Пресс-центр Сүрөт галереясы

05.08.2017

Кыз энесин карап өсөт

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде демейдегиден башкача «Кыз-эне же Мурас боюнча көркөм өнөр» көргөзмөсү ачылды.

 

Анын кайталангыстыгы экспозицияда 22 чыгармачыл үй-бүлөнүн жана династиянын эмгектери сунуш кылынган. Элде жамандан жаан чыгат, жакшыдан мөөн чыгат деген сөз бар. Бирок кыргыздардын элдик өнөрүндө кылымдардан бери энеси билген өнөрүнүн баарын кызына үйрөтөт. Адегенде кыз энеси эмне кылып жатканын байкап гана турат. Баласы кызыгып жатканын байкаган энеси ага адегенде анча татаал эмес нерселерди өзү жасап көрүшүнө мүмкүндүк берет. Бирок көп өтпөй экөө биргелешип жасап баштайт, буга көргөзмөгө келгендер өз көзү менен көрүп ынана алат.

 

Иш-чараны уюштургандар алдына муундардын жөн гана жолун жолдоочулугун көрсөтүү максатын койгон эмес. Маңыз жана милдет башкада – элдин руханий маданиятын сактоочу катары аялдын талашкыс ролун баса көрсөтүү. Өлкө бүгүнкү күндө татаал мезгилди башынан өткөрүп, ар түрдүү оорчулуктарды кечирип жатат, бирок ошого карабастан колу уз кыз-келиндердин чыгармачылыгы, алардын күч-аракеттери жана салттуу кол өнөрчүлүктү кайрадан жаратуу, оймо-чиймелүү кийиш-шырдактарды, боз үйдүн жасалгаларын даңазалоо боюнча эмгеги ошончолук маанилүү. Көргөзмөнүн катышуучуларынын курагы да символикалуу экенин белгилебей коюуга болбойт: тогуз жаштан токсон жашка чейинкилер.

 

Экспозициянын көрүүчүлөрүнө сунуш кылынгандар – живопись, графика, колдонмо көркөм өнөр, фэшн-дизайн.Көргөзмөнү ачып жатып, КР экс-Президенти, Эл аралык коомдук фонддун башчысы Роза Отунбаева:алар дүйнөлүк конкурстарда жана көргөзмөлөрдө Кыргызстанды даңазалайт, алардын иштери дүйнөнүн музейлеринин коллекцияларында турат, алардын көпчүлүгү ЮНЕСКОнун белгиси менен белгиленген, деп баса белгиледи.

 

Кызыл тасманы кесүүнүн алдында модельерлер Жумагүл Сариевадан, Бурул Мамбетовадан, Алтынай Осмоеваданжана Айдай Асангуловадан көрсөтүүлөр сунуш кылынды. Көргөзмөнүн катышуучуларынын арасында – кыргыздын кесипкөй колдонмо көркөм өнөрүнүн башатында тургандар Шакен Мамбетаипова сүрөтчү кызы Дамира Касаболотова менен, дизайнер Татьяна ВоротниковакызыПолинаменен, ал да дизайнер.МодельерФарзана Шаршембиева – Sevensisterбрэндинин негиздөөчүсү, бешинчи же алтынчы муундагы уз. Ага эмгектерди түзүүдө алты кыз бир тууганы жана эки кызы жардам берет, алардын кичүүсү болгон 16 жашта.

 

Көргөзмөнүн концепциясынын автору – ЮНЕСКОнунматериалдык эмес маданий мурас боюнчаэл аралык экспертиДинара Чочунбаева – экспозицияда кызы – жогоруда эске алынган Алтынай Осмоева жана бир тууганынын кызы, Лондондогу көркөм өнөр мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Чочунбаеваменен. Айдай моюн орогучтарды жана кийиз менен жибектен башка буюмдарды жасайт. Ал эми бардык үчөөнүн насаатчысы Кокен-апа, Динаранын энеси.

 

- Мага дайыма биздин жомоктогудай жаратылышыбыз шык берет, анда бардыгы даяр, - деп мойнуна алат Айдай Асангулова. – Карап көрүп пейзажды элестетип, акыл-ойду чабыттатам. Ана бардыгы даяр болот...

 

Бул таланттуу уз айымдын кызы болгону тогуз жашта, бирок Акылай сүрөт тартканды, ар түрдүү материалдардан буюмдарды жасаганды жана, албетте, сүрөтчү болгонду жакшы көрөт.

 

График сүрөтчү АннаШубинанынкызы ЮлияТкачеванын иши турган стенддин жанынан көңүлкош өтүп кетүү мүмкүн эмес. Ачык гүлдөрү бар ваза (жүн) өзүнө көңүл буруп, кое бербей, чындыгында эле «Жазгы маанайды» марттык менен тартуулайт.

 

Бөзгө, сатинге, баркытка жана льенго сайма саюу, түркүн түстүү килемдер, залдар басып жүргөн манекен кыздардын сапаты, идеясы жана аткарылышы боюнча эң сонун кийимдери, живопистүү кездемелер жана демейдегиден башкача материалдардан жасалган айкелдер – «Кыздар - энелер» көргөзмөсүндө сунуш кылынган ушулардын бардыгы Кыргызстан аялдарынын ар бир келүүчүгө түбөлүктүү сулуулук, бийик дөөлөттөр жана жан-дүйнөнүн күчү жөнүндө табышмактуу кайрылуусу.

 

Тамара НЕШКУМАЙ.

"Слово Кыргызстана"

Владимира ПАРХОМЕНКОнун фотосу («Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду) жана АКИpress.

 

Акыркы жаңылыктар

10.10.2017

Тогузунчу «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясы

7-октябрда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) кызматкерлери, № 94 лицейдин өкүлдөрү жана № 39 гимназия-мектебинин окуучулары "ТазаБИШ" (таза Бишкек) эко-акциясына катышты.   Экологиялык ишембиликти өткөрүү орду бекеринен тандап алынган жок. Ботаникалык бакча – шаардыктардын жана борбордун меймандарынын ...
06.10.2017

«Поэзия кечеси» долбоорунун алкагында жолугушуулардын жаңы сериясы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ борбордун тургундарына жана меймандарына ушунчалык жагып калган «Поэзия кечелерин» уюштурууну жана өткөрүүнү быйылкы жылы улантат.      2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын майына чейин бардык каалагандарды төмөнкүдөй сүйүктүү акындар жана жаш авторлор менен жолугушуулар күтөт:   26-октябрь – Токтосун Самудинов ноябрь - ВячеславШаповаловдун мааракелик кечеси 15-декабрь – ЖеңишкүлӨзүбекова жана ...
06.10.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: 3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда Кайда: Бишкек шаарынын № 2, 8, 68, 13, 40, 42, 44, 47 жана 50 мектептери «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун «Жаш ...
04.10.2017

Күзгү «ТазаБИШ» эко-акциясы

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкектин экологиясына көңүлкош болбогон бардык жарандарды, волонтерлорду жана ыктыярдууларды шаардын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясына катышууга чакырат.   Акция 7-октябрда саат 10:00дө Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн ...
04.10.2017

Мугалим күнү менен!

Урматтуу педагогдор! Мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалим күнү кайрадан эшикти каккылап жатат! Мугалим бардык мезгилдерде аны аздектөө үчүн үлгү, интеллигенттүүлүктүн, бийик адептик сапаттардын үлгүсү болгон. Силердин эмгегиңерге эң бийик талаптар коюлат, ал эми азыркы дүйнөдө силердин ролуңарга баа бербей коюуга болбойт. Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана көрүнөөрүндө турат, ал эми ...
03.10.2017

Р.Отунбаева «РухЭштин» тушоосун кести

2017-жылдын 1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында болуп өткөн “РухЭш” сайтынын жана Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебинин бет ачаарында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева аталган сайттын тушоосун кесип, “РухЭштин “ коомдогу маданий агартуучулук ролуна токтолду, анын ишмердигин карды жарып чыккан эдельвейс гүлүнө салыштырды. ...
28.09.2017

Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.   «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы ...
25.09.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Жайлоо өнүгүү борборлору - 2017» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу

Урматтуу “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” күйөрмандары ошентип 2017-жылында аймактардагы «Жайлооөнүгүү борболорлорунун ишмердүүлүгү аяктады. Бул жылы Республика боюнча токсон сегиз “Жайлоо өнүгүү борборлору” иш алып барды. Жайлоо өнүгүү борборуна камтылган балдардын жалпы саны - 3054. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы балдардын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу максатында “Жайлоо бала бакчалары” долбоору 2014-жылы ишке киргенден бери төрт жылдын ичинде 9000 ден ...
21.09.2017

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз! Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат. Сайттын бир ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»