Пресс-центр Сүрөт галереясы

26.02.2018

КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын катышуусу менен №86 орто мектепте «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында иш-чара болуп өттү

Бүгүн Калыс-Ордо турак-жай конушундагы№86орто мектепте «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында кезектеги иш-чара болуп өттү. Иш-чарага КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И.Отунбаева катышты.

 

120дан ашык ата-эне жана 150 бала, Биринчи Май райондук башкармалыктын директору А.О.Исмаилов жана МТУнун өкүлдөрү, кварталдык комитеттер жана ата-энелер комитеттери катышты.

 

Мектепке чейинки наристелер, МЦРтренингдерине жана «Шер бала» энелер мектебине барып жүргөн балдар иш-чараны Фонддун уюштуруучусу Р.И.Отунбаеваны куттуктоо жана «Апам жакшы баарынан» арноо ыры менен ачты.

 

Бүгүнкү тренингдин темасы «Жол кыймылынын коопсуздугу». Спектакль аркылуу балдарга жол кыймылын сактоо боюнча негизги эрежелерди, билимлерди жана жөндөмдөрдү берүү максатында М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры чакырылды. Алар А.Богачевдун «Шайыр светофор» спектаклин көрсөттү. Бул жол кыймылынын эрежелери жөнүндө сабак болуучу окуя. Кандай жол белгилери бар, алар эмнени билдирет, ал эмиэң башкысы, аларды кантип туура түшүнүү керек жана жолдон кантип өтүү керек, ушулардын бардыгы жөнүндө шайыр светофор айтып берди. Спектакль интерактивдүү элементтери менен болду, мында балдарга суроолор берилди, аларга балдар жооп берди. Спектаклдин оюн коюучу режиссеру – Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Б.Ходырев, композитор А.Михайлов, сүрөтчүА.Степанов. СпектаклдеартисттерГ.Эркимбаева, Г.Талканбаев,Э.Керимкулова, А.Байбеков, А.Дүйшөнбаева, С.Качкынбековжана башкалар оюн аткарат.

 

№86 орто мектептин директору С.А.Колбаева Фонддун ийгиликтүү өнөктөрүнөн турган, курамында өзү да болгон делегациянын Түркияга сапарынын натыйжалары жөнүндө презентация жасады. Түркиядагыбалдар билим берүү борборлорунун, балдар өнүктүрүү борборлорунун жана балдар бакчаларынын фото материалдары презентацияланды жана көрсөтүлдү. Стамбулда ата-энелер жана чоң ата, чоң энелер менен биргелешкен балдар уюмдарын түзүү жөнүндө, ошондой эле экологиялык жана биологиялык участокторду кантип жасай тургандыгы, майда моториканы өнүктүрүү боюнча сабактарды өткөрүү жөнүндө кызыктуу аңгеме айтылды. Презентация иш-чарага катышкан ата-энелер арасында зор кызыгууну пайда кылды. Кол өнөрчүлүк боюнча Чоң энелер клубунун баштапкы иши презентацияланды.

 

Бул жолу ата-энелердин өздөрү – энелер менен мастер-класстар өткөрүлдү. С.Алымкулова кыргыз элдик оюндары аркылуу математикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүү боюнча мастер-классты өткөрдү (бул сабакты ушул жылдын февралынын ортосунда Ч.Айтматов атындагы Эл аралык академиянын академиги, РФнын академиги, профессор, педагогикалык илимдердин доктору.Т.Э.Уметов өткөргөн),С.Батыркулова, И.Исраилова бешик ырын аткарды, аларды аудитория кызуу колдоду.

 

Өз сөзүндө Р.И.Отунбаева балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн, ата-энелер менен биргелешип окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана жаш энелерге ийгиликтүү баланы өстүрүү үчүн өздөрү дайыма өнүгүүгө тийиш деген насаатын айтты. Ошондой эле балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы жөнүндө, Фонд чыгарып жаткан китептер жөнүндө жана эртелеп өнүктүрүү маселелери боюнча ата-энелердин жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуукенже курактагы балдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жөнүндө айтып берди. Баланы эртелеп өнүктүрүүнүн маселелерине, өнүгүү боюнча балдар борборлорунун альтернативдүү моделдерин түзүүгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырды.

 

«Өнүктүрүүнүн мобилдүү борборунун» алкагында жүргүзүп жаткан иши үчүн, ар кандай оорулардын алдын алуу маселелери, эненин ден соолугунун, репродуктивдүү ден соолуктун, туура тамактануунун жана иммуннопрофилактиканын маселелери боюнча өткөн жана ушул жылдагы кызыктуу тренингдери жана лекциялары үчүн ата-энелер Роза Исаковнага ыраазычылык билдирди жана ушул иш-чаралар жана МЦР тренингдери ата-энелердин көз карашын өзгөрттү, өзүнүн ден соолугуна жана баланын ден соолугуна карата, баланы өнүктүрүүгө жана тарбиялоого карата мамилелер бери болгондо 90%га өзгөрдү деп белгиледи.

 

№86 орто мектептин окутуучусу, Көркөм сүрөт академиясынын бүтүрүүчүсү Н.Атабеков өзүнүн «Кыргыз пейзаждары» деген ишин Роза Отунбаевага көрсөттү.

 

Иш-чаранын аягында Фонддун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен үзүрлүү кызматташкандыгы үчүн М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын труппасына ыраазычылык катын тапшырды.

 

Волонтерлор Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунан келген волонтерлор болду.

 

Акыркы жаңылыктар

21.06.2018

Роза Отунбаеванын чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрпылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын чет жакта жашап. эмгектенип жүргөн мекендештерге видео-кайрылуусу
19.06.2018

Окутуучу жана өнүктүрүүчү материалдарды сатып алууда ТИКА «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен жардам берип жатат

Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) оюнчуктарды жана канцеляриялык товарларды сатып алууда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен колдоо көрсөтүп жатат. Быйылкы жылы ТИКА 1 163 800 сом суммасына колдоо көрсөттү. Бул каражаттарга бүткүл Республика боюнча 50 Жайлоо өнүгүү борборлору оюнчуктар жана канцеляриялык буюмдар менен камсыз ...
17.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 14-июнунда ...
13.06.2018

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо

Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт. Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат. Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, ...
12.06.2018

АКШнын КРдагы Элчилиги «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» кыргыз тилиндеги 1200 китепти тартуулады

АКШнын КРдагы Элчилиги жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдарды катары менен эки жылдан бери өзүнүн китептери менен кубандырууда. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен чыгарылган төрт аталыштагы жалпы саны 1200 нуска болгон китептерди АКШнын КРдагы Элчилиги «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна белекке берди. Китептердин аталыштары: Доктор Сьюз «Эртель ташбакасы», Жаклин Келли «Келпурнии ...
12.06.2018

Көңүл айтабыз

Ушул күндөрү балдар адабияты оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында таланттуу акын Асек Казиев дүйнө салды. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөн. Чыгармачылыкка жетилген курагында аралашса да балдарга , жаштарга арналган ырлардан турган 30 китепти жазып, жарыкка чыгарууга жетишкен. Анын “Жети-Өгүз кайрыктары» (2000),«Балбай баатырдын керээзи» (2003),«Сарногоевка салам кат» (2003),«Айтылбай калган ...
05.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» - чыгармачылык кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы. Кече ...
04.06.2018

Роза Отунбаева «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнө барды

«Асанбай» борборунун галереясында «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнүн ачылышы болду. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, ушундай иш-чараларды өткөрүү руханий жактан өсүүгө жана маданияттардын өз ара байышына түрткү болот деп белгиледи.   Көргөзмөдө ар кандай медиаларда иштеген үч сүрөтчүнүн иштери сунуш кылынган.   Сүрөтчүлөр Грузиянын маданиятынын байлыгын жана назиктигин чагылдырып турат. Нино Кипшидзе ...
01.06.2018

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү. Иш-чарагаКыргыз Республикасынын ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»