Пресс-центр Сүрөт галереясы

18.05.2018

Кыргызстанда «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук Форуму ишин аяктады

«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 15-16-майында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» биринчи Улуттук Форуму ишин аяктады.

 

Иш-чара Кыргызстандын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө өттү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, Вице-премъер-министр Алтынай Омурбекова, КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Исакунова, Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, КР Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин өкүлдөрү, областтык методикалык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, ЮНИСЕФтин Женевадагы региондук офисинин эрте өнүктүрүү боюнча жетектөөчү кеңешчиси Дипа Гровер, ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү Юкиэ Мокуо, АКДНдин башчысы Шамш Кассим Лакка, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, ата-энелер ассоциацияларынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, Форумга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр, АКШдан, Улуу Британиядан, Австриядан жана Түркиядан келген эксперттер катышты. Бардыгы болуп жолугушууга 400гө жакын адам катышты.

 

Иш-чараны ачып жатып КР экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын негиздөөчүсү Роза Отунбаева балдардын 24%ы гана мектепке чейинки мекемелерге барат деп билдирди.

 

«Бирок кантсе да соңку 5 жылда республикабызда көп нерселер жасалганын белгилеп кетүү керек. Мисалы, биздин фонддун ишинде балдарды эрте өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биздин уюмдун көмөктөшүүсү менен региондордо жайлоодогу өнүктүрүү борборлору түзүлдү. Эң маанилүүсү – биз ошондой эле ата-энелер менен иш алып барып жатабыз. Жыл сайын жайкысын 100гө жакын ушундай борборлорду ачабыз.

 

Адамдык ресурсту өнүктүрүүдө кенже курактагы балдарды сапаттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыт болууга тийиш. Бул маселе өнүктүрүүнүн бардык мамлекеттик программаларына киргизилүүгө тийиш. Тилекке каршы, бул багытта мамлекет жападан жалгыз иштей албайт. Коомчулук, бизнес-структуралар жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдар көмөк көрсөтүүгө тийиш», – деп айтты Р.Отунбаева.

 

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева өзүнүн баяндамасында соңку жылдары мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына басым жасады.

 

«Бул балдардын көп төрөлүп жатканы жана социалдык аспекттер менен байланышкан. Мисалы, дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндөгү көп сандаган изилдөөлөр буларды көрсөтүп турат: балдарды эрте өнүктүрүүгө жана мектепке чейинки билим берүүгө салым узак мөөнөттүү социалдык жана билим берүү натыйжаларынын көз карашынан алганда алда канча майнаптуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 24%га жакынды түзөт», - деп айтты министр.

 

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо балдарга инвестициялар өтө маанилүү деп билдирди.

 

«Кыргызстанда 2 миллионго жакын бала бар, бул калктын дээрлик 40%ын түзөт. Балдарды эрте өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар болжол менен 7 доллардык киреше берет. Бул кайтарым билим берүү жана саламаттык сактоо жагындагы жакшыртуулардын, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен алынат. Ал ошондой эле чоң кишилер калкынын ар жылдагы жекече кирешесин дээрлик 25 пайызга көбөйтө алат», - деп айтты ал.

 

Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Тажикстандын мугалимдери менен тарбиячылары Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНИСЕФ уюштурган тынчтыкты жаратуу жана эрте өнүктүрүү боюнча тренингден өттү. Педагогдордун компетенттүүлүгүн кеңейтүү үчүн Түндүк Ирландиядан жана Улуу Британиядан келген «EarlyYears» машыктыруучулары балдарда жана ата-энелерде тынчтыкты жаратуу аң-сезимин калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн окутуу методдоруна үйрөттү. Бул Борбордук Азияда тынчтыкты жаратуу процессин чыңдоо максатында кенже жана мектепке чейинки балдардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат.

 

«Балдарды эрте өнүктүрүү биз Кыргызстанда он жылдан ашык мурда ишке ашыра баштаган алгачкы программалардын бири болучу. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакында кабыл алган «Биримдик, Ишеним жана Гүлдөп өнүгүү» программасын колдойбуз, ал балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт», - деп белгиледи өз сөзүндө АКДНдин Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык Өкүлү д-р Шамш Кассим-Лакха.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өзөктүү маселелерди талкуулады жана эрте өнүктүрүүнүн жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүү үчүн Сектор аралык кызматташтык тармагын түзүү жөнүндө Стратегиялык пландын долбоорун кабыл алды.

 

Ошондой эле резолюциянын долбоору кабыл алынды, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жөнөтүлөт.

 

Акыркы жаңылыктар

22.10.2018

Пост-релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында таанымал акын, журналист КР Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судьясы Жедигер Саалаевдин “Ыймандай сыр” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акын Ж.Саалаев поэзия күйөрмандарына өзүнүн Мекен, атуулдук жана философиялык темалардагы “Жайлоо жана ыр”,”Мен-кыргызмын”, “Алтын күз”, “Бейит башындагы ыймандай сыр”, “Биз дүйнөгө эмне ...
19.10.2018

Экс-Президент Р.Отунбаева Лиссабондо «Биргелешкен коомдо билим берүү жагынан саясатты иштеп чыгуу боюнча диалогдор» форумунун ишине катышты

Экс-Президент Р.Отунбаева 16-17-октябрда Лиссабондо, Португалия, Мадрид Клубу уюштурган «Биргелешкен коомдо билим берүү жагынан саясатты иштеп чыгуу боюнча диалогдор (shared society)» форумунун ишине катышты. Диалогдун көңүлүнүн борборунда качкындардын, мигранттардын жана убактылуу көчкөн адамдардын билим алуусунун көйгөйлөрү, жаштарда зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу, анын ичинде санариптик сабаттуулук аркылуу алдын алуу көйгөйлөрү турду.   Р.И. Отунбаева ...
15.10.2018

Пресс релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын , журналист Жедигер Саалаевдин чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
11.10.2018

Кор кылба элим кызыңды.

05.10.2018

Сузак районунун тургундарын ар түрдүү азыктардан тамак жасоого үйрөтүштү

«Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну жана аны жактоону арттыруу» долбоорунун алкагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш, Сафаровка, Октябрь айылдарында улуттук ашкананын 25 тамак-ашын жасоо боюнча иш (мастер-класс) жүргүзүлдү.   Белгилеп кетели, 25 бенефициарийдин ортосунда туура тамактануу боюнча мурда иштелип чыккан ...
05.10.2018

«Ак-Ордодогу»

2018-жылдын 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду , ЮНФПА жана Тынчтыкты куруу фонду тарабынан “Акындар Бишкек шаарынын жаңы конуштарында тынчтык, биримдик үчүн” деген аталыштагы иш чара уюштурду. Аталган иш чара бул конуштагы №96 жаңы мектептин чоң залында өтүп, ага кыргыз элине таанымал акындар Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев, ...
04.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести       1-3-октябрь - "25 салттуу тамак" рецепттер китебин даярдоо Кайда: Жалал-Абад областы, Сузак району Иштелип чыккан салттуу тамактарды даярдоо боюнча Сузак районундагы (Сафаровка, Багыш, Октябрь) 25 бенефициар менен иштөө. Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)     4-октябрь - Турак-жай конуштарынын тургундары менен жолугушуу ...
04.10.2018

Отунбаева: Ысык-Көл форумунун актуалдуулугу азыр да курч

4-октябрда “Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III эл аралык Ысык-Көл форуму башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери келе жаткан Ысык-Көл форумунун негизги мааниси тууралуу экс-президент Роза Отунбаева менен маектештик. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.   — ...
03.10.2018

Отунбаева: «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор

«Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Маалыматка ылайык, эртең «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу III эл аралык жыйыны башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Роза ...
01.10.2018

«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 28-сентябрь күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Т.Сатылганов атныдагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналган “Жолдогу сентябрь” поэзия кечесин өткөрдү. Азыркы учурда Москвада жашап, эмгектенген акын кыздар Н.Гургубаева жана ...
26.09.2018

Мектепке чейинки мекемелердин методисттери жана тарбиячылары үчүн «Балдардын ишмердигинин бардык түрлөрү аркылуу экологиялык тарбиялоо» тренинги өттү

Өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы өзгөчө роль ойнойт. Балдарыбыздын келечеги анын көз карашына, маалыматты берип, балдарды шыктандыра алышына, эмгекке үйрөтө билишине байланыштуу.   Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Методикалык кеңеши «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Кор кылба элим кызыңды

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»