «боло турган» жана «болбой турган» нерселерге бөлө баштайт. Өз сөзүмдү ырастоо үчүн бир журналисттин: «Эмне үчүн силер техникалык адистикти тандаган жоксуңар?» деген суроосуна көпчүлүк кыздар бул «аялдардын иши эмес» деп жооп бергенин айта алам. Студент кыздардын 25%ы математикада, физикада жана программа түзүүдө кыздарга орун жок деп эсептейт.


Кыздардын көпчүлүгүндө (ошондой эле кыздарда гана эмес) дагы бир: техникалык адистикти окуу башкасына караганда алда канча татаал деген пикир түзүлгөн. Менимче, эгерде сен сабактан канагат алсаң, бирок коркуудан улам таптакыр башка кесип боюнча жогорку окуу жайын тандасаң, анда окууга алда канча көп күч-аракеттерди жумшайсың жана ал аз келгенсип, кесипти туура тандай албай калдым деп өзүңдү-өзүң жемелей бересиң. Техникалык институтка бүгүнкү сапар бардык стереотиптерди толугу менен чийип салды. Азыркы дүйнөдө, технологиялар дүйнөсүндө технология тармагында окуу керек (анткени алар кандай болгон күндө да көп талап кылынат) жана сен жигитсиңби же кызсыңбы – анын мааниси жок, дал ошондуктан биомединциналык факультетке тапшырууну көздөп жатам. Бүгүнкү күн өтө үзүрлүү жана өтө бурулуштуу болду, эгерде бүгүн мен экскурсияга барбаганда, мен мындай факультет жөнүндө билмек да эмесмин. Бизди чакыргандыгы, бул маалыматты зарыл деп эсептелгендиги үчүн биздин координаторлорго ыраазычылык билдирем. Ушундай жылуу кабыл алгандыгы үчүн Техникалык институтка да ыраазычылык билдиргим келет.

 

Акыркы жаңылыктар

15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...
17.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балам мыкты болсун десеңиз

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Балам мыкты болсун десеңиз” аттуу китептин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов менен балага эрте жаштан баштап көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маек курдук.
13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»