Пресс-центр Сүрөт галереясы

20.02.2018

Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк.

11-февралдан 14-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада шилтеме боюнча>>>

 

15-февралда топ Бакыркей Муниципалитетиндеги аялдар колониясынын аймагында турган “Адалет” балдар бакчасына барды. Бул өзүнчө түрдөгү кайталангыс долбоор, алардын айтымы боюнча, дүйнөдө мындай балдар бакчасы жок. Балдар бакчасы 3 жылдан бери иштеп жатат. Бакчада 46 бала бар – булар камактагы аялдардын балдары жана абактын кызматкерлеринин балдары. Балдар түнкүсүн энеси менен боло, ал эми 8:00дөн 16:30га чейин балдар бакчасында болот. Бул жерде окутуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле балдар менен психологдор иштейт, ар кандай мастер-класстар, атка мингизип сейилдетүү жана башкалар жүргүзүлөт. Бакча Түркиянын Билим берүү министрлигинин жана Юстиция министрлигинин ортосундагыэки тараптуу кызматташтыктын учурунда түзүлгөн.

 

Ушул эле күнү делегация Кючюкчекмеже Муниципалитетиндеги “Папатя” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе токочторду бышыруу үчүн мештер бар. Ушунун бардыгы балдар бакчасынын директору Булент Идемирдин аркасында болду, ал өзүнүн ишин жана балдарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн бакчанын шарттарын жакшыртуу үчүн бардыгын жасайт.

 

16-февралда балдарды Эсенлер Муниципалитетиндеги Эне жана балдар борборунда тосуп алышты, бул жерге балдар борборго 3 саатка барышат, алэмибул учурда энелер үчүн ар түрдүү темалар жана багыттар боюнча тренингдер өткөрүлөт.

 

Андан соң топ Багжылар Муниципалитетине барды, ал жерде балдар бакчасынын, жабык балдар аянтчасынын, ДМЧАлар үчүн борбордун жана Аялдар үчүн маданият, көркөм өнөр борборунун иши менен таанышты. Бул жерде калктын бардык катмарларына көңүл бурула тургандыгын белгилеп кетүү керек. Ошол эле кечте сапардын катышуучуларына сертификаттарды расмий тапшыруу болуп өттү, ал жерде балдар сапарды уюштургандыгы үчүн Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын Башкы катчысы Фахри Солахка ыраазычылык билдиришти.

 

17-февралда делегация Стамбул шаарынын ажайып жерлери менен таанышты. Султан Ахметте, Айя Софияда, Миниатюркта жана башка жерлерде болду жана кечинде үйгө Бишкекке аман-эсеп кайтып келишти.

 

Эске сала кетсек: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору», «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борборлору», «Бешик ыры» долбоорлорунун жана башка долбоорлорунун 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулду.

 

КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитеттеринин билим берүүсүнүн мектепке чейинки тутуму менен таанышты.

 

Визиттин максаты – Түркия Республикасынын билим берүү тутуму менен таанышуу, кенже жана наристе курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу.

 

Акыркы жаңылыктар

21.06.2018

Роза Отунбаеванын чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрпылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын чет жакта жашап. эмгектенип жүргөн мекендештерге видео-кайрылуусу
19.06.2018

Окутуучу жана өнүктүрүүчү материалдарды сатып алууда ТИКА «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен жардам берип жатат

Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) оюнчуктарды жана канцеляриялык товарларды сатып алууда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен колдоо көрсөтүп жатат. Быйылкы жылы ТИКА 1 163 800 сом суммасына колдоо көрсөттү. Бул каражаттарга бүткүл Республика боюнча 50 Жайлоо өнүгүү борборлору оюнчуктар жана канцеляриялык буюмдар менен камсыз ...
17.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 14-июнунда ...
13.06.2018

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо

Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт. Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат. Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, ...
12.06.2018

АКШнын КРдагы Элчилиги «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» кыргыз тилиндеги 1200 китепти тартуулады

АКШнын КРдагы Элчилиги жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдарды катары менен эки жылдан бери өзүнүн китептери менен кубандырууда. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен чыгарылган төрт аталыштагы жалпы саны 1200 нуска болгон китептерди АКШнын КРдагы Элчилиги «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна белекке берди. Китептердин аталыштары: Доктор Сьюз «Эртель ташбакасы», Жаклин Келли «Келпурнии ...
12.06.2018

Көңүл айтабыз

Ушул күндөрү балдар адабияты оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында таланттуу акын Асек Казиев дүйнө салды. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөн. Чыгармачылыкка жетилген курагында аралашса да балдарга , жаштарга арналган ырлардан турган 30 китепти жазып, жарыкка чыгарууга жетишкен. Анын “Жети-Өгүз кайрыктары» (2000),«Балбай баатырдын керээзи» (2003),«Сарногоевка салам кат» (2003),«Айтылбай калган ...
05.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» - чыгармачылык кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы. Кече ...
04.06.2018

Роза Отунбаева «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнө барды

«Асанбай» борборунун галереясында «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнүн ачылышы болду. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, ушундай иш-чараларды өткөрүү руханий жактан өсүүгө жана маданияттардын өз ара байышына түрткү болот деп белгиледи.   Көргөзмөдө ар кандай медиаларда иштеген үч сүрөтчүнүн иштери сунуш кылынган.   Сүрөтчүлөр Грузиянын маданиятынын байлыгын жана назиктигин чагылдырып турат. Нино Кипшидзе ...
01.06.2018

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү. Иш-чарагаКыргыз Республикасынын ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»