Пресс-центр Сүрөт галереясы

06.08.2018

Пост релиз «Түштүккө сапар. Конок мугалим-2018»

3 жылдан бери «Жайлоо онугуу борбору» долбоорунун алкагында долбоордун эң мыкты өнөктөштөрүн аймактардагы Жайлоо ѳнүгүү борборлорун кѳргѳзүп, тажрыйба алмашуу жана ал жерлердеги тарыхый- маданий жайлар менен тааныштыруу ишке ашырылууда.


“Конок мугалим-2018” күндөлүгүнөн:


28.07-2.08 чейин Тундук аймагынан Туштук аймагына 6 адам, Туштуктөн Тундуккө 7 адам –бала бакчалардын, балдардын чыгармачылык борборлорунун жетекчилери, тарбиячылары барып тажрыйба алмашып, пикир алышып кайтышты.


Ысык-Кол облусунун Ак-Суу районунун Балдар билим борборунун директору Абыкеева Гулнур мындай деп өзүнүн пикири менен бөлүштү: «28-июль күнү Бишкек шаарынан түштүк тарапты кѳздѳй бет алдык. Төө Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайларынын эстен кеткис ажайып кооз жаратылыш кооздугу таң калтырды. Чалкып жаткан Суусамыр өрөөнү , ал жайлоодогу элдин кѳптүгүн көрүп таң калдык, мандайыбыз жарылып, малчылар менен баарлаштык. Жолдо карата кооз жерлерге күбѳ болдук жана Нарын дарыясынын Токтогул суу сактагычына куйган жерин кѳрүп, суктандык. Жалал-Абад облусунун Арстанбаб жангак токойунун койнундагы эс алуу жерлери, шаркыратмасы чоң таасир калтырды. Ал жердеги шаркыратмага барганда орто кылымдарга туш болгондой болдук . Алгач Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үнкүр айыл аймагына караштуу Кичи Кең Кол жайлоосундагы «Наристе» жайлоо ѳнүгүү борборунун иши менен таанышып, ал жердеги ата-энелер менен «Баланын ѳсүшү үчүн минералдар, жемиштер» деген темада маек куруп, балдар үчүн мастер класс ѳткѳрдүм жана балдарга кичинекей белектерди тапшырдым. Ошондой эле, энелерден курут жасоо ыкмалары, түрлѳрү, ийлѳѳнүн техникасы менен тааныштым. Андан соң, Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагына караштуу Кызыл Кыргызстан айылындагы №42 «Нурайым» балдар бакчасында болуп, балдардын ѳнѳрүнѳ күбѳ болуп, «Табият таануу» сабагына катыштык. Бул бала бакчанын жаңы типтеги имараты 1-июнда пайдаланууга берилгендигине карабастан, жашылдандырылып, гүл бакча болонгондугу менен кубандырды. Бул бала бакчанын жамаатынын кубанычтары, аракеттери бизге да дем берди десем жанылышпайм. Бул бала бакчанын директору Курманжан Мурашованын демилгеси менен 80 тутун жашаган, мектеби да, бала бакчасы да жок болгон Кызыл-Кыштак айылында Жайлоо бала бакчасы ачылган. Бала бакча суунун жээгинде боз үйдѳ жайланышкан, боз үйдү Шамалды-Сай заводунун директору Курбанкулов Тилебалды алып берген. Жергиликтүү активисттер, Аялдар кеңеши, Ден соолук комитеттеринин мүчѳлѳрү, ишкерлер менен айыл ѳкмѳтү менен бирдикте жергиликтуу калты мобилизациялап , 52 бала менен 12-июлдан тартып иш алып барышууда. Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагындагы Ажике жайлоосундагы 4 жайлоо бала бакчасынын ата-энелери, балдары менен тааныштык. Балдар үчүн бардыгыбыз ошондой эле, облус боюнча долбоордун координатору Шербаева Жыпара болуп шар менен сүрѳт тартуу, кагазга беттештирип сурѳт тартуу , ой жүгүртүү боюнча мастер класс ѳткѳрдүк. Ал эми ата-энелер үчүн Ажике жайлоо ѳнүгүү борборунун жетекчиси Кулмурзаева Аида «Кенже курактан балдардын ѳнүгүшү» темасында лекция окуп берди.


Мен үчүн бул аймактагы Жайлоо ѳнүгүү борборлорунун жогорку окуу жайлар менен тыгыз иштешкендиги ачылыш болду жана ушундай кереметтүү сапар тартуулаган Фондго терен ыраазычылык билдирем, Сиздердин алгылыктуу иштериниздерге таазим!»


Нарын облусунун Жумгал району Лама бала бакчасынын директору Шаршекеева Калиман: «Бул иш чара мен үчүн абдан кызыктуу жана таасирдүү болду. Алгач Токтогул суу сактагычынын, Суусамыр жайлоосунун мелмилдеген ажайып кооздугу таасирлентти. Кызыл-Үнкүр жайлоо ѳнүгүү борборунун Кичи Кең Кол жайлоосундагы жана Кара-Булак эс алуу жайындагы Ѳнүгүү борборлорунун иши менен таанышып, балдар үчүн мастер класс ѳткѳрүп, ата-энелердин чыгармачылыгына күбѳ болдук. Бул жайлоодогу шаркыратмага барып эс алдык. Ал эми №42 «Нурайым» бала бакчасынын балдары бакча ачылганына эки гана ай болгондугуна карабастан, бардыгы дилгирленип, сабактардын темаларын жакшы ѳздѳштүрүп алышкандыгын Табият таануу сабагынан кѳрүп, музыка сабагында балдар менен бирге ырдап, балдардын күлкүсү жанырып турган жаны бала бакчага зор ийгиликтерди аркалашына биз абдан ынындык. Фонддун ишине ар дайым ийгилик каалайм!»


Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына караштуу «Эмгекчил келечеги» бала бакчасынын тарбиячысы Айдарова Айым: «Биздин бала бакча 2011-ж. тартып Ага Хан фондусунун колдоосу менен Жайлоо бала бакчасын уюштуруп иштеп келебиз. Акыркы 2 жылдан бери биздин бала бакча эки жерге Жайлоо ѳнүгүү борборун ачып иштеп келе жатабыз. Биздин Жайлоо ѳнүгүү борборубуз Уч-Чат деп аталып Уч-Чат ѳрѳѳнүндѳ июнь айында, ал эми июль айында Кѳк_Торпок жайлоосундагы Кѳшѳгѳ аймагында иштеп келебиз. Экинчи Ѳнугуу борборубуз Кара-Бук участогунда эс алуу жайында жайгашат. Мен Конок мугалим-2018 иш чарасына катышып кѳптѳгѳн ыкмаларды үйрѳндүм, мастер класстарды ѳткѳрүм, кесиптештерим менен баарлаштым. Түштүк жергесиндеги Ѳнүгүү борборлору абдан жогорку уюшкандыкта иш жүргүзүп жаткандыгы, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондунун дем-күч бергендигинде экендигин кѳрѳ алдым. Ажике жайлоосундагы Сары-Булак айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Тегерек-Саз айылынын Борош Шатиев атындагы бала бакчанын жетекчиси Кулмурзаева Уулкан эки жерге Ѳнүгүү борборун ачып ийгиликтүү иштеп жатаптыр. Негизинен бул айыл ѳкмѳтү 5 Ѳнүгүү борборун жергиликтүү айыл аксакалдары, активисттер жана ата-энелер менен биргеликте ачып, иш алып баргандыгы таасирлентти. Фонд тарабынан берилген оюнчуктар, китептерди кѳрүп балдар, ата-энелер, тарбиячылар кубанычтары чексиз экенин бѳлүштү жок . Балдар билимге суусап турандыгын кѳрүп кубандам. Мен үчүн тажрыйба алмашуу абдан пайдалуу болду жана Шербаева Жыпаранын мастер класстары, билим берүү ыкмалары ошондой эле, Абдыраимакунова Чынаранын жетекси катары иш билгилиги мага чоң дем берди жана шыктандырды десем жанылышпайм. Фондго жана жайлоодогу ата-энелердин меймандостугуна терең ыраазычылык билдирем!»


Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында «Роза Омуракунова» атындагы бала бакчанын жетекчиси Апышева Дилбар: «Мен 2011-жылдан тартып Жайлоо ѳнүгүү борборун Ага Хан фондусунун колдоосу менен ачып, алгач кѳп кыйынчылыктарга туш болуп, Эки Оттук капчыгайында уюштурганбыз, ал тургай окутуу программасы да колубузда жок эле. Ал мезгилден бери Роза Отунбаеванын Фондунун кѳптѳгѳн окутууларына, тренингдерине катышып, бѳлүшүү методикалары, кѳрсѳтмѳ куралдар, китептер, оюнчуктар менен камсыз болуп, учурда Жайлоо ѳнүгүү борборунун иши жайлоогдогу малчылар үчүн, алардын балдарына ѳтѳ зор пайда алып келээрине мен эле эмес, биздин айылдын эли да ынанды жана абдан кутушуп, даярданышат. Мен үчүн бул тажрыйба алмашуу сапары чоң ачылыш жазады, түштүк аймактагы кесиптештеримдин иштеринен таасирленип, мен да жергиликтүү жамаат менен бирге мындан да кѳбүрѳѳк аракеттенип, бала бакчамды гүл бакчага айландырам деген тыянак чыгардым.


Ушундай зор ишке кубат берип, шыктандырып жаткан Роза Исаковнага , Фонддун кызматкерлери: Догдургул Шаршеевнага, Арстанга, Чынара Тургунбековнага, Асылбекке ыраазычылык билдирем, таазим кылам! Ушундай иш чаралар тажрыйба алмашуу гана эмес, эл, жер менен, алардын маданияты, салты менен таанышуу жана пайдалуу маалымат алуу менен дагы чон дем берип шыктандырды . Менин кызым Мамбетаитова Айперинин Р.Отунбаевага арнаган ыры:


Кан тѳгүлүп, кыйын кырдаал түшкѳн кезде кыргызга,

Келечек турган кезде кылдын учу кырында,

Канайымы болуш эрдик чынында.

Бѳбѳктѳргѳ бейпил жашоо тартуулап,

Билек туруп, жан аябай чапкылап,

Биргелешип Фонд жана АгаХан,

Баштап келет жакшы долбоор, чоң максат.

Айымдардан Президенттин туңгучу,

Роза эже мамлекеттин үлгүсү,

Балдар үчүн бардык күчүн жумшаган,

Жакшы идея, демилгенин уңгусу!». 


Акыркы жаңылыктар

24.09.2018

«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналат. “Жолдогу сентябрь” деп аталган бул поэзия кечеси 2018-жылдын ...
23.09.2018

Бишкекте «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китбинин презентациясы өттү

22-сентябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китебинин презентациясы өттү.   Бул Кыргызстандын жети региону, биологиялык ар түрдүүлүгү жана ажайып жерлери жөнүндө таанып-билүүчү жөн гана китеп эмес, бул – балдар үчүн саякат аңгеме түрүндө кызыктуу жана түшүнүктүү жазылган чыныгы энциклопедия. Кең-кесири карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып ...
21.09.2018

Экс-президент Роза Отунбаева «Jashtyk: Жаңы идеялардын аймагы» эл аралык лагерь форумунун катышуучулары менен жолугушту

Экс-президент Роза Отунбаева «Jashtyk: Жаңы идеялардын аймагы» эл аралык лагерь форумунун катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын бардык региондорунан, ошондой эле Казакстандан жана Өзбекстандан келген 200 улан-кыз катышты.   Дискуссиялык аянтчада экс-президент жаштар менен гендердик теңчилик маселелерин талкуулады, ошондой эле азыркы дүйнөдөгү жаштар үчүн зарыл жөндөмдөр жөнүндө айтып берди.   Улан-кыздар диалогго жигердүү ...
15.09.2018

Эл аралык уюм экс-президент Роза Отунбаеваны дүйнөлүк сыйлыкка көрсөттү

“Search for Common Ground” ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") эл аралык бейөкмөт уюму Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны “Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.   Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө Отунбаевага бул сыйлык көп түрдүүлүккө, маданиятка жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү менен өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылары жазылган.   “Роза Отунбаева 2010-жылы ...
13.09.2018

Р.И. Отунбаеванын Ош жана Баткен облустарына болгон сапары

2018 жылдын 10 - сентябрында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Ош Мамлекеттик университетинин жана Ош Гуманитардык Педагогикалык Институтунун окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери, “Эрайым” коомдук бирикмесинин, Кыргызстандагы “Энактус”, эң жигердүү, демилгелүү студенттер уюмунун, “СТЕМде кыз келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун ...
10.09.2018

III Республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы тасмаларды кабыл алуусун жарыялайт

III Республикалык  «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы тасмаларды кабыл алуусун жарыялайт   Кинофестивалга кинематографияга кызыккан 7 жаштан – 17 жашка чейинки мектеп окуучулардын бардыгы катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго,10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек. Кинофестивалга катышууга сунушталып жаткан даяр тасма төмөндөгү форматтардын биринде болуусу зарыл (mov, mp4, m4v, mpeg). Ар түркүн ...
07.09.2018

Үстүбүздөгү жылдын 10-12-сентябрь күндөрү Р.И. Отунбаева Ош жана Баткен облустарынын Жогорку окуу жайларында кездешүүлөрдү өткөрөт

Кыргыз Республикасынын экс-Президентинин бул сапары билим берүү жана маданий багыттагы бир канча иш чараларга катышууга жана маанилүү жолугушууларга арналып жатат. Cапар учурунда Р.Отунбаева Ош Мамлекеттик университетинде ардактуу профессор катары окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери менен жолугушат,аларга билим берүү тармагынын дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөрү жөнүндө лекция окуйт. Университеттеги акыркы жылдары ...
30.08.2018

«Климаттык кутучанын мектептер үчүн натыйжалуулугу» тренингинин экинчи күнүнүн фотоотчету

Жаңы окуу жылынын алдында Бишкек шаарынын биология, химия, география жана экология боюнча 200дөн ашык мугалими борбор шаарда 28-29-августта «Климаттык кутучаны» Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу процессине интеграциялоо» тренингинде жолугушту, ал жерде окуу-оюн куралын пайдалануунун натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешти.
29.08.2018

«Климаттык кутучанын мектептер үчүн натыйжалуулугу» тренингинин биринчи күнүнүн фотоотчету

Жаңы окуу жылынын алдында Бишкек шаарынын биология, химия, география жана экология боюнча 200дөн ашык мугалими борбор шаарда 28-29-августта «Климаттык кутучаны» Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу процессине интеграциялоо» тренингинде жолугушту, ал жерде окуу-оюн куралын пайдалануунун натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешти.
28.08.2018

Жаңы окуу жылынын алдында педагогдор «Климаттык кутучанын мектептер үчүн натыйжалуулугун» талкуулады

Азыркы коом дайыма үзгүлтүксүз өнүгүү жана өзгөрүү жолунда турат. Мындай коомдо билим берүү тутуму да коом, ата-энелер жана балдар тарабынан суроо-талаптарга шайкеш келүү үчүн өзгөрүп жана өркүндөп турууга тийиш. 2-11 класстардын окуучуларына арналган «Климаттык кутуча» окуу-оюн материалдарынын комплекти азыркы учурдун жана билим берүү тутумунун маселелерине жооп берген ушундай ыкмалардын бири болуп калды.   Жаңы окуу жылынын алдында Бишкек ...
27.08.2018

Борбордо «Мугалимдерге климаттын өзгөрүшү жөнүндө» тренинги өтөт

28-29-августта Бишкек шаарында борбордогу мектептердин табигый илимдер мугалимдери үчүн «Климаттык кутучаны» Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу процессине интеграциялоо» темасына кыргыз жана орус тилдеринде тренингдер өтөт.   «Климаттык кутуча» – бул «Климаттын өзгөрүшү» темасы боюнча, бүтүндөй алганда, климаттын өзгөрүшүнүн курчап турган чөйрөгө таасири жөнүндө жаштардын жана коомчулуктун маалымдар болушун ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Форум Мекендештер-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»